Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №246
"Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн бажылык тариздөөгө жана бажылык коштоого жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө
Кытай экспорттук-импорттук банкы каржылоочу "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 239-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажылык тариздөөгө жыйымдарды төлөөдөн бошотуу менен, "Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдетилген кредит Келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорунун алкагында алып келинүүчү товарларды бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом 2011-жылдын 8-июлунан тартып (жогоруда аталган Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып) колдонулат.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |