Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-ноябры № 695
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1998-жылдын 31-декабры, № 213-214) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын:
"29. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтар системасы - кыймылсыз мүлк объекттери, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо, укук ээлери тууралуу программалык-техникалык каражаттар, маалыматтарды топтоо, жаңыртуу, сактоо жана жайылтуу технологиясы менен комплексте бирдиктүү маалыматтар базасына киргизилген топтолгон маалыматтардын жыйындысы.".
2. 24-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Катталган укуктар жөнүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтар системасынан (КБМС) Интернет тармагы аркылуу берилиши мүмкүн.".
3. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 47-2-берене менен толукталсын:
"47-2-берене. Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды мамлекеттик каттоо
1. Нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ээликтен ажыратуу келишимдеринин негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы ишке ашырат.
2. Келишимдин, арыздын жана башка документтердин долбоорлору бүтүм түзгөн жактар тарабынан берилиши же жергиликтүү каттоо органы тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Эгер келишимдин долбоору бүтүм түзгөн жактар тарабынан берилсе, келишимдин мазмуну тараптардын чыныгы ниеттеринин мазмунуна ылайыктуулугу, бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбегендигин, келишимде бардык олуттуу шарттар көрсөтүлгөнүн, жергиликтүү каттоо органы текшерүүгө милдеттүү. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болгон келишимдин, арыздын жана башка документтердин долбоорлорун түзүүнү жергиликтүү каттоо органы бүтүм түзгөн тараптардын кайсынысынын болсун суроосу боюнча ишке ашырат.
3. Жергиликтүү каттоо органы бүтүмдүн бардык катышуучуларына анын мазмуну менен маанисин, тараптардын укугу менен милдеттерин ар тараптуу жана толук түшүндүрүүгө, натыйжалары жөнүндө эскертүүгө, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун башка маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Эгер бүтүмдүн катышуучуларынын бири мамлекеттик жана расмий тилдерди билбесе, таризделип жаткан документтердин тексти ага котормочу тарабынан которулуп берилүүгө тийиш.
4. Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүңү талап кылбаган ээликтен ажыратуу келишимдерин каттоо боюнча иш-аракеттерге ыйгарым укуктуу адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда мыйзамда белгиленген тартипте жооп беришет.
5. Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ээликтен ажыратуу келишимдерин каттоо боюнча иш-аракеттерге ыйгарым укуктуу адистери жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүгө; жеке жана юридикалык жактарга укуктары менен милдеттерин түшүндүрүүгө; юридикалык жактан маалыматы жоктук аларга зыян келтирбеши үчүн жасалып жаткан иш-аракеттердин натыйжасы тууралуу эскертүүгө; өздөрүнүн кесиптик ишин жүргүзүүгө байланыштуу дайын болгон маалыматтарды жашырууга, анын ичинен мыйзам менен каралган учурлардан сырткары, ыйгарым укугу токтогон же жумуштан кеткенден кийин дагы; милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ээликтен ажыратуу келишимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда алардын негизинде пайда болгон иш-аракеттерди жасоодон баш тартууга милдеттүү.
Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ээликтен ажыратуу келишимдерин каттоо боюнча иш-аракеттерге ыйгарым укуктуу адистери өзүнүн милдеттерин бул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аткарышат. Эгер милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде келип чыккан иш-аракеттерди жасоого байланыштуу адиске каршы жазык иши козголсо, жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ажыратуу келишимдерин каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу сот адисти жашыруун сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн.
Жергиликтүү каттоо органынын милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимдерин каттоо боюнча иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу адис болуп жогорку юридикалык билими бар, каттоочу болуп 1 жылдан кем эмес иштеген, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда окуу курсунан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.
6. Жергиликтүү каттоо органы бүтүм түзүүгө катышкан бардык адамдар өзүнүн иш-аракеттеринин маанисин түшүнүүгө же аны жетектөөгө жөндөмдүүбү, бүтүм түзүүдө жаңылышкан жокпу, бүтүм түзгөн тараптардын алдоо, коркутуу, күчкө салуу кара ниети же оор жагдайлардын бар жогун аныктоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Жергиликтүү каттоо органы бүтүмдүн ар бир катышуучусунун ким экендигин жана анын кол тамгасынын аныктыгын, бүтүмгө катышып жаткан жарандардын жарамдуулугун жана юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин укуктук жөндөмүн текшерет. Бүтүмдүн катышуучусунун өкүлү келишимге, арызга, башка документке кол коюлган учурда жергиликтүү каттоо органы тарабынан анын ыйгарым укугу текшерилет. Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишеним кат менен тастыкталууга тийиш.
8. Жергиликтүү каттоо органы каттоого берилген документтердин көчүрмөлөрүн түп нускалары менен салыштырууга жана бүтүм тараптарынын ошондой эле документтердеги башка адамдардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүүгө милдеттүү.
Каттоочу кыймылсыз мүлктүн аны ажыратып жаткан адамга таандыгын жана ажыратылып жаткан мүлккө болгон оордотууларды жана чектөөлөрдү текшерүүгө милдеттүү.
9. Эгер жаран дене-мүчөсүнүн кемчилигинин, оорусунун натыйжасында же башка маанилүү себептерден улам өз колу менен кол кое албаса, анын тапшырмасы боюнча анын жана каттоочунун катышуусу менен бүтүмгө, арызга же башка документке, жарандын өз колу менен документке кол кое албагандыгынын себебин көрсөтүү менен, башка жаран (бүтүм анын пайдасына бекитилген жарандан башкасы) кол кое алат.
10. Эгер берилген документтин аныктыгы шек туудурса, анда жергиликтүү каттоо органы аны тийиштүү органга экспертизага жиберүүгө укуктуу.
11. Жергиликтүү каттоо органы каттоо аракеттерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди мамлекеттик органдардан, башка мамлекеттик уюмдардан суроого укуктуу.
12. Келишимдердин негизинде пайда болгон, милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана │"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана │
│ аны менен болгон бүтүмдөрдү │ аны менен болгон бүтүмдөрдү │
│ мамлекеттик каттоо жөнүндө" │ мамлекеттик каттоо жөнүндө" │
│ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына │
│ │ толуктоолорду киргизүү тууралуу" │
│ │ Кыргыз Республикасынын │
│ │ Мыйзамынын долбоору │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-статья. Терминдер жана │1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы │
│ аныктамалар │29-пункт менен толукталсын: │
│ │"29. Кыймылсыз мүлк боюнча │
│ │бирдиктүү маалыматтар системасы - │
│ │кыймылсыз мүлк объекттери, │
│ │кыймылсыз мүлккө укуктарды жана │
│ │чектөөлөрдү каттоо, укук ээлер │
│ │тууралуу топтолгон маалыматтардын │
│ │жыйындысы, алар │
│ │программалык-техникалык │
│ │каражаттар, маалыматтарды топтоо, │
│ │жаңыртуу, сактоо жана жайылтуу │
│ │технологиясы менен айкалышта │
│ │бирдиктүү маалыматтар базасына │
│ │кошулган.". │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│24-статья. Кыймылсыз мүлккө │24-берененин 1-пункту төмөнкүдөй │
│ каттоону жүргүзүү жана │мазмундагы сүйлөм менен │
│ түйшүккө салуулар │толукталсын: │
│ (чектөөлөр) жөнүндө │"Катталган укуктар жөнүндөгү │
│ маалымат │маалымат Кыргыз Республикасынын │
│ │Өкмөтү тарабынан аныкталган │
│1. Мамлекеттик же коммерциялык │тартипте кыймылсыз мүлк боюнча │
│сырды камтыган маалыматтарды │бирдиктүү маалыматтар системасынан│
│кошпогондо, кыймылсыз мүлккө │(КБМС) Интернет тармагы аркылуу │
│укуктарды жана аны менен болгон │берилиши мүмкүн.". │
│бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө │ │
│ашыруучу мамлекеттик орган │ │
│инсандыкты ырастаган документин │ │
│(юридикалык жактарга карата - │ │
│алардын каттоодон өткөнүн жана │ │
│алардын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын│ │
│тастыктоочу документтерди) │ │
│көрсөткөн кимге гана болбосун │ │
│жазуу жүзүндөгү арызы боюнча │ │
│кыймылсыз мүлк бирдигине катталган│ │
│укуктар жана түйшүккө салуулар │ │
│(чектөөлөр) жөнүндө маалыматты │ │
│берүүгө милдеттүү. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ 7-глава │7-глава төмөнкүдөй мазмундагы │
│ Укуктардын жана │47-2-берене менен толукталсын: │
│ чектөөлөрдүн айрым түрлөрүн │"47-2-берене. Милдеттүү │
│ мамлекеттик каттоонун │ нотариалдык │
│ өзгөчөлүктөрү │ күбөлөндүрүүнү талап│
│ │ кылбаган │
│ │ келишимдердин │
│ │ негизинде пайда │
│ │ болгон кыймылсыз │
│ │ мүлккө укуктарды │
│ │ мамлекеттик каттоо │
│ │ │
│ │1. Нотариалдык күбелөндүрүүнү │
│ │талап кылбаган ажыратуу │
│ │келишимдеринин негизинде пайда │
│ │болгон кыймылсыз мүлккө укуктарды │
│ │каттоону жергиликтүү каттоо органы│
│ │ишке ашырат. │
│ │2. Келишимдин, арыздын жана башка │
│ │документтердин долбоорлору бүтүм │
│ │түзгөн жактар тарабынан берилиши │
│ │же жергиликтүү каттоо органы │
│ │тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Эгер │
│ │келишимдин долбоору бүтүм түзгөн │
│ │жактар тарабынан берилсе, │
│ │келишимдин мазмуну жактардын │
│ │чыныгы оюна дал келеби, бүтүм │
│ │Кыргыз Республикасынын мыйзамына │
│ │каршы келбейби, келишимде бардык │
│ │олуттуу шарттар көрсөтүлгөнбү, │
│ │жергиликтүү каттоо органы │
│ │текшерүүгө милдеттүү. Кыймылсыз │
│ │мүлккө укуктарды мамлекеттик │
│ │каттоо үчүн негиз болгон │
│ │келишимдин, арыздын жана башка │
│ │документтердин долбоорлорун │
│ │түзүүнү жергиликтүү каттоо органы │
│ │бүтүм түзгөн жактардын каалаган │
│ │бирөөсүнүн суроосу боюнча ишке │
│ │ашырат. │
│ │3. Жергиликтүү каттоо органы │
│ │бүтүмдүн бардык катышуучуларына │
│ │анын мазмуну менен маанисин, │
│ │жактардын укугу менен милдеттерин │
│ │көп жактуу жана толук │
│ │түшүндүрүүгө, натыйжасы жөнүндө │
│ │эскертүүгө, кыймылсыз мүлккө │
│ │укуктарды каттоонун башка │
│ │маселелери боюнча түшүндүрмө │
│ │берүүгө милдеттүү. Эгер бүтүмдүн │
│ │катышуучуларынын бирөөсү │
│ │мамлекеттик жана расмий тилдерди │
│ │билбесе, таризделип жаткан │
│ │документтердин тексти ага │
│ │котормочу тарабынан которулуп │
│ │берилүүгө тийиш. │
│ │4. Милдеттүү нотариалдык │
│ │күбөлөндүрүүнү талап кылбаган │
│ │ажыратуу келишимдерин каттоо │
│ │боюнча иш-аракеттерге ыйгарым │
│ │укуктуу жергиликтүү каттоо │
│ │органынын адистери Кыргыз │
│ │Республикасынын мыйзамдарына каршы│
│ │келген иш-аракеттерди жасаган │
│ │учурда мыйзам менен белгиленген │
│ │тартипте жооп беришет. │
│ │5. Милдеттүү күбөлөндүрүүнү талап │
│ │кылбаган ажыратуу келишимдерин │
│ │каттоо боюнча иш-аракеттерге │
│ │ыйгарым укуктуу жергиликтүү каттоо│
│ │органынын адистери жеке жана │
│ │юридикалык жактарга алардын │
│ │укуктарын ишке ашырууга жана │
│ │мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого│
│ │көмөк көрсөтүүгө; жеке жана │
│ │юридикалык жактарга укуктары менен│
│ │милдеттерин түшүндүрүүгө; │
│ │юридикалык жактан маалыматы жоктук│
│ │аларга зыян келтирбеши үчүн │
│ │жасалып жаткан иш-аракеттердин │
│ │натыйжасы тууралуу эскертүүгө; │
│ │өздөрүнүн кесиптик ишин жүргүзүүгө│
│ │байланыштуу дайын болгон │
│ │маалыматтарды жашырууга, анын │
│ │ичинен мыйзам менен каралган │
│ │учурлардан сырткары, ыйгарым укугу│
│ │токтогон же жумуштан кеткенден │
│ │кийин дагы; милдеттүү нотариалдык │
│ │күбөлөндүрүүнү талап кылбаган │
│ │ажыратуу келишимдери Кыргыз │
│ │Республикасынын мыйзамдарына же │
│ │Кыргыз Республикасы катышуучу │
│ │болуп саналган жана мыйзамдык │
│ │күчүнө кирген эл аралык │
│ │келишимдерге дал келбеген │
│ │учурларда анын негизинде пайда │
│ │болгон иш-аракеттерди жасоодон баш│
│ │тартууга милдеттүү. │
│ │Милдеттүү нотариалдык │
│ │күбөлөндүрүүнү талап кылбаган │
│ │ажыратуу келишимдерин каттоо │
│ │боюнча иш-аракеттерге ыйгарым │
│ │укуктуу жергиликтүү каттоо │
│ │органынын адистери бул Мыйзамга, │
│ │Кыргыз Республикасынын башка │
│ │ченемдик укуктук актыларына ылайык│
│ │өзүнүн милдеттерин аткарышат. Эгер│
│ │милдеттүү нотариалдык │
│ │күбөлөндүрүүнү талап кылбаган │
│ │ажыратуу келишиминин негизинде │
│ │келип чыккан иш-аракеттерди │
│ │жасоого байланыштуу милдеттүү │
│ │нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап │
│ │кылбаган ажыратуу келишимдерин │
│ │каттоо боюнча иш-аракеттерди │
│ │жасоого ыйгарым укуктуу │
│ │жергиликтүү каттоо органынын │
│ │адисине карата кылмыш иши ачылса, │
│ │сот адисти сырды сактоо милдетинен│
│ │бошотушу мүмкүн. │
│ │Милдеттүү нотариалдык │
│ │күбөлөндүрүүнү талап кылбаган │
│ │кыймылсыз мүлктү ажыратуу │
│ │келишимдерин каттоо боюнча │
│ │иш-аракеттерди жасоого ыйгарым │
│ │укуктуу жергиликтүү каттоо │
│ │органынын адиси болуп жогорку │
│ │юридикалык билими бар, каттоочу │
│ │болуп 1 жылдан кем эмес иштеген, │
│ │кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо │
│ │боюнча ыйгарым укуктуу органда │
│ │окуу курсунан өткөн Кыргыз │
│ │Республикасынын жараны боло алат. │
│ │6. Жергиликтүү каттоо органы бүтүм│
│ │түзүүгө катышкан бардык жактардын │
│ │өзүнүн иш-аракеттеринин маанисин │
│ │түшүнүүгө же аны жетектөөгө │
│ │жөндөмдүүбү, бүтүм бекитүүдө │
│ │жаңылышкан жокпу, бүтүм бекиткен │
│ │жактарда алдоо, коркутуу, күчтөө │
│ │же оор кырдаалга карата │
│ │макулдашылган жокпу, аныктоо үчүн │
│ │бардык чараларды көрүүгө │
│ │милдеттүү. │
│ │7. Жергиликтүү каттоо органы │
│ │бүтүмдүн ар бир катышуучусунун ким│
│ │экендигин жана анын кол тамгасынын│
│ │аныктыгын, бүтүмгө катышып жаткан │
│ │жарандардын жарамдуулугун жана │
│ │юридикалык жактар менен жеке │
│ │ишкерлердин укуктук жөндөмүн │
│ │текшерет. Бүтүмдүн катышуучусу │
│ │тарабынан келишимге, арызга, башка│
│ │документке кол коюлган учурда │
│ │жергиликтүү каттоо органы │
│ │тарабынан анын ыйгарым укугу │
│ │текшерилет. Өкүлдөрдүн ыйгарым │
│ │укуктары Кыргыз Республикасынын │
│ │мыйзамына ылайык ишеним кат менен │
│ │тастыкталууга тийиш. │
│ │8. Жергиликтүү каттоо органы │
│ │каттоого берилген документтердин │
│ │көчүрмөлөрүн түп нускалары менен │
│ │салыштырууга жана бүтүм бекиткен │
│ │жактардын, ошондой эле │
│ │документтердеги башка адамдардын │
│ │кол тамгаларынын аныктыгын │
│ │текшерүүгө милдеттүү. │
│ │Каттоочу кыймылсыз мүлктүн аны │
│ │ажыратып жаткан адамга таандыгын │
│ │жана ал мүлккө болгон │
│ │оордотууларды жана чектөөлөрдү │
│ │текшерүүгө милдеттүү. │
│ │9. Эгер жаран дене-мүчөсүнүн │
│ │кемчилигинин, оорусунун │
│ │натыйжасында же башка маанилүү │
│ │себептерден улам өз колу менен кол│
│ │коео албаса, анын тапшырмасы │
│ │боюнча өзүнүн жана каттоочунун │
│ │катышуусу менен бүтүмгө, арызга же│
│ │башка документке, жарандын өз колу│
│ │менен документке кол коео │
│ │албагандыгынын себебин көрсөтүү │
│ │менен, башка жаран (бүтүм анын │
│ │пайдасына бекитилген жарандан │
│ │башкасы) кол кое алат. │
│ │10. Эгер берилген документтин │
│ │аныктыгынан күмөн саналса, анда │
│ │жергиликтүү каттоо органы аны │
│ │тийиштүү органга экспертизага │
│ │жиберүүгө укуктуу. │
│ │11. Жергиликтүү каттоо органы │
│ │каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү │
│ │үчүн зарыл болгон маалыматтарды │
│ │жана документтерди мамлекеттик │
│ │органдардан, башка мамлекеттик │
│ │уюмдардан суроого укуктуу. │
│ │12. Келишимдердин негизинде пайда │
│ │болгон, милдеттүү нотариалдык │
│ │күбөлөндүрүүнү талап кылбаган │
│ │кыймылсыз мүлккө укуктарды │
│ │мамлекеттик каттоо Кыргыз │
│ │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│ │аныкталган тартипте жүргүзүлөт.". │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|