Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу № 481
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акы системасын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтомдун № 6 тиркемесинде:
- II бөлүм төмөнкү редакцияда берилсин:
"┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ II. Ресурстук-методикалык борбор │
├──┬───────────────────────────────────────────┬──────────────────────┤
│22│Директор │ 8300 │
├──┼───────────────────────────────────────────┼──────────────────────┤
│23│Директордун орун басары │ 7400 │
├──┼───────────────────────────────────────────┼──────────────────────┤
│24│Бөлүм башчы │ 6800 │
├──┼───────────────────────────────────────────┼──────────────────────┤
│25│Башкы адис │ 4500 │
├──┼───────────────────────────────────────────┼──────────────────────┤
│26│Жетектөөчү адис │ 3900 │
├──┼───────────────────────────────────────────┼──────────────────────┤
│27│Адис │ 3200 │
└──┴───────────────────────────────────────────┴──────────────────────┘
".
- III бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|