Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №245
"Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долборунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Абу-Даби өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу Борбордук - Азиялык региондогу, ЦАРЭСтин демилгесинин чегинде, 6 (алты) приоритеттүү жана конкурентке жөндөмдүү транспорттук коридорлордун бири катары аныкталган.
2009-жылдын октябрындагы тегерек столдун жүрүшүндө Араб Координациялык Тобунун катышуусу менен макулдашуу Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун 272-365 чакырымын каржылоо 72,35 млн. доллар АКШ сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Араб Координациялык Тобунун кредиттик каражаттары 5 каржылоо булактан бөлүнөт, булар Ислам Өнүктүрүү Банкы 23,4% түзөт жалпы каржылоо боюнча, Сауд Өнүктүрүү Фонду 20,8%, Араб Экономикасын Өнүктүрүү Кувейт Фонду 16,4%, ОПЕК 10,2%, Абу-Даби Өнүктүрүү Фонду 20,8% жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаты 8,4% түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу 6.10.2010-ж. № 135 Кыргыз Республикасынын декрети менен ратификацияланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары менен 07.02.2011-ж. № 23-б, 03.05.2011-ж. № 153-б, 03.05.2011-ж. № 154-б, жана 19.05.2011-ж. № 179-б ОПЕК Эл Аралык Өнүктүрүү Фондунун, Сауд Өнүктүрүү Фондунун, Араб Экономикасын Өнүктүрүү Кувейт Фонду жана Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун кредиттик макулдашуулары жактырылган.
Австриянын Вена шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 6.09.2011-ж. № 534 жактырылды.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 7 жана 13-сентябрында Араб Экономикасын Өнүктүрүү Кувейт Фонду менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун Кредиттик макулдашууларына кол коюлган.
Азыркы учурда Кредиттерди ратификациялоо боюнча процедуралар жүрүп жатат.
Абу-Даби өнүктүрүү фондунун Кредиттик макулдашуусуна 2012-жылдын 8-февралында Бишкекте кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби Өнүктүрүү Фонду ортосундагы Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык 15.0 млн. АКШ. долл. өлчөмүндө кредит берүүдө, кредиттин төлөө убактысы 15 жыл, 5 жылдык жеңилдик менен, жылдык 2%.
Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун акча каражаттары Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун абалын жакшыртуу, жер жумуштарын жүргүзүү, асфальттоо, дренаж иштери жана көпүрөлөрдү реконструкциялоо үчүн пайдаланылат.
Техникалык көрсөткүчтөр боюнча жол эки тилке кыймылдан турат, негизинен эни 7 м, бирок кээ бир жерлерде жолдун эндүүлүгү 10,5 м-ге жетет, 2,5 м каптал жактары менен. Жолдун бул участогунда сунушталуучу техникалык категория III.
Долбоор кароого жана бекитүүгө киргизилет.
Министр | К.Султанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу боюнча төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу ЦАРЭСтин демилгесинин алкагында Борбордук Азия регионундагы 6 (алты) артыкчылыктуу транспорт коридорунун бири катары аныкталган.
Бул автожолдун жалпы узундугу 539 км түзөт.
2009-жылдын октябрында Араб Координациялык тобунун (АКТ) катышуусу менен болгон "тегерек столдун" жүрүшүндө Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 км участкасын реабилитациялоону 72,35 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржылоого карата макулдашууга жетишилген.
Араб Координациялык тобу Сауд өнүктүрүү фондун (СӨФ), Араб Экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондун (АЭӨКФ), Абу-Даби өнүктүрүү фондун (АДӨФ), Эл аралык өнүктүрүү фондун (ОПЕК) жана Ислам өнүктүрүү банкын (ИӨБ) бириктирет.
272-365 км участкасын реабилитациялоого АКТнын кредиттик каражаты 66,2 млн. АКШ доллары жалпы суммасына 5 каржылоо булагынан бөлүнөт, каржылоонун жалпы көлөмүнөн ИӨБ - 16,9 млн. АКШ доллары (23,4%), ОПЕК 7,4 млн. АКШ доллары (10,2%), СӨФ - 15,0 млн. АКШ доллары (20,8%), АЭӨКФ -11,9 млн. АКШ доллары (16,4%) жана АДӨФ - 15,0 млн. АКШ доллары (20,8%). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоо үлүшү 6,1 млн. АКШ долларын (8,4%) түзөт.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-октябрындагы № 135 Декрети менен Бишкек шаарында 2010-жылдын 4-августунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификацияланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-февралындагы № 23-б, 2011-жылдын 3-майындагы № 153-б, 2011-жылдын 3-майындагы № 154-б жана 2011-жылдын 19-майындагы № 179-б буйруктары менен тиешелүү түрдө ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду, Сауд өнүктүрүү фонду, Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен кредиттик макулдашуулар жактырылган.
2011-жылдын 9-июнунда Австриянын Вена шаарында Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган. Кредиттик макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 31-октябрындагы № 190 Мыйзамы менен ратификацияланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 739 жана 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 743 токтомдору менен тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам долбоорлору жактырылган:
- "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоору) ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу";
- "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык 15,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кредит берилет, 5 жылдык жеңилдик берилген мезгилди кошкондо карыз алуу мезгили - 15 жыл, пайыздык ставка - жылдык 2%.
Бул Кредиттик макулдашуу бекитилген мамлекеттик инвестициялардын программасына ылайык ратификациялоого киргизилет жана макулдашуунун шарттарына ылайык тындырылат, аны ратификациялоонун башка натыйжалары каралган эмес.
Абу-Даби өнүктүрүү фондунун каражаттары курулуш иштерине: жер иштерине, жол тилкесин кеңейтүүгө, асфальттоого, дренаж иштерине, көпүрөлөрдү ремонттоо жана курууга жумшалат.
Экономикалык пайдалар: автожолдордун техникалык абалын жогорулатуу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун региондук базарларына жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жолдо жүрүү убактысын кыскартуу, ташылуучу товарлардын өздүк наркын азайтуу, жолду жана автотранспорт каражаттарын күтүүгө сарптоолорду кыскартуу.
Кредиттик макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү төмөнкү 3 комитетинен жактыруу жол-жобосунан өткөнүн белгилейбиз:
- Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинен (Комитеттин 2011-жылдын 24-майындагы чечими);
- Бюджет жана финансы боюнча комитетинен (Комитеттин 2011-жылдын 25-апрелиндеги чечими);
- Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинен (Комитеттин 2011-жылдын 30-майындагы чечими).
Бул Кредиттик макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет.