Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-октябры № 636
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж.,( № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
492-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Газ жана электр энергиясы үчүн акыны алдын ала төлөөчү картасы бар электрондук эсептегичти пайдалануу жолу менен же электр энергиясын жана газды бир айда орточо керектөөнүн эсебинде алдын ала төлөп коюу картасы менен да төлөөгө болот.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Электр энергияны жана газды керектөөчү акыны керектөө мезгилинде колдонулуп жаткан тарифтер боюнча, жеке эсептегичтин көрсөткүчүнө жараша календарлык айда бир жолу, же алдын ала төлөөчү картасы бар электрондук эсептегичти пайдалануу жолу менен, же контракттын шарттарына жараша электр энергиясын жана газды бир айда орточо керектөөнүн эсебинде алдын ала төлөп коюу жолу менен төлөйт.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|