Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-августу № 524
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313 "Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Жободо:
- бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта:
б) пунктчасындагы "Мамлекеттик бажы инспекциясында жана" деген сөздөр алып салынсын;
в) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"в) сот органдарында, прокуратура органдарында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде, мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун башка органдарында, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аскер кызматкери катарында иштеген (кызмат өтөгөн) мезгили (анын ичинде запаста жүргөндөргө), ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын салык органдарынын, ошондой эле экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катардагы жана жетекчи курамдагы адамдарына;";
- 3-пункттагы "директору" деген сөз "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-июнундагы № 382 "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен Кыргыз Республиканын бажы органдарында кызмат өтөп баштагандан тартып календардык эсептөө менен 15 жылдан ашкандан кийин сыйланат.";
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- бардык текст боюнча:
"МБИ" аббревиатурасы жана түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
экинчи абзацтагы "бажылардын" деген сөз "бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүктөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. "Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен сыйлоо чечими бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан буйрук формасында кабыл алынат.
"Бажы кызматынын чыгааны" төш белгисин тапшыруу бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан салтанаттуу түрдө жүргүзүлөт.";
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"11."Бажы кызматынын чыгааны" төш белгиси менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин, ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлдөрү сыйланбайт.";
Жобонун тиркемесинде:
- он биринчи абзацтагы "же башка адамдардын жарандык көйнөктөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын
кызматкерлеринин ант берүү
ТАРТИБИ
Ушул Тартип "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин ант берүү жол-жобосун белгилейт.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарына биринчи жолу дайындалган, сыноо мөөнөтүнөн өткөн бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары (мындан ары - кызматкерлер) аттестациядан өткөндөн кийин жана аларга биринчи атайын наам ыйгарылган күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен ант берет.
2. Ант берүү салтанаты бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана ведомствого караштуу бөлүкчөлөрдө өткөрүлөт.
3. Ант салтанаттуу жагдайда, Кыргыз Республикасынын жана бажы кызматынын желектери, ошондой эле тийиштүү символикалар орнотулган жайда берилет.
Ант берүү салтанатына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле бажы кызматынын ардагерлери чакырылышы мүмкүн.
4. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен ант берүү салтанатына оркестр чакырылышы мүмкүн.
5. Ант берүү салтанатын өткөрүүнү уюштуруу жана анын жол-жобосу, өткөрүлө турган күнү бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
2. Салтанат өткөрүүнү уюштуруу
6. Ант берүү салтанатын өткөрүү бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте саптык кароо формасында жүргүзүлөт.
7. Ант берүүчү кызматкерлердин тизмеси бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматы тарабынан түзүлөт жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Ант берүү салтанатын өткөрүү үчүн кийимдин өкүлчүлүк формасы белгиленет.
9. Ант берүү салтанатына бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, анын орун басарлары, ошондой эле ант берүүчү кызматкерлер катышат.
Ант берүү салтанаты ведомствого караштуу бөлүктөрдө өткөрүлгөндө ага бажы органдарынын начальниктери, алардан орун басарлары, ошондой эле ант берүүчү кызматкерлер катышат.
10. Ант берүү салтанаты бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин/ведомствого караштуу бөлүктүн начальнигинин ант берүүнүн, ант берип жаткан кызматкерлерге жүктөлгөн ардактуу жана жоопкерчиликтүү милдеттердин маанисин эскерткен сөзү менен башталат.
11. Ар бир ант берип жаткан кызматкер алфавиттик тартипте түзүлгөн тизмеге ылайык бериле турган анттын текстин окуйт ("Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык), андан кийин ушул Тартиптин тиркемесине ылайык Ант берип жаткан кызмат адамдарынын тизмесине өз колу менен кол коет.
12. Ант берүү салтанаты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу жана салтанаттуу марш менен аяктайт.
3. Корутунду жоболор
13. Ант берген кызматкерлердин тизмеси бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматында өзгөчө папкада боо менен тигилип, сургуч мөөрү коюлуп сакталат.
14. Кызматкердин өздүк көктөмөсүнүн кызматтык тизмесине бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматы тарабынан ант берилгени тууралуу күнүн, айын жана жылын көрсөтүү менен жазылат.
| Тиркеме |
201_-жылдын "___" ________________ ант берген
кызмат адамдарынын
ТИЗМЕСИ
__________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын бажы органын аталышы)
┌───┬──────────────────────────┬───────────────────────┬──────────────┐
│ N │ Аты-жөнү │ Кызматы │ Колу │
│ │ │ │ │
├───┼──────────────────────────┼───────────────────────┼──────────────┤
├───┼──────────────────────────┼───────────────────────┼──────────────┤
├───┼──────────────────────────┼───────────────────────┼──────────────┤
└───┴──────────────────────────┴───────────────────────┴──────────────┘
__________________________________________________________________
(бажы органын жетекчисинин/начальнигинин аты-жөнү, колу)".