Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 713
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын түзүү менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча айрым чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын куруу жана инфраструктурасын техникалык түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жер участкаларын беришсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын куруу (реконструкциялоо) боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга тартылган подряддык уюмдар төмөнкүлөрдөн бошотулушсун:
- өткөрүү пункттарын түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер бөлүп берүү менен байланышкан зыяндардын жана айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан;
- бөлүнгөн аймакты жашылдандыруу шартында, өткөрүү пункттары үчүн долбоордук участкаларды бөлүү тилкесинде жайгашкан бак-дарактарды жана бадалдарды кыйгандыгы үчүн зыяндын ордун толтуруудан;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын куруу (реконструкциялоо) долбоорлоруна экспертизанын мамлекеттик жана башка түрлөрүн жүргүзгөндүгү үчүн акы төлөөдөн;
- курулуш иштеринин жүрүшүнө мамлекеттик контролдоо жүргүзгөндүгү үчүн акы төлөөдөн.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын долбоорлоо жана куруу үчүн бөлүнгөн жер участкаларынын чегинде эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун бойлоруна соода павильондорун жана башка жайларды куруу үчүн жер участкаларын берүүнүн мыйзамдуулугун текшеришсин;
- жер участкаларын берүүдө тартип бузуулар аныкталган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгиленген тартипте мурда кабыл алынган чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтиришсин.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара жана бажы органдары менен иштерди координациялоо үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жумушчу топторду түзүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө, коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жана транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|