Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-июлу № 480
2012-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана профсоюз органдарынын жетекчилери:
- жайкы мезгилде уюшкандыкта эс алууга балдарды көбүрөөк тартууну камсыз кылышсын;
- көп тараптуу макулдашууларда жана түзүлгөн жамааттык келишимдерде балдардын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо системасына мамлекеттик жана башка колдоо көрсөтүүнү, балдардын ден соолугун чыңдоочу жайлардын тармагын сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу чараларды карашсын;
- балдардын эс алуу индустриясын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык жана башка ишкердик иштерге ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги менен бирдикте 2010-жылдын апрелинде, майында жана июнунда болуп өткөн окуялардын учурунда каза болгон, жабыр тарткан жана дайынсыз жоголгон республиканын жарандарынын балдарынын жайкы эс алуусун уюштурууну камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тарбия берүү процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле балдардын дене тарбия деңгээлин жогорулатуу жана билим берүү, мектептен тышкаркы жана спорттук уюмдарда сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүнө окутуу, спорт, туризм менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү максатында мектеп алдындагы балдар аянтчаларын, мугалимдер, тарбиячылар жана дене тарбия мугалимдери үчүн семинарларды өткөрүүнү уюштурсун;
- коммерциялык эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекциялары менен калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын балдарын жана девианттык жүрүм-турумдуу балдарды жайкы эс алуу уюмдарына тартууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө, бала асырап алган үй-бүлөдөгү балдардын, жетим балдардын, ошондой эле тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж оорусу бар балдардын, ошондой эле 2010-жылдын апрелинде, майында жана июнунда болуп өткөн окуялардын учурунда каза болгон, жабыр тарткан жана дайынсыз жоголгон республиканын жарандарынын балдарынын ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган 5 млн. сом суммасындагы каражатты өз учурунда каржылоону камсыз кылсын;
- балдардын ден соолугун чыңдоого каралган каражатты Кыргызстан профсоюздар федерациясына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жиберсин.
4. Кыргызстан профсоюздар федерациясы:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорунун тизмесин берсин, анда аларды педагогикалык жана медициналык кадрлар, техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер менен өз учурунда комплектөө, ошондой эле балдарды ташуунун жана тейлөөнүн коопсуздугун жана керектүү укук тартибин камсыздоо максатында алардын жайгашкан жерлери, сменалардын, баруу жана кетүү графиктеринин саны жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлсүн;
- он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорду паспорттоштуруу жана алардын балдарды кабыл алууга даярдыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- тейлөөчү кызматкерлердин (ашпозчулар, тарбиячылар, вожатыйлар) медициналык текшерүүдөн өтүүсүн жана алардын санитардык минимум тапшыруусун контролдоону камсыз кылсын, ошондой эле ичүүчү суунун жана тамак-аш азыктарынын сапатын лабораториялык контролдоону тандоо жолу менен жүргүзсүн;
- балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорго шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоонун тиешелүү аймактык уюмдарын бекитип берсин;
- балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорго балдарды жиберүүнүн алдында жугуштуу оорулар менен байланышта болбогондугу жөнүндө маалымкат берүү менен балдарды жана өспүрүмдөрдү медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылсын;
- социалдык коркунуч тобундагы балдарды жана өспүрүмдөрдү токсикоманияга текшерүүнү камсыз кылсын;
- балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлордун кызматкерлеринин медициналык комиссиядан акысыз өтүүсүн камсыз кылсын;
- ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлордун, ошондой эле балдар күндүз мектепте болуучу мектеп алдындагы лагерлердин санитардык абалын контролдоону камсыз кылсын;
- балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлордо сапаттуу тамактанууну уюштурууга контролдоону камсыз кылсын.
6. Ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлордун жетекчилерине медициналык пункттарды уюштуруу, аларды керектүү дары-дармек каражаттары жана белгиленген талаптарга ылайык медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоо сунушталсын.
7. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" жана "Түндүк электр" ачык акционердик коомдорунун бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирдикте балдардын жайкы эс алуусунун мезгилинде балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорун электр энергия менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратууну болтурбоо боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- балдар түшкөн автобустардын уюштурулган колонналарын коштоону;
- ден соолук чыңдоочу мекемелердеги укук тартибин;
- балдарды ташуу үчүн арналган автотранспорттун техникалык абалын контролдоону.
9. 2012-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
10. 2012-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штаб 2012-жылдын 1-ноябрына чейин ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргызстан профсоюздар федерациясына берсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү ёбөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелери боюнча вице-премьер-министри, штабдын жетекчиси;
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.
|
|