Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-ноябры № 692
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2014-жылдын 31-декабры № 757, 2015-жылдын 19-январы № 12 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Санариптик телерадио берүүгө өтүү жана Кыргыз Республикасынын калкын маалыматтык камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасы (мындан ары - Программа);
- Жыштык бөлүктөрүн пайдалануу тартиби (мультиплекстер);
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын бардык аймагында сынаксыз жер үстүндөгү санариптик эфирдик телерадио берүүнү киргизүү үчүн төрт жыштык бөлүктөрүн бөлсүн, анын ичинде социалдык пакеттин программаларын берүү үчүн, бир жыштык бөлүгүн ыйгарсын;
- 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып аналогдук телекөрсөтүү бергичтеринин радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууларды берүүнү токтотсун, буга аталган мөөнөткө чейин берилген тиешелүү уруксаттары бар субъекттер кирбейт;
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиорелейлик магистралдар республикалык өндүрүштүк бирикмеси бөлүнгөн учурда телерадиопрограммаларды берүүгө арналган, алардын ичинде санариптик берүүлөр үчүн арналган жыштык бөлүктөрүн жана ыйгарууларды жаңы түзүлгөн юридикалык жакка бекитип берсин, ошондой эле ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү лицензияларды берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабры № 757 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна:
- Баткен облусунун калкынын аз камсыздалган катмарларына таратылып берилген 20000 гранттык ресиверлердин социалдык пакеттин программаларын кабыл алуусун, же аларды акысыз алмаштырууну камсыз кылсын;
- 2015-жылдын 1-январына чейин чек арага жакын аймактарда социалдык пакеттерди кабыл алууну камсыздасын, 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын калкынын 95 пайызынан аз эмесинин социалдык пакетти кабыл алуусун камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2015-жылдын 19-январы № 12 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бул токтом менен бекитилген Программаны жана Иш-чаралардын планын аткарууну камсыздашсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-ноябры № 692
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2014-жылдын 31-декабры № 757, 2015-жылдын 19-январы № 12, 2017-жылдын 10-майындагы № 265 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Санариптик телерадио берүүгө өтүү жана Кыргыз Республикасынын калкын маалыматтык камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасы (мындан ары - Программа);
- Жыштык бөлүктөрүн пайдалануу тартиби (мультиплекстер);
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын бардык аймагында сынаксыз жер үстүндөгү санариптик эфирдик телерадио берүүнү киргизүү үчүн төрт жыштык бөлүктөрүн бөлсүн, анын ичинде социалдык пакеттин программаларын берүү үчүн, бир жыштык бөлүгүн ыйгарсын;
- 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып аналогдук телекөрсөтүү бергичтеринин радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууларды берүүнү токтотсун, буга аталган мөөнөткө чейин берилген тиешелүү уруксаттары бар субъекттер кирбейт;
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун курамынан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиорелейлик магистралдар республикалык өндүрүштүк бирикмеси бөлүнгөн учурда телерадиопрограммаларды берүүгө арналган, алардын ичинде санариптик берүүлөр үчүн арналган жыштык бөлүктөрүн жана ыйгарууларды жаңы түзүлгөн юридикалык жакка бекитип берсин, ошондой эле ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү лицензияларды берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабры № 757 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна:
- Баткен облусунун калкынын аз камсыздалган катмарларына таратылып берилген 20000 гранттык ресиверлердин социалдык пакеттин программаларын кабыл алуусун, же аларды акысыз алмаштырууну камсыз кылсын;
- 2015-жылдын 1-январына чейин чек арага жакын аймактарда социалдык пакеттерди кабыл алууну камсыздасын, 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын калкынын 95 пайызынан аз эмесинин социалдык пакетти кабыл алуусун камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2015-жылдын 19-январы № 12 токтомдорунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте 2017-жылдын 15-майынан тартып жергилүктүү рельефтин мүнөздөмөлөрүнүн географикалык өзгөчүлүктөрүнө байланыштуу республикалык санаритпик телерадиоберүү менен камтылбаган калктуу конуштарынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телерадиоберүүнү (аналогдук өткөргүчтөрдү) өчүрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)