Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 4-ноябры № 699

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү тиркелген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов