Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-июлу № 501
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- аталган токтом менен бекитилген Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
бардык тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта:
биринчи абзацтагы "экономикалык өнүктүрүү жана соода" деген сөздөр "экономика жана монополияга каршы саясат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ведомстволор аралык комиссиясынын жооптуу катчысынын функциясын Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин ДСУнун маселелери үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн башкармалыгынын начальниги ишке ашырат.";
12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин эл аралык соода саясаты башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин ДСУнун маселелери үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын";
- аталган токтом менен бекитилген Дүйнөлүк соода уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жободо:
бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пунктта:
он сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жыйырманчы абзацта:
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы жыйырма төртүнчү-жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууну жана анын стандарттар бөлүгүндөгү тиркемелерин, анын ичинде улуттук стандарттар боюнча билдирүүлөрдү даярдоону (С параграфы, J параграфы, 3-тиркеме, 10.1.1; 10.3.1-б.) аткарууну камсыз кылат;
- стандарттар бөлүгүндө СТТ маалыматтык кызматынын ишин камсыздайт;
- Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга ылайык улуттук стандарттарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу боюнча ишти уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте билдирүүлөрдү даярдоо бөлүгүндө Санитариялык жана фитосанитариялык чаралар боюнча макулдашууга ылайык милдеттенмелерин аткарууну камсыздайт.";
3-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча көп тараптуу макулдашууларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр процессинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен бирдикте катышат;
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча комитеттин жыйындарына катышуу үчүн ДСУдагы Кыргыз Республикасынын өкүлү үчүн нускамаларды даярдоо боюнча ишти камсыздайт;
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруусун камсыздайт.".
4-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы ", анын ичинде билдирүүлөрдү даярдоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
8-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9-10-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
12-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын укук башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү базарлардын, ишканалардын ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын директорлор гильдиясы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).".
|
|