Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 638
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган, 1979-1989-жылдары Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимин ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган, 1979-1989-жылдары Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечиминин 4-пунктунда каралган мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган, 1979-1989-жылдары Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган, 1979-1989-жылдары Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы аталган Чечимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|