Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-июлу № 520
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу
Буудайга болгон дүйнөлүк баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокто буудай унуна жана аны кайра иштетүүнүн продукттарына болгон баанын өсүшүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетин жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин катчылыгын белгиленген тартипте маалымдасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|