Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-апрели №253
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Турак жай-жарандык курулуш үчүн жер участокторун комплекстүү даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Ала-Тоо Курулуш" МИ) түзүлсүн.
2. "Ала-Тоо Курулуш" МИнин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке учурдагы финансылык жылда "Ала-Тоо Курулуш" МИге атайын каражаттардын эсебинен анын материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн финансылык жардам көрсөтүүгө уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Ала-Тоо Курулуш" МИни зарыл болгон техникалык каражаттар менен камсыздоо боюнча сунушту бир айлык мөөнөттө киргизишсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө "Ала-Тоо Курулуш" МИни Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дарегиндеги администрациялык имаратка жайгаштырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жапа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте жана жергиликтүү кеңештин макулдугу менен бардык калктуу конуштарда турак жай-жарандык курулуш үчүн каралган жерлердин тизмесин аныктасын;
- көрсөтүлгөн жерлердин реестрин түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ "Ала-Тоо Курулуш" мамлекеттик ишканасы │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
".
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдык сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов
|