Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-июлу № 504
"Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп-катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын "Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп-катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп-катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Бишкек шаарынын мэрине аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуусу сунуш кылынсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кытай тарапка белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын бул мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу жаатындагы 2007-жылдын 14-августундагы техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө Өкмөттөр аралык Макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында даярдалган.
Шаардык мектеп мекемелеринде, тактап айтканда "Жал" кичи районунда окуучулук орундарды көбөйтүү, окуу процессин заманбап деңгээлде жана класстык кабинеттерди тийиштүү жабдуулар менен жабдууну уюштуруу бул мектепти куруу долбоорунун максаты болуп саналат.
Аталган мектептин курулушу жогоруда белгиленген Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу тарабынан каралган кайта кайтаруусуз гранттын эсебинен пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы № 69-б буйругуна ылайык 2012-жылдын 2-мартындагы алмашуу кат жолу менен бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган мектепти куруунун долбоорун ишке ашыруу боюнча жооп катынын долбоорун жактыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин 2012-жылдын 28-февралындагы № 4833 оң корутундусу бар.
Жогоруда аталган мектепти куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.
Алмашуу катын ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички процедураларды аткаруу кытай тарабына жакынкы мөөнөттө тийиштүү даярдоо жумуштарын жүргүзүү үчүн экспедициалык топту жөнөтүүгө мүмкүндүк берет жана мектептин курулушунун башталышына байланышкан маселелердин чечилишин тездетет.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу жогоруда аталган мыйзам долбоорун колдоого алууну жана аны "Кыргыз Республикасынын "Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын ____________ № ___ токтому менен жактырылган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мэр | И.Өмуркулов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп-катын карап чыгып төмөнкү жыйынтыкка келди.
Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорунун максаты болуп шаардык мектеп мекемелеринде окуучу орундарын көбөйтүү, окутуу процессин заманбап деңгээлде уюштуруу жана класс кабинеттерин тиешелүү түрдө жабдуу эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 14-августундагы Техникалык-зкономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык бул мектепти кытай тарап берүүчү кайтарымсыз гранттын эсебинен куруу каралып жатат.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 7-августундагы № 350 токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына аталган мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн № 29 "Жал" кичи районундагы аянты 2.44 га жер участогу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтүүсүз) пайдаланууга берилген. Белгиленген тартипте жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө № 010813 Мамлекеттик актыcы таризделди жана жер участогуна укугу каттоодон өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу" токтому менен бул мектепти долбоорлоо жана куруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы заказ берүүчү болуп аныкталган.
Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу 2012-жылдын 2-мартында кат алмашуу жолу менен түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Бишкек шаарынын мзри И.Омүркулов кол койгон алмашуу каттын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы № 69-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга ылайык кытай тарап бул долбоорду ишке ашыруу үчүн долбоорлоо, инженердик-техникалык персоналды керек болгон санда Кыргызстанга жиберүү, курулуш үчүн материалдарды, техниканы, жабдууларды жеткирүү үчүн жооп берет.
Талап кылынуучу чыгымдардын бөлүгүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 14-августундагы Техникалык-зкономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган кайтарымсыз гранттын эсебинен жүргүзүлөт. Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттардын жетишсиздик маселеси Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кошумча макулдашуунун жолу менен чечилет.
Акыркы учурда кытай тарабынан сунушталган мектептин эскиздик долбоору макулдашылды.
3 кабаттуу 750 окуучулук орундуу 20 классы, бир кабаттуу спорт зал блогу бар, мектептин курулушу пландаштырылууда.
Объекттин электр жабдуу, суу жабдуу жана канализация, газ жабдуу жана телефондоштуруу техникалык шарттары алынды. Азыркы учурда от казан куруу боюнча иштер аяктады.
Аталган мектепти куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жообун ратификациялоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоонун жүрүшүндө, ал министрликтер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде жогоруда аталган мыйзам долбоорун колдоого алуу жана "Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп-катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган редакциясында кабыл алууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
|
|