Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-октябры № 635
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун № 53 мекемесин түзүү жөнүндө
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 174-үй дарегинде жайгашкан № 53 мекемеси (мындан ары - № 53 тергөө изолятору) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- № 10 мекемесинин камералык типтеги айып-изолятору бөлмөсү (мындан ары - АИЗО-КТБ) реконструкциялоо жүргүзүү менен жаңы түзүлүп жаткан № 53 тергөө изолятору балансына өткөрүлсүн;
- № 53 тергөө изоляторунун имараттарын жана аймагын Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында белгиленген ченемдерге жана талаптарга ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында белгиленген ченемдерге жана талаптарга ылайык № 10 мекеменин АИЗО-КТБ жаңы имараттары түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен финансылануучу 2012-жылдагы объекттердин тизмесин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына Жалал-Абад шаарындагы № 53 тергөө изоляторунун курулушуна каражат караштырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|