Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10-январындагы 2014-жылдагы № 12 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет катары калыптанышы үчүн улуттук мыйзам тутумун түзүү жана өнүктүрүү талап кылынган. Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген, мамлекет кепилдеген жарандардын укуктарынын арасындагы жазык-процесстик доктринанын алкагында мамлекеттик коргоо деп аталуучу жазык процессинин катышуучуларын коргоо азыркы убакта олуттуу мааниге айланып баратат. Жазык процессинде коргоо – бул коомдо коопсуздуктун, акыйкаттуулуктун жана мыйзамдуулуктун сөзсүз кепилдигин камсыз кылуучу мамлекеттик иш. Көрсөтмөлөрдүн чындыгына таасир эткен маанилүү факторлордун бири жазык сот өндүрүшүнүн коомдук мамилесине тартылган адамдардын кол тийбестигинин мамлекеттик кепилдиги болуп эсептелет.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык практикасы жазык иштерин тергөөгө каршылык көрсөтүү максатында уюшкан кылмыш түзүлүштөрүнүн мүчөлөрү тарабынан басым көрсөтүүсүнөн күбөлөрдү коргоонун укуктук базасы түзүлгөн мамлекеттерде бул багытта кыйла ири ийгиликтер жаралып жаткандыгын көрсөтүүдө.
1999-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде сот ишине көмөк көрсөткөн адамдарды коргоо маселеси камтылган: анда жабырлануучунун статусу олуттуу даражада кеңейтилген, жазык сот өндүрүшүнө катышкан адамдын укуктарын камсыз кылуу деңгээли жогорулатылган, бирок ал тилекке каршы жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо менен байланышкан бардык көйгөйлөрдү чечкен жок.
2006-жылдын 30-июнунан тартып күчүнө кирген «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен мамлекеттик коргоо, мамлекеттик коргоо чаралары жана аларды колдонуу негиздери, ошондой эле жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын мамлекеттик коргоону камсыз кылган органдардын чөйрөсү деген түшүнүктөр биринчи жолу бекитилген. Бирок көптөгөн көйгөйлөр чечилбей калган. Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси тийиштүү деңгээлде чечилбей калууда. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекет кепилдик бере турган жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоонун натыйжалуу тутумун уюштурууга өлкөнүн мыйзамдары үчүн жаңы комплекстүү мамилени иштеп чыгуу зарыл. Бул мамлекеттик кепилдик азыркы учурда жазык сот ишин жүргүзүүгө зарыл шарт болуп эсептелет, анткени сот ишин жүргүзүү үчүн көмөк көрсөткөн адамдардын коопсуздугунун адаттагы жазык-укуктук жана жазык-процесстик кепилдиктери жетишсиз болгондугуна шек жок.
Ушуга байланыштуу жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери жетишсиз иштелгендигин, ал эми укук коргоо органдары сот ишине көмөк көрсөткөн күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка адамдарды коргоо боюнча чараларды практикалык жактан колдонуу үчүн так иштелип чыккан мыйзамдык багыттарды аныктоого өтө муктаж экендигин моюнга алышыбыз керек.
Демек, жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйү бүгүн теориялык аспектте, ошондой эле практикалык жагынан да өзгөчө актуалдуу.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде жана «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык жоболор коюлган милдеттерди чечүүдө жыйынтыктарга жетишүү, ал ченемдерди өркүндөтүү жана көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы мамилелерди аныктоо үчүн укук колдонуучулардын иш-аракеттеринин тартибин жана ырааттуулугун жөнгө салган көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууну талап кылат.
Бул көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын аймагында, уюшкан кылмыштуулуктун улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген белгилери бар уюшкан кылмыш тобунун же коомдоштугунун (мындан ары - УКТ) мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштарга каршы компромиссиз аракеттенүү шартында актуалдуу. Жазык иштери боюнча өндүрүштүн натыйжалуулугу сот ишине көмөк көрсөткөн адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кепилдиктердин бирдиктүү тутумун түзүүдөн, кызыкдар адамдар тарабынан кол салуудан адамдын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоодон олуттуу деңгээлде көз каранды.
«Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 174-б буйругу менен 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын (мындан ары – Мамлекеттик программа) иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Бул Мамлекеттик программаны иштеп чыгууда жазык иштери боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучуларын ыкчам коштоодо укук коргоо органдарынын укук колдонуу иш-аракетинин тажрыйбасы, ошондой эле ушул тармакта иш-чараларды пландоо жана өткөрүү боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасы эске алынган.
Мамлекеттик программа жарандыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык жана социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыгына, динге болгон мамилесине жана саясий көз караштарына карабастан коргоого алынган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды социалдык колдоо боюнча мыйзамдарда аныкталган чараларды аткарууга багытталган.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу зарыл болгон статистикалык маалыматтарды алууну, ошондой эле мамлекеттик коргоонун тигил же бул чарасын колдонуу тажрыйбасын топтоону, ошондой эле коргоого алынган бир эле адамга карата бир нече чараларды колдонууну камсыз кылат.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары мамлекеттик коргоо чараларын өркүндөтүү, коргоого алынган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда, ошондой эле мамлекеттик коргоо чараларын ишке ашыруунун натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, аларды баалоонун методикасын жана критерийлерин иштеп чыгууда пайдаланылат.
Окуяны өз көзү менен көргөн адамдын күбө болгон иштин жагдайлары жөнүндө көрсөтмө берүүсүнөн сот ишин жүргүзүүдө чындыкты аныктоо, анын калыс, ар тараптуу жана толук каралышы көз каранды экендигин белгилей кетүү зарыл. Процесстик тариздөө жол-жобосу, суракка катышуу – бери дегенде түйшүктүү, ал эми ары дегенде – кооптуу иш экендиги белгилүү. Кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана укуктук мамлекет куруу Кыргыз Республикасынын жарандарынан тырышчаактыкты, эрдикти жана чыдамкайлыкты талап кылат. Сот ишине көмөк көрсөткөн күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка адамдардын коопсуздугун укуктук «декларативдүү» камсыз кылуу көйгөйү тергөө өндүрүшүн жүргүзүүдө, ошондой эле сотто дагы күбөлөр тарабынан көрсөтмө берүүдөн баш тартуунун же аны өзгөртүүнүн негизги себеби болуп калган.
Республикадагы криминогендик кырдаал кылмыш ишинин, өзгөчө уюшкан кылмыштын жаңы формаларынын жана түрлөрүнүн пайда болушу менен мүнөздөлөт. Уюшкан кылмыштуулук татаал антисоциалдык көрүнүш катары укук бузуу ишинин көптөгөн түрлөрүн монополизациялоо аркылуу өзүнүн позицияларын бекемдөөдө, экономика тармагына активдүү киришүүдө, ал эми айрым учурларда бийлик түзүмдөрүнө жол ачууга умтулууда.
Республиканын укук коргоо органдары тарабынан 2002-жылдан тартып 2012-жылга чейинки мезгилде катталган кылмыштардын жалпы саны жыл сайын 30 миңден ашып турган. Ушуну менен бирге, тапшырык мүнөздөгү жана криминалдык чечишүү белгилери менен адам өлтүрүүнүн жана адам өлтүрүүгө кол салуулардын саны (11 жылдын ичинде) 65ти түзгөн, алардын ичинен 56сы адам өлтүрүү жана 9у адам өлтүрүүгө кол салуулар.
Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучулары барган сайын көбүрөөк кылмышкерлер тарабынан өч алуулардын же коркутуулардын объектиси болуп калууда. Ушунун натыйжасында жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөр, жабырлануучулар жана башка катышуучулар тергөөнүн жүрүшүндө жана сотто өздөрүнүн алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартышса, ал эми күнөөлүү адамдар жоопкерчилигинен качышат.
Мындай шарттарда жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын физикалык жана психологиялык зордуктоодон мамлекеттик коргоо өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
Практика көрсөтүп тургандай милицияга болгон ишеним төмөн болгондуктан жана жазык процессинин катышуучуларын талаптагыдай коргоо камсыз кылынбагандыктан кылмыштарды, өзгөчө УКТ жасаган кылмыштарды тергөөдө жана бетин ачууда тергөөчүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун камсыз кылууга тоскоолдук жараткан бир катар көйгөйлөр пайда болууда.
Ошентип, жазык иштеринин көрсөтүлгөн категорияларын тергөөдөгү негизги кыйынчылык – бул уюшкан кылмыш тобуна тиешеси бардыгын, анын туруктуулугун, уюшулгандыгын, куралдангандыгын жана ага катышкандыгын далилдөө процесси. Шектүүлөр жана айыпкерлер көпчүлүк учурларда тергөөгө көмөк көрсөтүшпөйт, кылмыш издерин, буюм-заттык жана башка далилдерди табууга, белгилөөгө каршы аракет кылышат. Жабырлануучулар жана күбөлөр тергөөнүн жүрүшүндө, тергөөнүн ыкчам коштоосунун шартында кылмышкерлердин бетин ачуучу көрсөтмөлөрдү беришет, бирок соттук териштирүүнүн жүрүшүндө алар күч колдонуу тууралуу коркунучтан чочулап же болбосо материалдык компенсация алып, айыптоону жактоодон баш тартышат же өздөрүнүн баштапкы көрсөтмөлөрүн өзгөртүшөт. Ыкчам коштоо жок болгон учурда жабырлануучулар жана күбөлөр тергөөнүн баштапкы баскычында эле көрсөтмө берүүдөн баш тартышат. Коркунучтар, коркутуулар жана укук бузуу иш-аракеттери алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата дагы колдонулат. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жок болгондуктан, УКТнын активдүү мүчөлөрү соттон акталып чыккан мисалдар бар. Сот ишин жүргүзгөн жана жазык иштерин тергеген судьяларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата криминалдык таасир орун алууда.
Бул Мамлекеттик программанын негизги максаты «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет.
Жогоруда көрсөтүлгөн максатты ишке ашыруу үчүн жарандардын жазык сот өндүрүшүнө катышкандыгына байланыштуу алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдетти аткаруу зарыл.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу механизми ушул Мамлекеттик программанын курамдык бөлүгү болуп эсептелген пландоо, аткаруу жана контролдоо процесстерин башкарууну камсыз кылган иш-чаралар планын өзүнө камтыйт.
Мамлекеттик программа 2016-жылга чейинки үч жылдык мөөнөткө эсептелген.
Мамлекеттик программаны каржылоо «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана ушул Мамлекеттик программанын алкагындагы иш-чаралар планын аткаруу үчүн зарыл болгон бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик программанын иш-чаралары каражаттарды сарптоо жөнүндөгү маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу тартибинде аткарылат.
Ушул Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө укук бузууга, ден соолукка зыян келтирүүгө, ошондой эле жазык сот өндүрүшүнө катышкан адамдардын мүлкүн талкалоого, бузууга чек коюу сыяктуу натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө. Көрсөтмөлөрдү берүүдө күбөлөрдүн активдүүлүгүн өстүрүү, сот ишин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Программанын катышуучулары болуп: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги саналат.
Программанын негизги иш-чаралары 1-тиркемеде келтирилген.
Программанын иш-чаралары колдонулуп жаткан максаттуу жана ведомстволук программадагы иш-чараларды кайталабайт.
Программаны каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.
Программанын иш-чараларын каржылоого мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын көлөмү туура келүүчү жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорун түзүүдө жыл сайын белгиленген тартипте такталат.
Программанын катышуучулар арасында мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүү кезектеги финансы жылына Программаны ишке ашырууга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Программанын иш-чаралары жүргүзүлгөн чыгымдар тууралуу маалыматтардын жашырындуулугун камсыз кылган тартипте ишке ашырылат.
Программаны ишке ашыруунун механизми өзүнө аткаруучулук жана контролдук мерчемдөө процессин башкарууну камсыз кылуучу уюштуруучулук иш-чараларды камтыйт.
Программаны ишке ашыруунун жүрүшү үчүн кезектеги контролду жана катышуучулардын ишмердигин координациялоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги иш жүзүнө ашырат.
Программанын катышуучулары жыл сайын мамлекеттик коргоо чараларын колдонуунун жыйынтыктарын көңүлгө алуу менен иш-чаралар боюнча чыгымдарды жана Программаны ишке ашырууга бөлүнгөн финансы каражаттарын тактайт.
Өзүнчө иш-чараларды каржылоонун көлөмүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашылган Программаны ишке ашыруунун жүрүшү үчүн координациялоочу орган катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сунуштарына ылайык Программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен иш жүзүнө ашырылат.
Корголуучу адамдарга коркунучу тууралуу кабарларды берүү үчүн жана байланыш, жеке коргоочу атайын каражаттарды сатып алуу боюнча иш-чараны аткаруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныктайт.
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө Программанын катышуучуларынын жана корголуучу адамдардын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Программага катышуучу - Мамлекеттик органдар мамлекеттен бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалануунун жана программалык иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттору жарым жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көрсөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жылдын аягында Программада каралган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Аппаратына көрсөтсүн.
Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруунун маселелери бир кыйла мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ишмердик чөйрөсүн козгойт, ошондуктан «Кылмыштык сот өндүрүшүндө күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, аларды толугу менен корголуучу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуунун комплексинин көйгөйлөрүн чечүү боюнча аракеттерди консолидациялоо шарттарында гана мүмкүн.
Жогоруда айтылган Мыйзамда белгиленген конкреттүү мамлекеттик коргоо чараларды колдонууда практикалык тажрыйбаларды заманбап шарттарда иштеп даярдоо өзгөчө актуалдуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 174-р буюрмасына ылайык жумушчу тобу түзүлгөн, «Кылмыштык сот өндүрүшүндө күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 2014-2016-жылдарда кылмыштык сот өндүрүшүндө күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу Мамлекеттик программасы иштелип чыкты.
Программа кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнө катышуучуларды ыкчам коштоо учурларында укук коргоо органдарынын ишмердигинин укуктук колдонуу тажрыйбаларын, ошондой эле бул чөйрөдөгү иш-чараларды өткөрүүнү жана мерчемдөөнүн чет өлкөлүк тажрыйбаларын эске алат.
Программа корголуучу адамдардын жарандыгына улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык жана социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнө, саясий көз караштарына жана диний мамилелерине карабастан социалдык колдоо жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамда аныкталган чараларды ишке ашырууга багытталган.
Программаны ишке ашыруу зарыл статистикалык маалыматтарды алууну, ошондой эле мамлекеттик коргоонун бул же тигил чараларынын колдонуу тажрыйбаларын чогултууну, ошондой эле бир корголуучу адамга карата бир канча чараларды бир убакытта колдонууну камсыз кылат.
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы корголуучу адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердигин натыйжалуу жогорулатууда, мамлекеттик коргоо чараларын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоодо, ошондой эле мамлекеттик коргоо чараларын натыйжалуу ишке ашыруунун көрсөткүчтөрүн иштеп чыгууда, алардын методикасына жана критерийлерине баа берүүдө колдонулат.
| 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасына тиркеме
|
№ | Иш-чаралар | Ишке ашыруу формасы | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү |
1. | Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды коргоо үчүн шарттарды түзүү (жеке күзөт, турак жайды жана мүлктү коргоо) | 1. Коргоого алынган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын турак жайын жана мүлкүн коргоо үчүн адистештирилген бөлүнүштөрдү түзүү же бул функцияларды болгон бөлүнүштөргө жүктөө (кезектеги финансылык жыл үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылана турган штаттык сандын чегинде). 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | ИИМ, МУКК, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК.
ИИМ МУКК менен бирдикте, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК | 2014-жылдын I кварталы
2014-жылдын I кварталы |
2. | Коргоого алынган адамдарды жекече коргонуунун атайын каражаттары менен камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | ИИМ МУКК менен бирдикте, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК | 2014-жылдын II кварталы
|
3. | Коргоого алынган адам тууралуу маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу, анын ичинде алардын телефондорунун номерлерин жана коммуникациянын башка каражаттарын (Интернет ж.б.), алар пайдаланган же аларга таандык унаа каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилерин өзгөртүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | ИИМ МУКК менен бирдикте, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК | 2014-жылдын II кварталы
|
4. | Коргоого алынган адамдардын документтерин алмаштыруу тартибин аныктоо, анын ичинде анкеталык маалыматтарды, зарыл болгон учурда – көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маалыматтарын өзгөртүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | ИИМ МУКК менен бирдикте, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК | 2014-жылдын II кварталы
|
5. | Коргоого алынган адамдардын сырткы келбетин өзгөртүү тартибин жана шарттарын аныктоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | ИИМ МУКК менен бирдикте, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК | 2014-жылдын II-III кварталдары
|
6. | Коргоого алынган адамга ылайыктуу болгон башка убактылуу же туруктуу иш ордуна (окуу жайына) орношууга көмөк көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | ИИМ МУКК менен бирдикте, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК, Коргоомин, БИМ | 2014-жылдын I кварталы
|
7. | Коргоого алынган адамга, эгерде ал майыптык алган, денеси жабыркаган, ал эми коргоого алынган адам каза болгон учурда зарылдыгына жараша – алардын туугандарына материалдык колдоо көрсөтүү тартибин аныктоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | ИИМ МУКК менен бирдикте, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК, СӨМ | 2014-жылдын III кварталы
|
8. | 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке киргизүүнүн натыйжалуулугун изилдөөгө багытталган иш-чараларды аткаруу | Колдонуудагы Мамлекеттик программанын ишке ашырылышына жана келерки жылдарга карата жаңы Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу зарылчылыгына талдоо жүргүзүү | ИИМ, МУКК, БКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК
| Дайыма |
ИИМ – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Коргоомин - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
БИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
СӨМ – Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги;
МУКК – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
БКМК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат;
ЭККМК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы);
МБК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
ЖАМК – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.