Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-апрели № 251
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан жер участогун "Централ Эйжа Тин Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан (мындан ары - Ак-Суу району) жалпы аянты 75 га жер участогун ижара келишиминин шарттарында "Трудовое" кенинин участогунда пайдалуу казылмаларды иштетүү үчүн "Централ Эйжа Тин Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Централ Эйжа Тин Компани" ЖЧКсы) берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик 2008-жылдын 12-декабрында берген № 1766 МЕ лицензиянын жарактуулук мөөнөтүнө пайдалуу казылмаларды иштетүү үчүн ижара шарттарында "Централ Эйжа Тин Компани" ЖЧКсына убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн айыл чарба жерлерин алып коюуга байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтирүүнүн наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын "Централ Эйжа Тин Компани" ЖЧКсынын төлөшүн;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участогуна "Централ Эйжа Тин Компани" ЖЧКсынын Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы менен ижара келишимин түзүүсүн;
регионду өнүктүрүү фондун түзүү менен Ак-Суу районун өнүктүрүү үчүн дүң кирешеден 1 (бир) проценттен кем эмес ай сайын которуп туруу жөнүндө "Централ Эйжа Тин Компани" ЖЧКсынын Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу түзүүсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |