Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-январы № 38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88 жана 90-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 26-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"26. Ички иштер органдарынын тутумундагы кенже, орто жана жогорку жетектөөчү курамдын айрым бош кызмат орундарына иштөөгө кабыл алуу конкурстук негизде ишке ашырылат.
Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана иштөө үчүн конкурстук негизде кабыл алынуучу кызмат орундардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдеринин долбоорлорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |