Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-ноябры № 707
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Автотранспорт каражаттарынын оптималдуу жол берилген параметрлерин кабыл алуу, автомобилдик жүк ташуулардын натыйжалуулугун камсыздоо, ошондой эле ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн арналган транспорттук каражаттардын максималдык жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлеринде:
1-пункттун 1.2-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "24" деген цифралар "25" деген цифралар менен алмаштырылсын;
1-пункттун 1.3.2-пунктчасынын бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "44" деген цифралар "48,5" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинде:
6-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Жол фондусуна" деген сөздөр "республикалык бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:
10-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Жол фондусуна" деген сөздөр "республикалык бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыккан маалыматты Казакстан Республикасына, Тажикстан Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Кытай Эл Республикасына белгиленген тартипте маалымат катары билдиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|