Редакцияот 11.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-ноябры № 717

Мамлекеттин менчигине айланган товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы маалыматтык номери 9801/20.01.2011/18-43 бажылык жүк декларациясы боюнча мамлекеттин пайдасына баш тартуу менен бажылык режимде таризделген, 1997-жылы чыгарылган, "Мицубиси" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте баланска алсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов