Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-ноябры № 703
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Карышкырларга жана чөөлөргө каршы күрөштү күчөтүү жана республиканын аймагында алардын санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-сентябрындагы № 509 "Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Жок кылынган карышкырлардын жана чөөлөрдүн терилерин өткөргөндүгү үчүн сыйлыктар төмөнкүдөй өлчөмдө (бир башы үчүн) белгиленсин: карышкыр үчүн (дөбөтү, канчыгы) - 5000 сом, карышкырдын бөлтүрүктөрү үчүн - 3500 сом, чөө үчүн - 3000 сом.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу, ошондой эле аңчыларга материалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды кошумча каржылоого 2011-жылы республикалык бюджеттен 1 млн.сом бөлсүн;
- жогоруда аталган иш-чараларды кошумча каржылоого республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүндө жыл сайын 2 млн.сом өлчөмүндө каражат карасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|