Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 633
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин мекемесин жоюу жөнүндө
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун" органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин Ош шаары, Урицкий көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан № 41 түзөтүү мекемеси жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- түзөтүү мекемесинин персоналына жана финансылык-материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемени жоюуга байланышкан тийиштүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө чечиминин долбоорун киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|