Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 715
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда (мындан ары - жазык-аткаруу тутуму) кызмат өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
Ушул Мыйзам жазык-аткаруу тутумунун аскер кызматчыларына колдонулбайт, таркатылбайт.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө
1. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө, бул мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда аныкталган максаттарды, милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп саналат.
2. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө мыйзамдуулук, инсан менен жарандын укуктарын сактоо жана урматтоо, гуманизм, ачыктык, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун тиешелүү органдарынын контролун болуусу жана отчет берип туруусу, кызмат тартиптерин сактоо, кызматы үчүн акыйкат сыйлануу, жөндөмдөрүн жана квалификациясын эске алуу менен кызмат ишинин натыйжалары боюнча кызматынан көтөрүлүү принциптеринде түзүлөт.
2-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери
1. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери болуп (мындан ары - кызматкерлер) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун башкаруу тутумунун штаттык кызматтарын ээлеген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары (мындан ары - мыйзамдар) белгиленген тартипте жазык-аткаруу тутумунун башкаруу тутумунун атайын наамдары берилген жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагында тургандар эсептелет.
2. Кызматкерлерге форма кийимдер, кызмат күбөлүктөрү жана жеке номурдагы жетондор берилет. Кызмат күбөлүктөрүнүн, жеке номурдагы жетондордун үлгүлөрү, ошондой эле аларды берүү тартиби жазык аткаруу тумумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Кызматкерлер форма кийимдеринин, кызмат күбөлүктөрүнүн, жеке номурдагы жетондорунун сакталышын камсыздоого милдеттүү. Алардын жоготуу кызмат тартибинин одоно бузулушу болуп эсептелет, күнөөлүүлөр бекитилген тартипте дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышат.
3-берене. Жазык-аткаруу тутумунун жумушчулары
1. Жазык-аткаруу тутумунун жумушчулары болуп кызматкерлер, аскер кызматчылары жана эркин жалдангандар саналат.
2. Жазык-аткаруу тутумунун ишин техникалык жактан камсыздоо максатында алардын штаттык расписаниесинде эркин жалданган жумушчулардын (жумушчулар менен кызматчылар) тиешелүү кызмат орундары каралат. Көрсөтүлгөн кызматтардын тизмеси жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
3. Эркин жалданган курамдык эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (мындан ары - Эмгек кодекси) тарабынан жөнгө салынат.
4-берене. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөөнүн укуктук негизи
Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөөнүн укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары, жазык-аткаруу тутумунун ведомстволук актылары эсептелет.
5-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кызматтык милдеттери жана укуктары
1. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкери азыркы мыйзамдарга кабыл алынган Антка ушул Мыйзамга ылайык ээлеген кызматы боюнча өзүнүн компетенциясынын чегиндеги милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
2. Кызматтык милдеттерин аткарууда кызматкер мамлекеттин коргоосу алдында болот. Мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан тышкары эч ким анын ишине кийлигишүүгө акысыз. Мыйзамдарга ачык каршы келген буйрукту же көрсөтмөлөрдү алганда кызматкер мыйзамды аткаруу боюнча чара көрөт.
3. Кызматкер өзүнүн кызматтык ишинде Мыйзамдын талаптарын жетекчиликке алат жана саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана массалык коомдук кыймылдардын саясий максаттарды көздөгөн чечимдери менен чектеле албайт.
4. Кызматтык милдеттерин аткарууда укукка каршы аракеттери же ишти аракетсиз жөн же аларда талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн кызматкер мыйзамдарга ылайык жоопко тартылат.
5. Кызматкердин аткарган кызматтары боюнча милдеттери анын функционалдык милдеттери менен аныкталат. Аларды иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жазык-аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
6. Согуштук мезгилде, чукул кырдаалдуу шарттарда кызматкерлердин кызмат өтөө тартиби мыйзамдар менен аныкталат.
6-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кызмат орундары
Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери ээлеген кызмат орундары төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт:
- кенже башчылык курам (ички кызматтын кенже сержанты, ички кызматтын сержанты, ички кызматтын улук сержанты, ички кызматтын старшинасы, ички кызматтын прапорщиги, ички кызматтын улук прапорщиги);
- ортоңку башчылык курам (ички кызматтын кенже лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты, ички кызматтын улук лейтенанты, ички кызматтын капитаны);
- улук башчылык курам (ички кызматтын майору, ички кызматтын подполковниги, ички кызматтын полковниги);
- жогорку башчылык курам (ички кызматтын генерал-майору, ички кызматынын генерал-лейтенанты).
7-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин атайын наамдары
1. Жазык-аткаруу тутумунда аттестацияланган адамдары үчүн мыйзамдар тарабынан төмөнкү атайын наамдар белгиленген жана ыйгарылат:
а) кенже башчылык курам:
- ички кызматтын кенже сержанты;
- ички кызматтын сержанты;
- ички кызматтын улук сержанты;
- ички кызматтын старшинасы;
- ички кызматтын прапорщиги;
- ички кызматтын улук прапорщиги;
б) ортоңку башчылык курам:
- ички кызматтын кенже лейтенанты;
- ички кызматтын лейтенанты;
- ички кызматтын улук лейтенанты;
- ички кызматтын капитаны;
в) улук башчылык курам:
- ички кызматтын майору;
- ички кызматтын подполковниги;
- ички кызматтын полковниги;
г) жогорку башчылык курам:
- ички кызматтын генерал-майору;
- ички кызматтын генерал-лейтенанты.
Кызматкер өз кызматын токтоткондо анын наамдарына "запастагы" же "отставкадагы" деген наамдар кошулуп айтылат.
8-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин кесиптик даярдыгы
Жазык-аткаруу тутумунунда кызматкердин кесиптик даярдыгы жүзөгө ашырылат, ал атайын башталгыч билимди, билим-жөндөмүн мезгил-мезгили менен текшерип турууну, окуу жайларында адистерди даярдоону, квалификациясын жогорулатууну, стажировканы жана кайра даярдоону камтыйт. Кесиптик даярдыктын уюштурулушу жана мазмуну жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
2-глава
Жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу
9-берене. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуунун шарттары
1. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон, улутуна, жынысына, социалдык тегине, мүлктүк абалына, динге мамилесине карабастан өзүнүн жеке, ишкердик жана моралдык сапаттары, кесиптик билими жана ден соолугунун абалы боюнча жазык-аткаруу тутумуна тапшырылган функцияларды аткарууну камсыздоого ишенимдүү чыныгы аскердик же ага альтернативдүү (аскерден тышкаркы) кызматын өтөгөн же запастагы офицер наамына ээ болгон (чыныгы аскердик кызматты же ага альтернативдүү аскерден тышкаркы кызматты милдеттүү өтөө жана запастагы офицер наамынын болушу жөнүндөгү талаптар аялдарга коюлбайт), Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат:
- кенже башчылык курам кызматына - 19 жаштан төмөн эмес жана 30 жаштан жогору эмес, ал эми башка укук коргоо жана күч органдарында, же жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалдама кызматтарда 5 жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болгондор - 35 жаштан жогору эмес;
- орто, улук жана жогорку башчылык курам кызматына - 19 жаштан төмөн эмес жана 35 жаштан жогору эмес, ал эми башка укук коргоо жана күч органдарында, же жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалдама кызматтарда 5 жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болгондор - 40 жаштан жогору эмес;
- медициналык кызматкерлер кызматына - 22 жаштан төмөн эмес жана 40 жогору эмес.
Кенже башчылык кылуучу тутумдун кызматын ээлеген жана жогорку билимге ээ кызматкерлер офицерлик кызматка 35 жаштан жогорку куракта дайындалышы мүмкүн.
Талапкердин ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөөгө жарактуулугу жана башка физикалык сапаттарына коюлган талаптар аскердик-дарыгерлик комиссия тарабынан аныкталат.
2. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынган кенже, орто жана улук башчылык курамдын кызматкерлери жазык-аткаруу тутумунун окуу жайында милдеттүү алгачкы даярдыктан өтүшөт.
3. Күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн тармактардын окуу жайларында окуу мезгили алгачкы атайын же аскердик офицерлик наам ыйгарылгандан кийин мөөнөттүү аскердик кызмат катары эсептелет.
4. Аскерге чакырылуучулар жазык-аткаруу тутумуна кызматка алынбайт.
5. Жазык-аткаруу тутумунун кенже башчылык курамынын кызматына ортодон төмөн эмес билими бар, жеке жана ишкердик сапаттары боюнча аларга жүктөлгөн милдетти аткарууга жөндөмдүү адамдар дайындалышат.
Жазык-аткаруу тутумунун орто башчылык курамынын кызматына жогорку жана орто кесиптик билими бар, адамдар дайындалышат. Жазык-аткаруу тутумунун улук жана жогорку башчылык курамына жогорку билимдүү гана адамдар дайындалат. Оперативдик милдеттерди аткарууну караган кызматтарга жогорку юридикалык билими бар адамдар гана дайындалат. Кыргыз Республикасынын жогорку юридикалык билими бар жарандары дайындалган кызматтардын тизмеси жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
6. Зарыл болгон учурларда орто жана улуу башчылык кылуучу тутумдардын кызматтарынын ордуна контрактык же конкурстук негизде жазык-аткаруу тутумунда же башка укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен жарандар, ошондой эле запастагы офицерлер, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунун, ички иштер органдарынын линиясы боюнча пенсия же аскердик пенсия төлөнгөндөр жана мамлекеттик дарылоо мекемелеринде иштеген медициналык кызматкерлер, кийин аларды жазык-аткаруу тутумунун кадрларына которулуу менен иштөөгө жол берилет.
7. Кыргыз Республикасынын жарандары жазык-аткаруу тутумунда конкурстук негизде кабыл алынышат. Кызматкерлердин ваканттык кызматтарынын ордуна иштөө мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын конкурстук негизинде жазык-аткаруу тутумунда кызматына кабыл алынган жарандары ээлей ала турган кызматтардын тизмеси жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Конкурс жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар тарабынан регламенттелет.
8. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка кирип жатканда кылууга түшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан берилген маалыматтар менен документтер мыйзамдарда аныкталган тартипте текшерүүгө алынат. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу буйрук менен бекитилет.
9. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка талапкерди тандоонун тартиби менен шарттары, контракттарды түзүү жана конкурстарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
10-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин ант берүүсү
Жазык-аткаруу тутумунун аттестацияланган курамындагы адамдар мыйзамдарга ылайык төмөнкүдөй ант беришет:
"Мен, аты-жөнү, Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик кызматына киришип жатып, элимдин алдында салтанаттуу ант беремин:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын милдеттүү түрдө жетекчиликке алууга;
- кылмыштык жана башка укуксуз кол салуулардан жарандардын укуктарын, эркиндигин, мыйзамдык кызыкчылыктарын өмүрүмдү аябастан коргоого;
- мыйзамдуулукту сактоого, чынчыл, кыраакы кызматкер болууга, инсандарды урматтоого, мамлекеттик жана кызматтык сырларды сактоого;
- кызмат кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө;
- кызматтык милдетимди жана мага жүктөлгөн милдеттерди чын дилимден аткарууга.
Мен антты бузсам, Кыргыз Республикасынын эң катаал мыйзамдары менен жазаланууга макулмун".
11-берене. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алуудагы жана аны аткаруудагы чектөөлөр
1. Жаран жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынбайт жана жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө албайт, эгерде ал:
- соттун чечими менен аракети жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылса;
- соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматкер катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызматын ээлөөгө тыюу салынса;
- соттуулугу жабылгандыгына же алынып салынгандыгына карабай, жазыксыз кылмышы үчүн соттуулугу болсо же мурда соттолсо;
- компетенттүү органдар тарабынан мамлекеттик сырды түзө турган маалыматтарга уруксат берилбесе;
- Жазык-аткаруу тутумунда, ошондой эле башка министрликтерден жана ведомстволордон ушул Мыйзамдын 34-беренесине көрсөтүлгөн терс себептер боюнча иштен чыгарылса;
- Ушул Мыйзамдын 9-беренесинде көрсөтүлгөн жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу шарттарына жооп бербесе;
- Бири-бири менен жакын туугандыктагы же жакындыктагы (ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, эже-карындаштар, уулдар, кыздар, ошондой эле жубайлардын бир туугандары же кайындары, ата-энелери жана балдары кызматкерлерге эгерде алардын кызматы бири-бири менен тикелей баш ийтүүгө же контролдо байланышта болсо, жазык-аткаруу тутумунун бир эле органында же мекемеде кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
2. Кызматкерлерге тыюу салынат:
- өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш жүргүзүүгө;
- мамлекеттик мүлктү, финансылык каражаттарды, кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда колдонууга;
- өзүнүн кызматтык абалын түздөн-түз өзүнүн жана жакын туугандарынын кызыкчылыктарын көздөгөн максаттарда пайдаланууга;
- чыгармачыл, илимий жана окутуу ишин эске албаганда, жазык-аткаруу тутумунун кирбеген, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда кошо иштөөгө;
- саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана тыюу салынган диний уюмдардын мүчөсү болууга алардын ишин колдоого катышууга же сөз сүйлөөгө;
- иш топторду уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга.
3. Кызматкерлерге мыйзамдар тарабынан мамлекеттик кызматкерлер үчүн чыгарылган дагы башка чектөөлөр жайылтылат.
12-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин өздүк делосу
1. Өздүк дело кызматкердин кызматтык, эмгек жана коомдук ишин мүнөздөгөн материалдар, ошондой эле кызматкердин өмүр баяндык маалыматтары жана ал жөнүндөгү дагы башка маалыматтар камтылган негизги документ болуп эсептелет.
Өздүк делонун материалдары кызматкерди кызматка колдонуу жөнүндөгү маселелерди чечүүгө, ага атайын наамдарды, сыйлыктарды берүү, ошондой эле иштеген жылдарына пайыздык үстөктөрдү төлөп берүү үчүн жана жазык-аткаруу тутумунда иштен бошотууда пенсия белгилөө үчүн кызматтык стажын эсептөөгө арналган.
Өздүк делолор жазык-аткаруу тутумунун кадрлык аппараты тарабынан жазык-аткаруу тутумуна кызмат кылууда турган бардык кызматчыларга жана жумушчуларга, ошондой эле бекитилген форма боюнча келишим менен кабыл алынгандарга карата толтурулат.
Өздүк делолорду жүргүзүү формасы жана тартиби, өздүк делолорго киргизилиши керек болгон маалыматтардын жана документтери менен, ошондой эле аларга жетишүү тартиби жана кызмат өтөөнү эсепке алуунун башка маселелери жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
2. Жазык-аткаруу тутумуна кызматка жарандарды кабыл алууда атайын текшерүү жүргүзүлөт, анын материалдары өздүк делодо сакталат. Өздүк дело "жашыруун" деген грифтеги категорияга кирет.
3-глава
Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби
13-берене. Атайын наамдарды ыйгаруунун жалпы шарттары
1. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка мамилесин, ээлеген штаттык кызматын, иштеген жылдары жана ээлеген штаттык кызматынан ошондой эле ушул Мыйзамда каралган дагы башка шарттарды эске алуу менен, жекече ыйгарылат.
Жазык-аткаруу тутумундагы кызматкерлерге ыйгарылган атайын наамдар алгачкы жана кезектеги наамдарга бөлүнөт.
2. Кенже башчылык курамдын кызматкерлерине алгачкы атайын наамдар органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат, ага бул наамдарды ыйгаруу укугу кызматтарды комплекттөө номенклатурасына ылайык берилет.
3. Орто жана улук башчылык курамынын алгачкы атайын наамдары жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан жазык-аткаруу тутумунун кадрларына которуу менен ыйгарылат.
4. Ички кызматтын полковнигине чейинкини камтыган аттестациялык курамдын наамдары жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси аныктаган тартипте ыйгарылат. Жогорку башчылык курамдын наамдары мыйзамдарга ылайык ыйгарылат.
5. "Ички кызматтын кенже лейтенанты" алгачкы атайын наамы орто жана улук башчылык курамдын кызматына дайындалган, запастын "кенже лейтенант" аскердик наамына ээ, жогорку кесиптик окуу жайын аяктаган, бирок кызматка дайындалганга чейин үч айдан мурда бүтпөгөн адамдарга ыйгарылат.
6. Жазык-аткаруу тутумунун, ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо жана күч органдарынын жогорку кесиптик окуу жайларын бүтүргөндөн кийин "ички кызматтын лейтенанты" алгачкы атайын наам ыйгарылат, орто кесиптик окуу жайларын бүтүргөндөн кийин - "ички кызматтын кенже лейтенанты" алгачкы атайын наам ыйгарылат.
7. Жазык-аткаруу тутумуна кабыл алынган жана окумуштук даражасы же окумуштук наамы бар, Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын профессор окутуучулар курамынын адамдарына алгачкы атайын наамдар жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин чечими боюнча ыйгарылат: илим кандидаттарына, доценттерге - "ички кызматтын капитаны" наамынан төмөн эмес; илим докторлоруна, профессорлорго - "ички кызматтын майору" наамынан төмөн эмес.
8. Окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы бар кызматкерге кезектеги атайын наам ээлеген штаттык кызматы боюнча тийиштүү наамынан бир тепкичке жогору берилет.
9. Башчылык курамдагы адамдарга кезектеги атайын наамдар өңдүү аттестациаланган учурда ээлеген кызматын эске алуу менен, ошондой эле мурдагы наамындагы иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин ыйгарылат.
10. Орто жана улук башчылык курамына кезектеги наамдар жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
11. Окуу жайларынын учурларына жана адъютанттарга кезектеги наамдар окуу убагында, окууга киргенге чейин алар ээлеген штаттык кызматтарга ылайык ыйгарылат.
12. Ээлеген кызматына ылайыктуу кезектеги атайын наам кызматкерге, эгерде мөөнөтүнүн узартылышы техникалык себептерден келип чыкпаса (кадрлар кызматына сунушталбаса же кечиктирип сунушталса) анын мурдагы наамынан кызмат өтөөсүнүн мөөнөтү бүткөн күн түздөн түз башчысынын сунушунун негизинде ыйгарылат.
14-берене. Кызматка кирээрде запаста турган же башка укук коргоо органдарынан же аскердик түзүлүштөрдөн которулган адамдарга атайын наамдардын ыйгаруу
1. Запастагы офицерлик курамдагы же башка укук коргоо жана күч органдарынан которулган адамдар орто, улук жана жогорку башчылык курам кызматына дайындалгандан кийин алардан аскердик, атайын наамдарына, класстык жана атайын класстык чектерине ылайык атайын наамдарды ыйгаруу менен жазык-аткаруу тутумунун кадры катары эсептелип калышат. Штаттык кызматтын шартында атайын наам аларга алардын аскердик, атайын наамынан, класстык же атайын класстык ченинен бир тепкичке жогору ыйгарылышы мүмкүн, эгерде алар кадрга катталуу күнүнө карата кызматын/жумушун өтөө мезгилинде же запаста экенинде аларга ыйгарылган аскердик, атайын наамдарында, класстык же атайын класстык чендеринде бекитилген мөөнөттө кызмат өтөшсө.
2. Жазык-аткаруу тутумуна кабыл алынган, аскердик же атайын наамдары жок адамдарга кенже башчылык кылуучу курамдын кызматына дайындалганда "ички кызматтын кенже сержанты", ал эми офицерлик курамдын кызматына дайындалганда "ички кызматтын кенже лейтенанты" алгачкы атайын наамдары ыйгарылат.
3. Жазык-аткаруу тутумуна жаңы кабыл алынган кызматчы жогорку билимдүү болсо, кенже жетекчи курамынын кызмат оруна ыктыярдуу негизде дайындалышы мүмкүн. Мындай учурда ага, "ички кызматтын старшинасынан" төмөн эмес кенже башчылык курамдагы атайын наам ыйгарылат.
15-берене. Атайын наамдарда кызмат өтөө мөөнөттөрү
1. Кызматкерлерге кенже башчылык курамдын наамдарында төмөнкү кызмат өтөө мөөнөттөрү белгиленет:
- ички кызматтын кенже сержант, ички кызматтын сержант наамында 1 жыл;
- 1 жыл;
- ички кызматтын улук сержант наамында - 2 жыл;
- ички кызматтын старшина наамында - 3 жыл;
- ички кызматтын прапорщик наамында - 4 жыл.
Ички кызматтын улук прапорщиги наамында кызмат өтөө мөөнөтү белгиленбейт.
2. Кызматкерлерге офицерлик курамынын наамдарында төмөнкү кызмат өтөө мөөнөттөрү белгиленет:
- ички кызматтын кенже лейтенант наамында - 1 жыл;
- ички кызматтын лейтенант наамында - 2 жыл;
- ички кызматтын улук лейтенант наамында - 2 жыл;
- ички кызматтын капитан наамында - 3 жыл;
- ички кызматтын майор наамында - 3 жыл;
- ички кызматтын подполковник наамында - 4 жыл.
Ички кызматтын полковниги жана андан жогорку наамдарда кызмат өтөө мөөнөтү белгиленбейт.
3. Жазык-аткаруу тутумунун профили боюнча жогорку окуу жайларын жана бөлөк мамлекеттердин ага тең окуу жайларын бүтүргөн кызматкерлер (контракттык негиз боюнча бүткөн кызматкерлерден тышкары) үчүн "ички кызматтын лейтенанты" наамында кызмат өтөө мөөнөтү бир жыл болуп белгиленет.
4. Наамда кызмат өтөө мөөнөтү наамды ыйгаруу жөнүндөгү буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет. Башчылык кылуучу курамдын адамдарынын төмөнкү наамда жүргөн убагы калыбына келтирилген наамындагы кызмат өтөө мөөнөтүндө эсепке алынбайт.
5. Кенже башчылык курамдын атайын наамына ээ, орто башчылык кылуучу тутумдун кызматына дайындалган кызматкерлер ортоңку башчылык курамдын алгачкы атайын наамдарын ыйгарууга өзүнүн наамында кызматын өтөө мөөнөтүнөн көз карандысыз түрдө, офицерлик кызматка дайындалгандан үч ай өткөндөн кийин сунушталышат.
16-берене. Атайын наамдардын мөөнөтүнөн мурда же бир тепкичке жогору ыйгарылышы
1. Кылмыштарды ачуу же алдын алуу жана мында көрсөткөн эрдиги менен жан аябаган аракеттери, кызмат ишиндеги жогорку жыйынтыктары үчүн кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар мурдагы атайын наамында кызмат өтөөнүн белгиленген жарымынан аз эмес мөөнөтү өткөнгө чейин, башкача айтканда, мөөнөтүнөн мурда же ээлеген кызматы боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогору болгон мурдагы наамында бир жарым мөөнөт өткөнгө чейин ыйгарылышы мүмкүн.
2. Наамдардын мөөнөтүнөн мурда же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогору ыйгарылышы жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөгөн бүткүл мезгил бою бир гана жолу жүргүзүлөт. Мындай негиздер боюнча наамдарды бир убакта ыйгарууга жол берилбейт.
3. Мөөнөтүнөн мурда берилген же ээлеген штаттык кызматы боюнча ортоңку, улук башчылык курамда каралган атайын, аскердик наамынан бир тепкич жогорку атайын, аскердик наамдар жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
4. Календарлык эсептөөдө 20 жылдык жана андан көп жыл кызмат кылган, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөт кызмат өтөгөн жана оң аттестацияланган офицерлик курамдын адамдарына "ички иштер кызматынын подполковниги" жана ага чейинки кезектеги наамдар жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамынан көз карандысыз түрдө курагы же оорусу боюнча аларды кызматтан четтетүү менен бирге эле ыйгарылат.
17-берене. Кезектеги атайын наамдарды ыйгаруудагы кечиктирүү
1. Тартиптик жаза-чарасы бар (оозеки жарыялангандан башка), же кылмыш иши козголгон же кызмат тартибин бузгандыгы фактылары боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлгөн жазык-аткаруу тутумунда кызматындагы кезектеги атайын наамдарды ыйгарууга көрсөтүү ылайыктыгына жатпаса кызматка дайындалганга, тартиптик жаза-чарасы алып салынат же реабилитациялоо негиздери боюнча кылмыш иши кыскартылганга же кызматтык текшерүү аяктаганга чейин жүргүзбөйт.
2. Алгачкы же кезектеги атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү сунушту негизсиз кечиктирген бөлүм башчысы белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
3. Кызматкердин алгачкы же кезектеги наамды ыйгарууга көрсөтүү негизсиз кечиктирилгенде, ал атайын наамды өз учурунда алганда ала турган акынын түрлөрү компенсацияланат.
4. Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн башчылык курамдагы кызматкерлердин атайын наамдары алардын кызмат боюнча милдеттерин өздөштүргөн шартта, бирок бала өргүүсүнөн багуу өргүүсүнөн кайтып келгенден кийин үч айдан эрте эмес убакытта ыйгарылышы мүмкүн.
18-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин наамынын төмөндөтүлүшү
1. Кенже башчылык курамынын адамдарынын наамынын бир тепкичке төмөндөтүлүшү тартип жаза-чарасы катары бул укук жазык-аткаруу тутумунун Тартиптик уставы тарабынан берилген органдын жетекчисинин чечими, ал эми офицерлик курамдын адамдарына жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин чечими менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Наамы төмөндөтүлгөн адамдардын мурдагы наамы, ээлеген штаттык кызматынан көз карандысыз түрдө оң аттестацияланган учурда, аларга тең же жогорку наамды төмөндөтүү төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алган башчылардын буйруктары менен бир жыл өткөндөн кийин калыбына келтирилет. Мурдагы наамы калыбына келтирилгенге жана аларга кезектеги наам берилгенге чейин наамынын кайталап төмөндөтүүгө жол бербейт.
3. Жогорку башчылык курамдын адамдардын наамы төмөндөтүлүшү ал эми кийин мыйзамдарга ылайык кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.
19-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин атайын наамдарынан ажыратуу
1. Аттестациялык тутумдун адамдары атайын наамдарынан төмөнкү учурларда ажырашы мүмкүн:
- кенже, орто жана улук башчылык курам - соттун өкүмү боюнча жазалоонун кошумча чарасы катары, же жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу боюнча наам укукка жат ыйгарылган учурда;
- жогорку башчылык курам - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык.
Наам укук ченемсиз ыйгарылгандыгы белгиленгенде, адам андан келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен ажыратууга тийиш.
2. Атайын наамдарынан ажыратылган жана эмгек өтөөгө жылдары же оорусу боюнча пенсияга чыгуу укугуна ээ адамдарга пенсиялар мыйзамдар тарабынан белгиленген шарттар жана нормалар боюнча берилет.
4-глава
Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө
20-берене. Кызматка дайындоо, кызмат боюнча жылдыруу, кызматтан бошотуу жана четтетүү, жазык аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кадрларында болуу
1. Жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси жана анын орун басарлары кызматка мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте дайындалышат жана бошотулушат.
2. Калган кызматкерлер жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте штаттык кызматтарга дайындалышат, кызматы боюнча көтөрүлүшөт жана иштен бошотулушат.
3. Аттестацияланган курамдын адамдары элөөгө тийиш болгон кызматтар жана бул кызматтарга ылайык наамдар жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
4. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, кызматтарды сапаттуу комплекттөө бардык деңгээлдеги жетекчилердин милдети болуп саналат.
5. Аттестацияланган курамдын адамдарын кызмат боюнча жылыштыруу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
а) жогору турган кызматтарга:
- жогорулатыла турган кадрлардын резервинде турган кызматкерлердин ичинен түздөн-түз же жогору турган башчыны сунуштоосунун негизинде кызмат боюнча жылыштыруу тартибинде.
Мындай учурда эгерде ал үчүн мурдагы кызматы боюнча атайын наамга караганда эң жогорку атайын наам каралса, ал эми кызматы боюнча каралган атайын наамдары тең болсо - ээлеген кызматы боюнча эң жогорку кызматтык акы каралса, кызмат жогорку кызмат деп эсептелет;
б) бирдей маанидеги кызматка:
- түздөн-түз башчынын макулдашуу же сунуш барагынын негизинде уюштуруу-штаттык иш-чараларын өткөрүүгө байланыштуу;
- түздөн-түз башчынын макулдук жана сунуш барагынын негизинде адистиги же эмгек тажрыйбасы боюнча максаттуу колдонуу үчүн, ал эми офицерлик курамдагы адамдарды - ошондой эле жер-жерлерге белгиленген кызмат мөөнөттөрүн алмаштырууга байланыштуу;
- кызматтын кызыкчылыгында кызматкердин башка аймакка которулушуна - ротацияга байланыштуу (түздөн-түз башчынын же кадрлык аппараттын башчысынын сунушунун негизинде). Ротацияга, эреже катары, ээлеген кызматында 5 же андан көп жыл турган кызматкер туура келет;
- ээлеген кызматынан бошонуу менен Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнө кийгендигине, ошондой эле окууну бүткөндөн кийин кызматка дайындалуусуна байланыштуу.
Мындай учурда кызмат эгерде ал үчүн мурунку кызматы боюнча атайын наамына тең атайын наам жана ээлеген кызматы боюнча бирдей тиешелүү эмгек акы каралса, тең болуп эсептелет;
в) төмөнкү кызматтарга анын ичинде жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагынан жиберүү:
- штаттарды кыскартууда;
- кызматкерге билдирүүсү жана анын макулдугу менен (рапорттун, сунуштоонун же макулдук барагынын негизинде) бирдей маанидеги кызматка которууга мүмкүн эмес учурда;
- аскердик-дарыгерлик комиссиянын токтомуна ылайык ден соолук абалы боюнча;
- кызматкердин рапортунун негизинде жеке өтүнүчү боюнча;
- андан көз каранды болбогон себептер боюнча өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогондо (кызматкердин макулдугунан);
- аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде аттестациялык тартипте кызматтык шайкеш келбөөчүлүк боюнча;
- кызматтык иликтөөнүн чечиминин негизинде жазык-аткаруу тутумунун Тартиптик уставына ылайык тартиптик жаза-чара тартибинде.
Кызмат, эгерде ал үчүн штатта мурдагы кызматы боюнча атайын наамга караганда төмөнүрөөк атайын наам, ал эми штатта каралган атайын наамдар тең болгондо - ээлеген кызматы боюнча төмөнүрөөк кызмат акысы каралса, төмөн деп эсептелет.
6. Андан аркы кызматын башка аймакта өтөөгө жиберилген кызматкерлер жаңы жерге мурдагы ишин өткөрүп берип бүткөндөн кийин, бирок ал адамдын кезектеги отпускасында же дарыланууда жүргөнүнөн башка учурларда, кызмат боюнча которулуу жөнүндөгү буйрук чыгарылган же жазуу түрүндө билдирүү берилген күндөн тартып бир айдан кеч эмес мөөнөттө келүүгө милдеттүү.
7. Кызматкерди андан ары кызмат өтөөгө жиберүү жөнүндө укук коргоо же күч органдарынан суроо-талап түшкөн учурда кызматкердин макулдугу менен жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан которуу жөнүндө буйрук чыгарат, мында ага жаңы кызмат өтөгөн жерине анын мурдагы наамына тең наам ыйгарылат, ошондой эле анын жазык-аткаруу тутумунда белгиленген иштеген жылдары саналып калат.
8. Жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелерин өзгөртүп түзүү баш ийүүчүлүгүн же аталышын өзгөртүү (кошулуу, биригүү, бөлүп алуу, бөлүп чыгаруу), кызматкерлерди жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагында киргизүү үчүн негиз болбойт.
Жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагында кызматкер штаттык сан кыскартылган учурда, бул кызматты мурда ээлеп келген башка кызматкердин кызматы кайтарылып берилгендигине, жазык-аткаруу тутумунун Тартиптик уставына ылайык кызматтан бошотуу менен башка кызматка дайындоо мүмкүн болбогондо, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунда же укук коргоо жана күч органдарынын башка бөлүктөрүнөн которулганда алынат. Ээлеген кызматынан бошотуу жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөө токтотулат дегендикке жатпайт.
Жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагында кызматкер акчалай акысы сакталышы менен үч айга чейин тура алат.
Акчалай акы жекече өтүүчү боюнча, же жазык-аткаруу тутумунун Тартиптик уставына ылайык кызматынан бошотулган адамдардын акчалай акысы сакталбайт.
Жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагында турган кызматкер ар бир жумушчу күнү кадрлар кызматына келип, жазык-аткаруу тутумунун тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан коюлган кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланылышы керек. Кадрлар карамагында турган мөөнөткө ооруган учуру же кезектеги жана башка эс алуу учурундагы убакыты кирбейт.
Жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагына алынгандыгы жөнүндөгү буйрук менен жазуу түрүндө таанышуу, ошол эле учурда жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагында турган кызматкердин кадрлар бөлүмү тарабынан сунушталган штаттык кызматка дайындалуудан жазуу түрүндөгү баш тартуусунун шартында 3 айлык мөөнөт ичинде жазык-аткаруу тутумунан мүмкүн болгон бошотуу жөнүндөгү билдирүү да болуп саналат.
9. Кызмат боюнча кызматкерди которууда ага негизги адистиги же тажрыйбасына ылайык иш камсыз кылынат. Кызматкерди жаңы адистиктеги кызматка которулуудан мурда тиешелүү курстарда же жыйындарда кайра даярдыктан өтүүгө тийиш. Кызматкердин кызмат боюнча которулушу бардык учурда иштен которулуунун негизин көрсөткөн тиешелүү органдын жетекчисинин буйругу менен киргизилет. Буйрук кызматкерге кол коюп берүүсү менен жарыяланат.
10. Кызматкер төмөнкүдөй шарттарда кызмат милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилет:
а) мыйзамга ылайык тергөө органдары тарабынан ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндөгү өкүм чыгарылганда - иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин;
б) ичимдикти, баңги затын колдонгон же токсикалык мас абалында ишке келгенде;
в) кылмыш кылгандыгы үчүн кармалганда жана компетенциясына администрациялык жаза берүү кирген сот өкүмү же органдын токтому мыйзамдык күчүнө киргенге чейин;
г) кызматтык текшерүү өткөн мезгилде.
11. Кош бойлуу аялдар жана аттестацияланган курамдагы энелер мыйзамдарда белгиленген бардык укуктарды жана жеңилдиктерди пайдаланышат.
Кызматкерлер бала багуу боюнча өргүү убагында аларды аттестацияланган курамдагы адамдар же мөөнөтүү эмгек келишимдерди түзүү менен жарандык калктын ичиндеги адамдар менен алмаштырууга уруксаат берилет.
21-берене. Кызматкерлерин сыйлоо
Өздөрүнүн милдеттерин үлгүлүү аткарышкан, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен аттестацияланган курамдагы адамдар жазык-аткаруу тутумунун Тартиптик уставына ылайык түздөн түз башчылар тарабынан сыйлануусу мүмкүн.
Аттестацияланган курамдагы адамдар кызмат милдетин аткарган учурда эрдик жана каармандык көрсөткөндүгү жана башка өзгөчө эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.
22-берене. Кызматкерлерине колдонулуучу тартиптик жазалар
Кызмат тартибин бузгандыгы үчүн кызматкерлерге жазык-аткаруу тутумунун Тартиптик уставына ылайык тартиптик жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн.
23-берене. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөөдөгү сыноо мөөнөтү
Жаштарды жана иш стажы жок адамдарды жазык-аткаруу тутумуна алганда, ошондой эле кенже курамдын кызматкерлерин офицерлик кызматка которгондо, кызматкер ал орунга 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалат, эмгек акысы кызмат орду боюнча төлөнүп бериле берет. Алдын ала сыноо мөөнөтүнө негиздүү себептер менен жумушка келбеген адамдын убактылуу жумушка жарамсыздык жана башка мезгилдери кирбейт.
Эгерде сыноо мөөнөтүнүн ичинде сыноонун жыйынтыктары канааттандыраарлык эмес деп табылса, кызматкер башка төмөнкү кызматка дайындалат же жазык-аткаруу тутумунан бошотулат.
Эгерде сыноо мөөнөтүнүн аягында бошотуу кызматкердин жекече макулдугу боюнча же төмөнкү кызматка дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынбаса кызматкер сынактан өттү жана туруктуу негизде дайындалды деп эсептелет.
Сыноо мөөнөтү менен дайындалган кызматкерлерге ушул Мыйзамдын аракеттери жайылтылат.
24-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин ишке жиберүү
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына депутаттыгына шайланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, эл аралык уюмдарга кызмат өтөөгө жиберилген жана кызматка дайындалган, ошондой эле укук коргоо жана күч органдарына, жогорку кесиптик окуу жайларына окууга жиберилген кызматкерлер бул уюмдарга, органдарга жазык-аткаруу тутумунун кадрлар карамагына калтыруу менен аларды ыйгарым укуктуу мөөнөттөрүндө ишке жиберилет.
Ишке жиберүү жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
2. Жогорку мамлекеттик органдарга ишке жиберилген адамдарга мамлекеттик органдардын талабына ылайык, алар тарабынан бекитилген эреже, нормалар боюнча эмгек акы төлөнөт.
Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган, жогорку мамлекеттик органдарга командировкаланган кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн мыйзамдар тарабынан бекитилген укуктар, жеңилдиктер жана артыкчылыктар (азык-түлүк паегу үчүн акчалай компенсация, пенсиянын көлөмүнүн 50 пайыздык көлөмүндөгү кошумча акы, буюм-теримдик мүлктөрдү алмаштыруучу, коммуналдык кызматтар жана жарык ж.б. үчүн акчалай компенсация) сакталат. Көрсөтүлгөн төлөмдөр жазык-аткаруу тутумунан берилет.
3. Ишке жиберилген кызматкердин кызмат өтөөсүнө контролдук жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
4. Ишинин мөөнөтү аяктагандан кийин ишке жиберилген кызматкерлер жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагына келишет жана мурда ээлеген кызматтарына же ишке жиберилгенге чейин ээлеген кызматтары менен тең башка кызматтарга дайындалышат.
5. Офицерлик курамдын кезектеги наамдары жогорку мамлекеттик органдарга ишке жиберилген адамдарга "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам тарабынан каралган тартипте ыйгарылат.
6. Ишке жиберилген кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн мыйзамдар тарабынан бекитилген укуктар менен артыкчылыктар сакталат.
7. Ишке жиберилген кызматкерлер аттестацияланбайт.
25-берене. Аттестациялоо
1. Жазык-аткаруу тутумунун ишин өркүндөтүү, ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртуу, тапшырылган иш үчүн кызматкерлердин, чыгармачылык активдүүлүгүн жана жоопкерчилигин, демилгелерин, кесиптик ишмерчилигин жана квалификациясынын өсүшүн стимулдаштыруу, ошондой эле ээлеген кызматына кызматтык шайкештигин аныктоо максатында катардагы жана башчылык курамынын адамдарын аттестациялоо жүргүзүлөт.
2. Кызматкерлерди аттестациялоодо алардын ишкердик, кесиптик, жүрүм-турумдук, жеке сапаттары, маданий деңгээли жана адамдар менен иштешүү жөндөмдүүлүгү ар тараптуу бааланат, ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө корутундулар чыгарылат жана андан аркы кызматы тууралуу сунуштар берилет.
3. Жазык-аткаруу тутумунун кенже, орто жана улук башчылык курамдагы адамдарын аттестациялоо 3 жылда бир жолу жүргүзүлөт.
4. Эгерде өздөрү каалабаса, кезектеги аттестациядан төмөнкүлөр өтүшпөйт:
а) тийиштүү кызматын ээлегендигине бир жыл боло электер;
б) кош бойлуу аялдар;
в) кош бойлуулук жана төрөт боюнча эс алууда, бала багып эс алууда жүргөндөр.
Аталган кызматкерлердин кезектеги аттестациясы аталган эс алуулардан кайра ишке чыккандан кийин бир жылдан аз эмес убакыттан кийин жүргүзүлөт.
Кезектеги эс алууда, командировкада, дарыланууда жүргөн кызматкерлер аттестациядан ишке чыккандан кийин бир айдан кийин өтүүгө тийиш.
Кезексиз аттестацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
5. Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын угуучулары (адъюнкттар) окуу жайларын (адъюнктураларын) бүтүргөндөн кийин аттестацияланышат.
Келишимдик негизде жазык-аткаруу тутумунун орто жана улук башчылык курамдын кызматтарында бирөөнүн ордунда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары аттестациядан белгиленген тартипте өтүшөт.
6. Катардагы жана башчылык курамды аттестациялоого даярдануу жана жүргүзүү, аттестациялык корутундуларды жана сунуштарды ишке ашыруу тартиби, ошондой эле аттестация жүргүзүү тартибин бузууга, объективдүү эместиктерге карата даттанууларды карап чыгуу мыйзамдар тарабынан аныкталат.
26-берене. Жазык-аткаруу тутумунда иштеген жылдарды эсептөө
1. Пенсияны дайындоо үчүн кызматкерлерге көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн жеңилдик берилген эсептөө белгиленет: кызматтын эки күнү - үч күн, ал эми инфекциялык оорулууларды кармоо жана дарылоо үчүн арналган мекемелерде - кызматтын бир күнү эки күн деп эсептелет.
2. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин жалпы эмгек стажына пенсияга чыгуу үчүн сиңирген эмгегинин ичинде жумушчу же мамлекеттик кызматкер катары жазык-аткаруу тутумунда, укук коргоо жана күч органдарында, юстиция органдарында, соттордо мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген иштери дагы эсептелет.
3. Аттестацияланган курамдын адамдарына пенсия чектөөдө эске алына турган көп жыл эмгек кылгандыгы жазык-аткаруу тутумуна кызматка киргенге чейин жарандык жогорку жана орто атайын окуу жайларында окуу убактысы (күндүзгү окуу формасы боюнча) 5 жылга чейинки чекте камтылат, окуунун бир жылы бир жылкы кызмат катары эсептелет.
4. Медициналык кызматкерлердин окуу убактысы түздөн-түз жогорку же орто атайын окуу жайларындагы окуусун жана клиникалык ординатурадагы окуусун дагы камтыйт.
27-берене. Кызмат өтөгөн жылдары үчүн кошумча
1. Кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча ай сайын төлөнөт.
2. Айкалыштырып иштеген кызмат орундар боюнча маяналарга пайыздык кошумча чегерилбейт.
3. Кошумча төлөп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5-глава
Жазык-аткаруу тутумунда кызмат кылуунун шарттары
28-берене. Жазык-аткаруу тутумунун ички тартиби
1. Жазык-аткаруу тутумунун ички тартиби мыйзамдарга ылайык, жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринин ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.
2. Башчылар өзүлөрүнүн кол алдындагыларына кызмат милдеттерин аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүп берүүгө, кызматтык жактан өсүү жана маданияттуу эс алуу үчүн аларга реалдуу социалдык мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө милдеттүү. Жазык-аткаруу тутумунун кызмат адамдары ушул Мыйзамды жана кызмат өтөө жана кадрлар менен иштөө маселелери боюнча башка нормативдик укуктук актыларды так сактоо үчүн жекече жоопкерчиликтүү болушат. Кызматкердин укугунун бузулушу тез арада калыбына келтирилиши керек, ал эми белгиленген мыйзамдык учурларда - келтирилген материалдык зыянды толтуруп берүү менен мындай бузууга күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылышат.
3. Кызматкерлер төмөнкү нерселерге жоопкер:
- тартиптин бузулушу үчүн - жазык-аткаруу тутумунун Тартиптик уставына ылайык;
- административдик укук бузуулар үчүн - мыйзамдарга ылайык тартиптик же административдик жоопкерчилик;
- кылмыш кылышкандыгы үчүн - мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилиги;
- келтирилген материалдык зыян үчүн - мыйзамдарга ылайык материалдык жоопкерчилик;
- ошондой эле юридикалык жоопкерчиликтин башка түрлөрү.
29-берене. Жазык-аткаруу тутумунда жумуш убактысынын узактыгы
1. Кызматкерлерге мыйзамдар тарабынан белгиленген жумуш убактысынын узактыгы жайылтылат.
2. Зарыл учурларда кызматкерлер белгиленген убакытта, ошондой эле түнкүсүн, дем алыш, майрам күндөрү кошумча кызмат милдеттерин аткарышат, ан үчүн айдын ичинде кошумча эс алуу күндөрүн же мыйзамдарга ылайык башка компенсацияларды алышат.
Сменалык иште күндүзгү, кечки жана түнкү сменалардын бирдей узактыгы белгиленет.
3. Кызматкерлердин зыяндуу шарттардагы аймактарда, ошондой эле кошумча жана түнкүсүн иштөө тартиптери менен шарттары мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат.
30-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кийим формасы
1. Кызматкерлер үчүн формалык кийимди кийүү каралган. Көрсөтүлгөн кийимдин формасы, айырма белгилери жана органдар менен мекемелердин кызматкерлерин буюмдук жабдуу менен камсыздоо формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Форма кийимдери акысыз берилет.
2. Жазык-аткаруу тутумунан пенсияга чыгуу укугу менен бошотулат, кызматтарына кынтыксыз кызмат кылган учурларда кеткен учурунда формалык кийимди кийүүгө уруксат берилет.
31-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин куралдары жана атайын жабдыктары
1. Кызматкерлер тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу куралды жана атайын жабдыктарды тагынып жүрүү укугуна ээ болушат. Ок атуучу куралды жана атайын жабдыктарды дайыма тагынып жана сактап жүрүүгө укук берилген кызматкерлердин тизмеси, ошондой эле ок атуучу куралды жана атайын жабдыктарды тагынуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Ок атуучу куралды жана атайын жабдыктарды колдонуу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
32-берене. Эмгек өргүүсү
1. Башчылык курамдын адамдарына төмөнкүдөй өргүүлөр берилет:
- кезектеги;
- кыска мөөнөттүү;
- ооруга байланыштуу;
- окуу;
- кошумча;
- социалдык.
2. Кезектеги өргүүнүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Өргүү мезгилине туура келип калган жумуш эмес жана майрам күндөр өргүүнүн календарлык күндөрүнүн санына кирбейт жана төлөнбөйт.
1) Кезектеги өргүү кызматкерге анын пенсияны чектөөдө эске алына турган иштеген жылдарына (календарлык эсепте) жараша берилет:
а) 10 жылдан кем эмес иштеген эмгеги үчүн - жылына 30 календарлык күн;
б) 10дон 15 жылга чейинки эмгеги үчүн - жылына 35 календарлык күн;
в) 15тен 20 жылга чейинки эмгеги үчүн - жылына кырк календарлык күн;
г) 20 же андан көп жылкы эмгеги үчүн - жылына элүү календарлык күн.
2) Кызматкердин каалоосу менен кезектеги өргүү эки бөлүккө бөлүнүшү мүмкүн, ал үчүн өргүүнүн бир бөлүгү ондон кем эмес календарлык күн болууга тийиш, өргүү өткөрө турган жерге чейинки жана кайра келчү жол кире, ошондой эле алыска жүрүүчү жол убактысы өргүүнүн бир бөлүгүнө гана берилет.
3) Кырк беш календарлык күн узактыгындагы кезектеги өргүүлөр иштеген жылынын санынан көз карандысыз түрдө тоолуу аймактарда (1500 жана андан жогорку бийиктиктеги) кызмат өтөгөн аттестациялык тутумдун адамдарына дагы берилет.
4) Ал жерде иштөө аттестациялык тутумга жеңилдетилген шарттардагы пенсияны чектөөдө жана кырк беш календарлык күн узактыгындагы кезектеги өргүү алуу укугун берген жагымсыз климаттуу аймактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5) Жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин чечими менен бөтөнчө учурларда кырк беш күн мөөнөтүндөгү кезектеги өргүү иштеген жылдарынын санынан көз карандысыз түрдө өзгөчө татаал кызмат шарттарына же шашылыш кырдаалдар менен байланышкан узартылган эс алууга муктаж болгон аттестациялык курамдын адамдарына берилиши мүмкүн.
Кезектеги өргүүдөн кызматкер чакырылбайт. Өтө эле кызматтык муктаждык болуп калган учурларда кезектеги өргүүдөн чакырып алуу анын өзүнүн жазуу түрүндөгү макулдугу боюнча мүмкүн болот. Кызматкерди кезектеги өргүүдөн чакыруу буйрук катары толтурулат. Кезектеги өргүүдөн чакырылган учурда анын колдонулбай калган бөлүгү, эреже катары, кийинки жылдагы өргүүгө кошумча болуп берилет. Кызматкердин өз каалоосу боюнча өргүүнүн колдонулбаган бөлүгү кийинки жыл үчүн кезектеги эмгек өргүүгө кошулушу мүмкүн.
6) Жазык-аткаруу тутумунан жаш курагы, оорусу, же штаттын кыскарышы боюнча бошотулган кызматкерге иштен кетирилген жылы азыркы Мыйзам тарабынан бекитилген кезектеги өргүү берилет.
Жазык-аткаруу тутумунан кетирилген кызматкерге (азыркы пункттун абзацында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары) иштен кетирилген жылы колдонбой калган кезектеги өргүү үчүн бул жылы иштеп тапканына пропорционалдуу акчалай компенсация төлөнүп берилет.
7) Эмгек өргүүгө кетип жаткан кызматкерге кадр кызматы тарабынан бекитилген форма боюнча өргүү күбөлүгү берилет. Өргүү берүү жана өргүү күбөлүгүн берүүнүн негизи болуп кызматкердин рапорту жана мындай укуктар берилген тиешелүү жетекчинин буйругу саналат.
Бул которууга чейин кезектеги өргүүсүн колдонбогон кызматкер кызмат боюнча которулганда, иштегенине бир жыл болгондон кийин жаңы жумуш ордунан өргүү алат.
8) Кызмат зарылдыгына байланыштуу өткөн жылы эмгек өргүү пайдаланылбаган учурда милдеттүү түрдө кийинки жылдын биринчи кварталында өргүү берилет.
9) Кызматкерге кызматынын биринчи календарлык жылында эмгек өргүү берилгенде, анын кызматка дайындалуу убактысы эске алынат. Биринчи жумуш жылы үчүн эмгек өргүүсү, эреже катары, иштин 11 айынан эрте эмес берилет. Иштин 11 айы өткөнгө чейин өргүү кош бойлуулук же төрөт боюнча отпусктун алдында, мыйзамдар тарабынан каралган дагы башка учурларда аялдарга берилет.
10) Кызматкерге өргүү учурундагы оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүн узартуу өргүү берген жетекчи тарабынан кызматкер жумуш ордуна кайтып келип, убактылуу жумушка жөндөмсүздүк боюнча күбөлөгөн медициналык мекеменин документтерин көргөзгөндөн кийин берилет. Мындай шартта бул адамдын өргүүсү учурунун убактысы үзгүлтүккө учурабашы керек.
Эмгек өргүүсү учурунда жүргөн кызматкер өзүнүн оорусу жөнүндө өзүнө берилген өргүүнүн мөөнөтү бүтө электе тиешелүү жетекчиге билдиргенге (телеграф, телефон ж.б. аркылуу) милдеттүү.
11) Ээлеген кызматынан бошонгон, кадрлардын карамагындагы, өткөн жыл үчүн эмгек өргүүсүн колдонбогон кызматкерге өргүү, эреже катары, ал кадрлар карамагына каттоого киргенден кийин дароо берилиши керек. Андан кийин ага өргүү берилбейт.
3. Кызматкерге кыска мөөнөттүү өргүү үй-бүлөлүк шартына жана башка жүйөлүү себептерге байланыштуу маянасы сакталбастан 10 календарлык күн узактыгында төмөнкү учурларда берилет:
- никеге турганда;
- жакын адамынын катуу оорусуна же өлүмүнө байланыштуу;
- үй-бүлөсү же жакын туугандары өрткө же башка стихиялуу кырсыкка учураганда;
- кызматкердин болушу үй-бүлөсү үчүн зарыл болгон дагы башка учурларда.
1) Кыска мөнөттүү өргүү жыл сайын берилүүчү кезектеги өргүүнүн эсебине кирбейт жана өргүүнү берген жетекчинин макулдугу менен гана беш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
4. Оорусу боюнча өргүү кызматкерге аскердик-дарыгердик комиссиянын чечиминин негизинде берилет.
1) Оорусу боюнча өргүү узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүгө жана ооруканада болуу мыйзамдар тарабынан каралган дарылоого узак мөөнөт берүү учурларынан тышкаркы убактарда төрт айдан ашпашы керек. Оорусу боюнча өргүүдө жана дарыланууда үзгүлтүксүз жүрүүнүн белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкер анын мындан аркы кызмат кылууга жарамдуулугу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн аскерлик-дарыгерлик комиссиянын күбөлөөсүндө болушу зарыл.
2) Кызматкер дарыланууда кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда жаракат, контузия же майып болууга байланыштуу себептерден улам жатса, анын мөөнөтү чектелбейт. Мындай учурда медициналык күбөлөндүрүүгө кызматкер дарылоо аяктагандан кийин же оорунун аныкталган жыйынтыгынан кийин жиберилет.
3) Оорусу боюнча өргүү бир жылда бир берилүүчү кезектеги өргүүнүн эсебине кирбейт.
4) Кызматкер иштен кетирилгенде оорусу боюнча өргүү берилбейт.
5. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында сырттан окуу формасында окуган кызматкерге окуу өргүүсү берилет. Анын берилиши тартиби жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат. Бул учурда окуу отпускунун узактыгы отуз календарлык күндөн ашпашы керек.
Окуу өргүүсүндө болгон убакыт үчүн кызматкерге акчалай төлөө жүргүзүлбөйт.
Окуу жайдын бүтүрүүчүсүнө берилген окуу өргүүсү ал аяктагандан кийин ошол жылдагы кезектеги жылдык өргүүнүн эсебине кирет.
6. Кызматы нервдик, эмоционалдык, акыл жагынан жана физикалык чыңалууга алып келген кызматкерге жумушунун өзгөчө мүнөзү үчүн 15ке чейинки календарлык күн узактыгындагы кошумча өргүү берилиши мүмкүн.
Кошумча отпусктарды берүү тартиби жана шарттары жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
7. Кызматкерге мыйзамдарга ылайык социалдык өргүү төмөнкү учурларда берилет:
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү - медициналык корутундунун негизинде.
- бала багуу боюнча өргүү - бала үч жашка чыкканга чейин айлык маяна сакталбастан. Тараптардын макулдугу боюнча бала багуу боюнча өргүү бала бир жарым жашка чыкканга чейин кыскарышы мүмкүн.
1) Бала багуу боюнча өргүү баланын атасы болуп эсептелген кызматкерге же чын эле баланын багылышын камсыз кылган опекунга берилет.
Баланы багуу боюнча өргүү учурларында аталган кызматкерлердин иш орду (кызматы) сакталат.
Бала (кыз) абырап алган кызматерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык баланы багуу боюнча өргүү берилет.
2) Кызматкерлердин социалдык өргүүсү учурунда алардын ордунда (оперативдик-кызматтык иш менен байланышпаган жана жашырып иш кагаздарына кирүү укугун талап кылбаган) башка кызматкерлер же жарандык кызматтагы адамдар атайын наам ыйгарылбастан иштеп турушат.
33-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине берилчү жеңилдиктер жана кепилдиктер
1. Иштеген жылдары боюнча пенсияга кетүү укугуна ээ жана иштөөсүн уланткан кызматкерге негизги кызмат акыны берүү учуруна коюлган пенсиянын өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндөгү кошумча акы берилет.
2. Кезектеги эмгек өргүүсүнө кеткен учурда аттестацияланган кызматкерлерге ээлеген кызматы боюнча алган кызмат акыдан төрт эсе көп өлчөмдөгү бир жолу берилүүчү акчалай жардам берилет.
3. Кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мыйзамдар тарабынан каралган дагы башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
34-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин акчалай, буюмдук жабдуу жана азык-түлүк менен камсыздоо
1. Кызматкерлерди акчалай жабдууну төмөнкүлөр түзөт:
- кызматтык акы;
- ыйгарылган атайын наамы үчүн маяна;
- иштеген жылдары үчүн даражасы үчүн үстөктөр жана мыйзамдар тарабынан каралган дагы башка үстөктөр;
- эгерде ал натуралай түрүндө берилбесе, ошол азык-түлүктүн баасы;
- мыйзамдарда каралган башка үстөктөр.
2. Кызматкерге жылына кызматы боюнча алган акысын эки эсе көбөйткөн өлчөмдөгү материалдык жардам берилет.
3. Кызматкерлерге жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө сыйлыктар төлөнөт.
4. Кызматкерлер мыйзамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн чыгарылган нормада азык-түлүк паегу же азык-түлүк паегунун акчалай компенсациясы менен камсыздалат. Азык-түлүк паегунун же азык-түлүк паегун компенсациялай турган акчанын көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Камакка алынган кызматкерлерге акчалай жабдуу берүү камакка алынган күндөн баштап токтотулат жана камактан бошотулган күндөн баштап кайрадан калыбына келтирилет.
6. Кызматкерлердин форма кийимин алуунун ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана учурларда акчалай компенсация төлөөгө уруксат берилет.
6-глава
Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнү токтотуу
35-берене. Кызматты токтотуу үчүн негиздер
1. Жазык-аткаруу тутумунда кызмат кылууну токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Жазык-аткаруу тутумунан бошотуу;
- кызматкер белгиленген тартипте дайынсыз жок деп табылганда;
- кызматкердин өлүмү (курман болушу);
- мындан ары башка укук коргоо жана күч органдарына кызмат өтөө үчүн которулганда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу.
2. Кызматкерди кызматынан бошотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) запаска (аскердик учетко өтүү менен), эгерде кетирилип жаткан адам ден соолугу боюнча аскер кызматын өтөөгө жарамдуу же чектелген түрдө жарамдуу жана тиешелүү аскердик наамдарга ээ адамдардын запаста калуусу үчүн ушул Мыйзамдын 37-беренесинде аныкталган жашка жете элек болсо;
б) отставкага (аскердик учетунан тышкары), эгерде кетирилип жаткан адам тиешелүү аскердик наамдары бар жана аскердик-дарылоо комиссиясы тарабынан аскердик учетунан тышкары аскердик кызматка ден соолугу боюнча жарамсыз деп табылган адамдардын запаста калуусу үчүн азыркы Мыйзамдын 37-беренесинде аныкталган жашка жете элек болсо.
36-берене. Жазык-аткаруу тутумунан бошотуу үчүн негиздер
1. Кызматкер кызматтан төмөнкү себептерден улам бошотулушу мүмкүн (аскердик учетко алынуу менен):
а) жеке өтүнүчү боюнча;
б) ушул Мыйзамдын 37-беренесинде аныкталган жашка чыккандыгы боюнча;
в) пенсияга укук берген көп жыл эмгек кылгандыгы боюнча;
г) штаттардын кыскартуу боюнча - жазык-аткаруу тутумунун органын же мекемеси жоюлганда, кызматкерди кызмат ордунда кармоого мүмкүн эмес болгон шартта штаттын жана адамдардын санынын кыскарышына байланыштуу;
д) оорусу боюнча - аскердик-дарылоо комиссиясынын кызматка жарамсыздык жөнүндөгү корутундусунун негизинде;
е) ден соолук абалынын чектелүүсү боюнча - аскердик-дарылоо комиссиясынын кызматка чектелген жарамдуулук жөнүндөгү корутундусунун негизинде, ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызматы боюнча милдеттерди аткаруунун мүмкүн эместигинин жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал милдеттерин аткара ала турган кызматка которуу мүмкүн болбогон учурунда;
ж) аттестациялык тартиптеги кызматка ылайыксыздык, ошондой эле сыноо мөөнөтүнөн өтө албагандыгы боюнча;
з) тартипти одоно же дайыма бузгандыгы үчүн;
и) жаза өкүмүнүн мыйзамдуу күчкө киришинен улам;
к) ишке жиберилген кызматкерлерден тышкары белгиленген тартипте башка мамлекеттик органдарга которулгандыгына байланыштуу;
л) башка жарандыгынын бар экендигине байланыштуу;
м) карамагында калуу мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу;
н) жазык-аткаруу тутумуна кызматка кирүүдө жана кызмат өтөө убагында жалган документтерди жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;
о) ротациялык негизде которулуудан негизсиз баш тартканы үчүн;
п) кылмыш жазасына тартылгандыгы үчүн, бирок кийин тергөө органдары же сот тарабынан аларга карата кылмыш иши реабилитациялаган негиздер боюнча токтотулганда;
2. Аттестациялык тутумдун адамдары төмөнкү учурларда аскерден эсептен чыгарылып, кызматтан отставкага кетирилет:
а) курагы боюнча, тиешелүү аскердик наамдары бар адамдардын запаста болушу үчүн ушул Мыйзамдын 38-беренесинде аныкталган жашка чыгуу менен;
б) оорусу боюнча - аскердик эсептен чыгарылуу менен, аскердик-дарылоо комиссиясынын аскердик кызматка жарамсыздык жөнүндөгү корутундусунун негизинде.
3. Кызматтык тартипти одоно бузуу катары төмөнкүлөр эсептелет:
а) жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин беделин түшүрө турган
жосунду жасоо;
б) кызматкер тарабынан согуш куралынын жоготулушу (согуштан жана кылмышкерлердин кол салуусунан улам жоголбогон башка учурларда);
в) жүйөлүү белгиленген жумуш убактысында 1 жумушчу күндөн ашык ишке келбөө;
г) кызматкердин кызмат ордунда ичимдик, баңги зат колдонгон, токсикалык мас абалында келүүсү;
д) ушул Мыйзам тарабынан кызматкерлер үчүн белгиленген чектөөлөрдү сактабоо;
е) кызматты өзү билип таштап кетүү.
4. Ушул Мыйзамда каралган иштен бошотуу негиздери боюнча кызматкерлерге алдыдагы бошотуу жөнүндө маалымат берилбейт. Кызматтан өз каалоосу боюнча кетүүнү каалагандыгын билдирген кызматкер түздөн-түз башчысына өзү кабыл алган чечим жөнүндө жумуштан кетирүүнүн пландашылган күнүнө чейин эки жума (14 календарлык күн) мурда эскертет, ал тууралуу рапорт берет. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкер эскертилген белгилүү мөөнөт өткөнгө чейин эле иштен кете алат.
5. Кенже башчылык курамдын кызматынан кетирүү бул укук аларга жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан берилген башчылар тарабынан ишке ашат.
6. Орто, улуу жана жогорку башчылык курамдын адамдарын запаска жана отставкага кетирүү жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Жогорку башчылык курамын кызматтан бошотуу мыйзамдар менен аныкталат.
7. Кызматкерлерди жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы кызматтан кетирүү жөнүндөгү буйруктар кол койдуруп алып, аларга бул буйруктардын көчүрмөсү берилүү менен кулактандырылат. Бул аларды алуу үчүн кадрлык кызматка келүүдөн кызматкерлер баш тартпаган учурларда мүмкүн болот.
Кызматкер өргүү учурунда же убактылуу жумушка жарамсыздык учурунда иштен кетирилбейт.
8. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынан кызматтан кетирилген кызматкерлерге иштен кеткен күнү эмгек китепчеси берилет, ал эми зарыл болгон учурларда иштен кетирилген кызматкердин жазуу түрүндөгү макулдугу менен эмгек китепчеси почта аркылуу жашаган жерине жиберилиши мүмкүн.
Кызматкер жазык-аткаруу тутумунан иштен кеткенден кийин кадрлык кызматтар кызматкерди аскердик эсепке алуу жөнүндө маселени чечүү үчүн райондук аскер комиссариаттарына тиешелүү документтерди жиберет.
9. Кызматкерлер жазык-аткаруу тутумунун аттестацияланган курамдын тизмесинен өлгөндөр, курман болгондор катары - ал өлгөндөн кийинки күндөн тартып, кабарсыз жок болгон катары - соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.
37-берене. Жазык-аткаруу тутумундагы кызмат үчүн белгиленген жаш курактык чектөөлөр
1. Кенже башчылык курамынын наамдарына ээ кызматкерлер запаска төмөнкү курактар боюнча бошотулат:
- эркектер - 45 жашында;
- аялдар - 40 жашында.
Кенже башчылык курамынын наамдарына ээ кызматкерлер төмөнкү жашында жазык-аткаруу тутумуна кызматка туруп жана отставкага бошотулат:
- эркектер - 50 жашында;
- аялдар - 45 жашында.
2. Орто, улук жана жогорку башчылык курамынын адамдары жазык-аткаруу тутумунда төмөнкү курактардын чегинде боло алышат:
┌───────────────────────────────────────────────┬──────────┬──────────┐
│ Наамдар │ Запаска │Отставкага│
│ │кетирилүү │ кетирилүү│
│ │ курагы │ курагы │
├───────────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────┤
│Ички кызматтын кенже лейтенантынан ички │45 жаш │50 жаш │
│кызматтын капитанына чейин │ │ │
├───────────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────┤
│Ички кызматтын майорунан ички кызматтын │50 жаш │55 жаш │
│полковнигине чейин │ │ │
├───────────────────────────────────────────────┼──────────┼──────────┤
│Ички кызматтын генерал-майорунан ички кызматтын│55 жаш │60 жаш │
│генерал-полковнигине чейин, ошондой эле илимий │ │ │
│даражасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген│ │ │
│ишмери ардактуу наамы барларга чейин │ │ │
└───────────────────────────────────────────────┴──────────┴──────────┘
3. Жазык-аткаруу тутумунун кызматында белгиленген куракка чейин болгон орто, улук жана жогорку башчылык курамдын адамдары запаска (аскердик эсепке алынуу менен) же отставкага кетирилет.
4. Жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси жеке жагдайда улуу башчылык кылуучу курамдын атайын наамдарына ээ кызматкерлеринин оң аттестациясынын шартында жана медициналык көрсөткүчтөрү болбогон учурда алардын өздөрүнүн макулдугун алуу менен иштин кызыкчылыгы үчүн аларды кетирбей бир жылга, андан ары уланып кетүүчү, бирок үч жылдан ашпаган убакытка калтырат.
5. Улук башчылык курамдын атайын наамдарына ээ кызматкерлеринин белгиленген убакыттан кийин узартыла турган, бирок үч жылдан ашпай турган, бир жылдык кызматта калтырылышы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Улук башчылык курамдын 58 жашка чыккан, жогорку башчылык курамдын 63 жашка чыккан кызматкерлери отставкага кетирилет.
7. Мүмкүн болгон куракка чейин кызмат кылуу жөнүндөгү кызматкердин чечими аны ушул Мыйзамда келтирилген негиздер боюнча иштен бошотуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
7-глава
Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин кызмат ордунда, атайын наамында жана кызматында калыбына келтирүү
38-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин кызмат ордунда, атайын наамында жана кызматында калыбына келтирүү үчүн негиздер
Белгиленген тартипте мыйзамсыз же негизсиз кызматынан которулган, кызматынан бошотулган (четтетилген) же кызматы боюнча төмөндөтүлгөн, атайын наамдары алынып салынган же атайын наамында төмөндөтүлгөн, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунан мыйзамсыз кетирилген делген кызматкерлер үчүн жазык-аткаруу тутумунда кызматы, кызмат орду, атайын наамы калыбына келтирилет.
Жазык-аткаруу тутумундагы кызмат ордун, атайын наамын, кызматын калыбына келтирүү үчүн негиз болуп кызматтык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чыгарылган корутунду же күчүнө кирген сот чечими эсептелет.
39-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин кызмат ордунда, атайын наамында жана кызматында калыбына келтирүү маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү үчүн
мөөнөттөр жана кайрылуу тартиби
1. Кызмат боюнча которуу, иштен бошотуу (четтетүү), кызматын төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, жазык-аткаруу тутумунан кетирүү жөнүндөгү чечимдер менен макул болбогон учурларда кызматкер бул чечим боюнча жазык-аткаруу тутумунун жогору жактагы жетекчисине же сотко ага буйруктун көчүрмөсү берилген күндөн же кызмат ордун, атайын наамын же жазык-аткаруу тутумундагы кызматын калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндөгү жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүн алгандан бир ай мөөнөттөгү убакыт өткөнгө чейин кайрылышы керек.
2. Жүйөлүү себептер менен көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кеткен учурда жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси же сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
3. Жазык-аткаруу тутумунун компетенттүү адамы же сот тарабынан кабыл алынган кызмат ордун, атайын наамын же кызматын калыбына келтирүү жөнүндөгү чечим мыйзам тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылышы керек.
4. Жазык-аткаруу тутумундагы кызматын калыбына келтирүү кызматкердин мурда ээлеген кызматына кайрадан отурушу же анын макулдугу менен ага тең кызматка отурушу менен ишке ашырылат.
5. Жазык-аткаруу тутумунун кызматы калыбына келтирилген кызматкерлерге алардын жазык-аткаруу тутумундагы кызматынан кетирилген күнүнөн тартып кайра калыбына калтырылган күнүнө чейин кезектеги атайын наам, көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн үстөк төлөө көп жыл эмгек кылгандык катары эсептелет.
6. Жазык-аткаруу тутумундагы кызматы калыбына келтирилген кызматкерлерге бошотуу (четтетүү) күнүнө же иштен кетирүүгө тиешелүү болгон акчалай колдомо бошогон (четтеген) же иштен кетирилген күндөн жазык-аткаруу тутумундагы кызматы калыбына келтирилген күнгө чейин төлөнүп берилет.
40-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин көмүү
1. Кызмат ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) же кызматын аткарып бүткөндөн кийин кызмат кылып жүргөндө алган жаракаты, контузиясы, ооруларынын натыйжасында өлгөн, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунда 10-жылдан ашык (календарлык эсептөөдө) кызмат өтөгөн кызматкерлерди көмүү жазык-аткаруу тутумуна каржылоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат жана жазык-аткаруу тутумунун тиешелүү кызматтарынын башчылары тарабынан уюштурулат.
2. Кызматкерлерди көмүүдө ырым-жырымдарды сактоо жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
8-глава
Корутунду жоболор
41-берене. Ушул Мыйзамдын күчкө кирүүсүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринин катардагы башчылык кылуу тутумунун кызмат өтөөсү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелеринин катардагы башчылык кылуу тутумунун кызмат өтөөсү жөнүндөгү" 2008-жылдын 11-июнундагы № 113 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 161 Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|