ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июлу № 521 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция30.07.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 30-июлу № 521

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

"Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 16-августундагы № 374 "Жашыруун эмес басылмаларды басып чыгаруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жашыруун эмес басылмаларды басып чыгаруу эрежелеринде:

- 1.2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 4.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"4.1. Атайын жана аскердик басылмалардан башка бардык чыгарылган басылмаларда төмөнкүдөй чыгаруу тууралуу маалыматтар болушу керек:

1) авторлор жана басылманы түзүүгө катышкан башка адамдар жөнүндө чыгаруу маалыматы; басылманын аталышы; аталыштын үстүндөгү маалыматтар; аталыштын астындагы маалыматтар;

2) чыгаруу тууралуу маалыматтар басылма чыгарылган жерди (чыгаруучунун аты жана басылманын чыккан жылы) камтыйт;

3) чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: терүүгө берилген жана басууга кол коюлган күнү, түрү, номери, кагаздын форматы, барактын үлүшү, негизги тексттеги тамганын гарнитурасы, басып чыгаруунун түрү, басып чыгаруу жана эсеп-басма барактарынын көлөмү, тиражы, полиграфиялык ишкананын заказынын номери, басып чыгаруучунун аты жана толук дареги, полиграфиялык ишкананын аталышы жана толук почта дареги;

4) эл аралык стандарттык номерлер китептин Кыргызстанга берилген эл аралык сериялык стандарттык номерин (ISB№) же цифралардын тобу менен эл аралык стандарттык сериялык номерин (ISS№), автордук укукту коргоо (C) белгисин жана өзгөчө мүлктүк укук (C) ээсинин атын (аталышын), чыгарманын чыккан жылын камтыйт;

5) классификациялык индекстер УОК индексин (универсалдуу ондук классификация), КБК индексин (китепканалык-библиографиялык классификация) камтыйт." ;

- төмөнкү мазмундагы 4.2-пункт менен толукталсын:

"4.2. Атайын жана аскер басылмаларынан башка мезгилдүү басылмаларда төмөнкү чыгаруу тууралуу маалыматтар камтылышы керек: басылманын аталышы, уюштуруучусу, редактордун аты-жөнү, чыгаруунун катар номери, чыгарылган күнү жана басууга кол коюлган убактысы, мезгилдүүлүгү, индекси, тиражы, баасы, редакциянын, басманын жана басмакананын дареги.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-майындагы № 296 "Слово Кыргызстана" басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Слово Кыргызстана" басма үйү жөнүндө жободо:

4-пункту "ишмердигинде" деген сөздөн кийин "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы № 352 "Кыргыз Туусу" басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Туусу" басма үйү жөнүндө жободо:

4-пункту "ишмердигинде" деген сөздөн кийин "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын," деген сөздөр менен толукталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов