Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели № 250
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 92, 47-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
47-беренесинин 6-бөлүгүндө:
"мамлекеттик билим берүү уюмдарына гана" деген сөздөр "мамлекеттик билим берүү уюмдарына, менчик мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирилсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Туруктуулук жана татыктуу жашоо" Программасын жүзөгө ашыруу боюнча 10 күнгө иш-чаралардын Планынын 49-пунктун аткаруу иретинде жеке билим берүүнү андан ары өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору даярдалган.
Муну менен бирге биздин министрлик жеке жогорку жана кесиптик орто билим берүү өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам биздин өлкөдө жетиштүү өнүгүүгө ээ болгондугуна негизденет.
Ошол эле учурда мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жагында жеке билим берүү уюмдарын көбөйтүү маселеси дале жакшыртууну талап кылат.
Мунун башкы себеби жеке билим берүү уюмдарына коюлган негизги талап - алардын өздөрүнүн имараттарынын жана оперативдүү башкаруудагы имараттарынын болушунда турган.
Дал ушул себептен улам өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүчү 691 уюмдун ичинен 38 уюм гана жеке менчик болуп саналат, аларга мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдын ичинен 2424 бала же 2,8% бала барат.
Жалпы билим берүүчү 2204 мектептин ичинен 60 мектеп гана жеке менчик болуп саналат, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын жалпы санынын ичинен 13670 окучу же 1,35% гана аларга барат.
Даярдалган ченемдик актылардын долбоорлору мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жагында жеке билим берүү уюмдарынын иштеши үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө багытталган.
Мыйзамдын долбооруна ылайык мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жеке уюмдарын ачууда имараттарды ижарага алууга уруксат кылынат, болбосо алардын өздөрүнүн менчик укугунда имараттарынын жана оперативдүү башкаруудагы имараттарынын болушу жеке мектептерди, балдар бакчаларын өнүктүрүүдө негизги тормоз болуп келген.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин соңку абзацына мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарына мурда аларга бекитип берилген же алар мамлекеттик менчиктен ажыратылган менчиктерди ижарага алууга артыкчылык укуктарын караган өзгөртүүлөр жеке билим берүүнү өнүктүрүү үчүн дем берүүчү фактор болуп саналат.
Министр | К.Садыков |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын │
│ │ киргизилип жаткан долбоорундагы │
│ │ сунушталган өзгөртүүлөр │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│47-статья. 6-абзац │47-статьянын 6-абзацы төмөнкүдөй │
│ │редакцияда баяндалсын: │
│"Мамлекеттик билим берүү уюмунун │ │
│имараттары жана курулмалары │"Мамлекеттик билим берүү │
│мамлекеттик билим берүү уюмуна │уюмдарынын имараттары жана │
│гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн.". │курулмалары мамлекеттик билим │
│ │берүү уюмуна, жеке менчик мектепке│
│ │чейинки жана мектептик билим │
│ │берүүчү уюмдарга өткөрүп берилиши │
│ │мүмкүн". │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 9-октябрындагы № 683 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 92, 47-б.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
47-беренесинин 6-бөлүгүндө:
"мамлекеттик билим берүү уюмдарына гана" деген сөздөр "мамлекеттик билим берүү уюмдарына, менчик мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирилсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын "Билим берүү" мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна жана "Кыргыз Республикасынын "Билим берүү" мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Туруктуулук жана татыктуу жашоо" Программасын жүзөгө ашыруу боюнча 10 күнгө иш-чаралардын Планынын 49-пунктун аткаруу иретинде жеке билим берүүнү андан ары өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору даярдалган.
Муну менен бирге биздин министрлик жеке жогорку жана кесиптик орто билим берүү өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам биздин өлкөдө жетиштүү өнүгүүгө ээ болгондугуна негизденет.
Ошол эле учурда мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жагында жеке билим берүү уюмдарын көбөйтүү маселеси дале жакшыртууну талап кылат.
Мунун башкы себеби жеке билим берүү уюмдарына коюлган негизги талап - алардын өздөрүнүн имараттарынын жана оперативдүү башкаруудагы имараттарынын болушунда турган.
Дал ушул себептен улам өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүчү 691 уюмдун ичинен 38 уюм гана жеке менчик болуп саналат, аларга мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдын ичинен 2424 бала же 2,8% бала барат.
Жалпы билим берүүчү 2204 мектептин ичинен 60 мектеп гана жеке менчик болуп саналат, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын жалпы санынын ичинен 13670 окучу же 1,35% гана аларга барат.
Даярдалган ченемдик актылардын долбоорлору мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жагында жеке билим берүү уюмдарынын иштеши үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө багытталган.
Мыйзамдын долбооруна ылайык мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жеке уюмдарын ачууда имараттарды ижарага алууга уруксат кылынат, болбосо алардын өздөрүнүн менчик укугунда имараттарынын жана оперативдүү башкаруудагы имараттарынын болушу жеке мектептерди, балдар бакчаларын өнүктүрүүдө негизги тормоз болуп келген.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин соңку абзацына мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарына мурда аларга бекитип берилген же алар мамлекеттик менчиктен ажыратылган менчиктерди ижарага алууга артыкчылык укуктарын караган өзгөртүүлөр жеке билим берүүнү өнүктүрүү үчүн дем берүүчү фактор болуп саналат.
Министр | К.Садыков |
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА