Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-июлу № 486
"Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенция ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Евразиялык экономикалык коомчулугунун Интеграциялык комитетине депонирлесин.
3-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө 2011-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
ЕврАзЭСтин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенциясынын долбоору Бажы биримдигин жана Бирдиктүү экономикалык аймакты калыптандыруу боюнча ЕврАзЭСтин милдетин натыйжалуу аткарууда зарыл болгон шарттарды камсыздоо, ошондой эле башка функцияларды аткаруу үчүн иштелип чыккан.
Конвенция Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана кызматтык ЕврАзЭСтин алкагында иштеген бул жана башка эл аралык келишимдерде каралган функцияларды аткаруу жана максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон артыкчылык жана иммунитеттерден пайдаланган 2000-жылдын 10-октябрындагы ЕврАзЭСти уюштуруу жөнүндө Келишимдин 16-беренесинин жоболоруна ылайык иштелип чыккан.
Документ ЕврАзЭСтин институттарынын ишмердигине көмөктөшүүгө чакырылган функционалдык иммунитеттеринин жана артыкчылыктарынын комплексин түзөт. Анын аракети органдардын жана өкүлчүлүктүн, Катчылыктын кызматтык адамдарына жана кызматкерлерине, ошондой эле ЕврАзЭСтин өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө жана активдерине жайылат. Мында Башкы катчы, кызматтык адамдар жана ЕврАзЭСтин органдарынын кызматкерлери эл аралык кызматкерлер болуп эсептелип, дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-жылдын 18-апрелиндеги Вена конвенциясында дипломатиялык агент үчүн каралган көлөмдө артыкчылык жана иммунитеттерден пайдаланышат.
Конвенция жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Конвенцияда Кыргыз Республикасы үчүн каржы милдеттерин каралган эмес. Муну менен ЕврАзЭСтин институттары мамлекеттин аймагынан өз максаттарын жана милдеттерин аткаруусуна байланыштуу алынуучу салыктардын жана топтомдордун, бажы жана башка төлөмдөрдүн бардыгынан бошотулат.
Кыргыз тарабы кол койгон ЕврАзЭСтин № 1254 Интеграциялык комитетинин чечими менен жогорудагы Конвенция 2011-жылдын 15-апрелинде жактырылган.
Бул Конвенция 2011-жылдын 19-декабрында Москва шаарында ЕвраАзЭСтин (мамлекет башчыларынын деңгээлинде) Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары | Т.Джунушалиев |
Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Москва шаарында 2011-жылдын 19-декабрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенция (мындан ары - Конвенция) Бажы союзу жана Бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү боюнча ЕврАзЭСтин милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыздоону карайт.
Конвенция жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Конвенциянын долбоору "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган.
Андан ары Конвенциянын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-декабрындагы № 557-б буйругу менен жактырылган.
Ошондой эле ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин, анын ичинде Кыргыз тарап дагы кол койгон 2011-жылдын 15-апрелиндеги № 1254 чечими менен жогоруда аталган Конвенциянын долбоору жактырылган.
Конвенция 2011-жылдын 19-декабрында Москва шаарында ЕвраАзЭСтин (мамлекет башчыларынын деңгээлинде) Мамлекет аралык кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Документ ЕврАзЭС институттарынын иштерине көмөктөшүүгө чакырылган функционалдуу иммунитеттердин жана артыкчылыктардын комплексин камтыйт. Анын аракети органдардын жана өкүлчүлүктөрдүн, Катчылыктын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ЕврАзЭСтин өкүлчүлүктөрүнүн органдарынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө жана активдерине жайылтылат.
Конвенциянын 4-беренесинде ЕврАзЭСтин органдары жана ЕврАзЭСтин өкүлчүлүктөрү салыктардан, жыйымдардан, алымдардан жана келген мамлекетинде алынуучу башка төлөмдөрдөн бошотулаары каралган, буга тейлөөнүн (кызмат көрсөтүүнүн) конкреттүү түрлөрү үчүн акы төлөө түрүндө болгон төлөмдөр жана ушул Конвенциянын 46 жана 47-беренелерине ылайык төлөнө турган төлөмдөр (чегерүүлөр жана төгүмдөр) кирбейт.
ЕврАзЭСтин органдарынын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн расмий түрдө пайдалануусуна арналган буюм же башка мүлктөр Тараптардын аймагында бажы алымдарынан, салыктардан жана бажы жыйымдарынан бошотулат.
Бул ченем эл аралык ченемдерге ылайык каралган жана эски редакцияда камтылган. Ушуга байланыштуу Конвенциянын 4-беренеси республикалык бюджет үчүн бейтарап мааниге ээ.
Конвенциянын 11-беренесине ылайык кызмат адамдары жана келген мамлекетинде алар менен бирге жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрү айлык акыга жана ЕврАзЭСтин органдары тарабынан төлөнгөн башка сыйлыктарга салынган салыктан бошотулат, ошондой эле Коомдоштукка мүчө-мамлекеттерде тиричиликте алгач колдонулуучу буюмдар жана башка мүлккө салынган бажы алымдарынан, салыктардан жана бажы жыйымдарынан бошотулат.
Бул ченем эл аралык ченемдерге ылайык каралган жана эски редакцияда камтылган.
Мында артыкчылыктар келген мамлекеттин жарандарына таркатылбайт, б.а. Кыргыз Республикасынын жарандарынан салык алынат. Ушуга байланыштуу Конвенциянын 11-беренеси республикалык бюджет үчүн бейтарап мааниге ээ, эч кандай оорчулук келтирбейт.
Конвенциянын 32-беренесине ылайык ЕврАзЭСтин алдындагы өкүлчүлүктөр, ЕврАзЭСтин алдындагы өкүлдөр, дипломатиялык администрациялык-техникалык кызматкерлердин мүчөлөрү, ошондой эле алардын чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жана тейлөө кызматынын мүчөлөрү, эгерде алар келген мамлекеттин жарандары болуп саналбаса, мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, дипломатиялык агенттерине жана администрациялык-техникалык кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн тейлөө кызматкерлерине 1961-жылдын 18-апрелиндеги дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык берилгендей артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана жеңилдиктерди пайдаланышат. Бул берененин иш-аракети келген мамлекетиндеги ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнө жайылтылбайт. Мында эл аралык кызматкер болуп эсептелген ЕврАзЭСтин Башкы катчысы, кызматтык адамдары жана органдарынын кызматкерлери 1961-жылдын 18-апрелиндеги дипломатиялык агент үчүн дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясында каралган көлөмдө артыкчылыктар менен иммунитеттерди пайдаланышат.
Конвенциянын 34-беренесине ылайык ЕврАзЭСтин алдындагы өкүлгө жана ЕврАзЭСтин алдындагы Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин мүчөлөрүнө, эгерде бул келген Тараптын мыйзамдарында каралса, бажы алымдарынан, салыктан жана алар менен байланыштуу жыйымдардан бошотуу менен ЕврАзЭСтин алдындагы Өкүлчүлүктүн расмий пайдалануусу үчүн арналган буюмдарды жана башка мүлктөрдү, ошондой эле ЕврАзЭСтин алдындагы өкүлдүн, ЕврАзЭСтин алдындагы Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жеке пайдалануусу үчүн арналган буюмдарды жана башка мүлктөрдү алып келүүгө уруксат берилет.
Ушуга байланыштуу 34-берене республикалык бюджет үчүн бейтарап мааниге ээ.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасы тарабынан 2011-жылдын 19-декабрындагы Евразиялык экономикалык коомчулуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо республикалык бюджетке оорчулук келтирбейт.
|
|