Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-июлу № 506
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана облустун аймагында мамлекеттик бийликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Облустук мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Аппаратына өзгөртүп түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты облустук мамлекеттик администрациянын укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр белгиленген тартипте эки жумалык мөөнөттө:
- мурда облустук мамлекеттик администрациялардын карамагында болгон бардык документтерди, негизги жана материалдык-техникалык каражаттарды ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратына кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн жумушчу комиссияларды түзүшсүн;
- облустук мамлекеттик администрация ээлеп турган администрациялык имараттагы жайларды натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды киргизишсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|