Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-майы № 283
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 7-беренеде:
1. 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия бириктирилген (базалык жана камсыздандыруу пенсиялары) жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат, багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияны кошпогондо, ал базалык жана камсыздандыруу пенсияларынан турат.";
- 3-пунктта "22-беренеге" деген сөздөр "22-берененин 3-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү - жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынган жана 22-беренеге ылайык эсептелүүчү пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгиленүүчү пенсиянын бөлүгү.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө индексация жүргүзүлөт. Индексациядан кийин календарлык жылда түзүлгөн орточо эмгек акынын өлчөмүнүн жана керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө индексация жүргүзүүнүн шарттары болуп эсептелет.
Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен жүргүзүлөт.".
2. 10-берененин 2-пунктундагы "камсыздандыруу бөлүгү" деген сөздөр "камсыздандыруу жана топтолуучу бөлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Нормативдик укуктук актыларга ылайык эмгек акыга жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген жерлерде пенсияга үстөк акы ушул коэффициенттерди эсепке алуу менен эсептелет.".
4. 17-беренеде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Майыптыгы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү I жана II топтордогу майыптар үчүн жаш курагы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү толук өлчөмдө жана III топтордогу майыптар үчүн ушул Мыйзамдын 7, 13, 15 жана 22-беренелерине ылайык эсептелген пенсиянын 50 пайызы өлчөмүндө дайындалат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык майыптыктын топторуна карабастан толук өлчөмдө эсептелет.".
5. 19-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу боюнча пенсия ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 2-пунктуна ылайык баккан адамдын II топтогу майыптыгы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн мүмкүн болгон суммасы катары эсептелет жана төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:".
6. 22-берене төмөнкүдөй редакциядагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:
"3-1. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар алуучуга дайындалат жана төлөнөт.
Пенсиянын топтолуучу бөлүгүн эсептөөнү жана төлөөнү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик эмес топтолуучу пенсиялык фондунун каражаттарынан жүргүзөт.
3-2. Каза болгон баккан адамдын пенсиялык топтоолору ушул Мыйзамдын 32-беренесине ылайык төлөнөт.".
7. 22-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жекече (индивидуалдык) эсепте турган жана камсыздандыруу акыларын төлөп турган пенсионерлерге жыл сайын 1-январга карата пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү, пенсия дайындалган күндөн кийинки же болбосо ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү акыркы жолу кайра эсептелген күндөн тартып өткөн мезгил үчүн топтолгон камсыздандыруунун төгүмдөрүнөн кайра эсептелет.
2. Пенсионердин эмгек ишмердүүлүгү бүткөн учурда пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөө эмгек ишмердүүлүгү токтотулган айдан кийинки айдан тартып жүргүзүлөт.".
8. 31-берененин 1-пунктундагы "камсыздандыруучу бөлүгү төлөнөт" деген сөздөр "камсыздандыруучу жана топтолуучу бөлүктөрү төлөнөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 32-беренеде:
- берененин аталышында "пенсияны" деген сөздөн кийин "жана пенсиялык топтоолорду" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Камсыздандырылган адам каза болгон учурда топтолуучу камсыздандыруу эсебинде эске алынган пенсиялык топтоолор Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте мураскорлорго төлөнөт.
Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорду алууга укуктуу мураскорлору жок болгон учурда, ал каражаттар Пенсиялык фонддун бириктирилген бөлүгүнө өткөрүлөт.".
10. 33-берене төмөнкүдөй редакциядагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
"3. Республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетип жаткан жарандын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоочу бөлүгүндө чагылдырылган пенсиялык топтоолордун суммалары анын арызы боюнча топтоочу пенсиялык фонддор иштеп чыккан жана бекиткен эрежелерге ылайык төлөнөт.
4. Пенсионер Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого кайтып келген учурда пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн төлөө кайрадан башталат. Пенсионерге пенсиянын топтолуучу бөлүгүн төлөө жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө каражат түшкөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.".
2-берене.
Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти