Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 720
"Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясында кол коюлган, Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясында кол коюлган, Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясында кол коюлган, Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Секретариатына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Жогоруда аталган Протоколго 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясында Жамааттык коопсуздук келишим Уюмунун ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык, тышкы саясий, аскердик, аскердик-техникалык, аскердик-экономикалык, укуктук жана башка ишмердүүлүктөр тармагында ошондой эле Уюмдун алкагында жаңы чакырык, коркунучтарга каршы аракеттер чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында кол коюлган.
Жамааттык коопсуздук Кеңеши ага мүчө болгон бир дагы мамлекет каршы эмес шартта гана чектелген форматта чечим кабыл алууга укуктуу.
Чектелген форматта кабыл алынган чечим үчүн добуш бербеген мүчө-мамлекет бул кабыл алынган чечим үчүн жоопкерчиликте болбойт.
Бул Протоколдун күчүнө кирүүсү Уюмдун ченемдик-укуктук базасынын жакшыруусуна өбөлгө түзөт жана ЖККУнун жоопкерчилик аймактарында пайда болгон ар кандай мүнөздөгү каатчылык кырдаалдарга ыкчамыраак көңүл бурууга, ошондой эле мамлекеттик чек араларды коргоо, маалымат алмашуу жана маалыматтык коопсуздук тармактарында да өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде аталган Протоколду ратификациялоо сунушун колдоп берүүнү өтүнөбүз.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри | Р.Казакбаев |
|
|