КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-октябры № 626
"Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашырын башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашырын башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашырын башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашырын башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгын Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|