Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 721
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Саламаттык сактоо системасынын илим-изилдөө уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун уставында:
- 2-пунктундагы "жана Ош шаарында филиалы бар" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктундагы ", Борбордун Ош шаарындагы филиалы" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пунктундагы "жана Борбордун Ош шаарындагы филиалы" деген сөздөр алып салынсын;
- 16 жана 17-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"16. Борбордун жетекчиси окумуштуулар кеңеши тарабынан 5 жылга жана экиден ашык эмес мөөнөткө шайланат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кызматка бекитилет. Жетекчини шайлоо жөнүндөгү чечим окумуштуулар кеңешинин 2/3 мүчөлөрүнүн кем эмеси катышкан кворум менен киргизилет жана добуш берүүгө катышкандардын проценттен ашыгы ал үчүн добуш бергенде гана кабыл алынды деп эсептелет. Шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин катышуусунда ишке ашырылат.
17. Борбордун жетекчиси жетекчилик орунда жакшы тажрыйбасы, жогорку квалификациядагы кадрларды (илим кандидаттарын жана докторлорун) даярдоо тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын алдыңкы окумуштууларынан, адистиги боюнча 10 жылдан кем эмес илимий иш стажысы бар "онкология" жана/же "нур диагностикасы, нур терапиясы" адистиги боюнча медицина илимдеринин докторлорунан шайланат.";
18-пунктундагы ", Ош шаарындагы филиалынын директору" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте юстиция органдарында юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|