Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-ноябры № 696
Кыргыз Республикасынын энергия системасынын энергияны өндүрүүчү, өткөрүп берүүчү жана бөлүштүрүүчү уюмдарынын иштеринде эреже бузууларды териштирүү жана эсепке алуу боюнча эрежени бекитүү жөнүндө
Энергияны өндүрүүчү, өткөрүп берүүчү жана бөлүштүрүүчү уюмдардын иштеринде аварияларды жана иштебей калган учурларды натыйжалуу териштирүү жана эсепке алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын энергия системасынын энергияны өндүрүүчү, өткөрүп берүүчү жана бөлүштүрүүчү уюмдарынын иштеринде эреже бузууларды териштирүү жана эсепке алуу боюнча тиркелген эреже бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|