Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2002-жылдын 24-январы N 11 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 1-статья. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 7,101-ст.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-зилсин: 1-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин жана анын палаталарынын токтомдору" дегенсөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин палаталарынын токтом-дору" деген сөздөр менен алмашылсын. 6-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши жана анын палаталары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин палаталары" деген сөздөр менен алмашылсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев 2001-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган