Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июлу № 484
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулуктардын жана төгүмдөрдүн түшүүлөрү токтогондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 283 "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруунун элдик эсебин" администрациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-майындагы № 135-б буйругу.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|