Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген |
"Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция (мындан ары - Дирекция) мекеменин ишинин тартибин аныктайт.
2. Дирекция "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп саналат.
3. Дирекция өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле бул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. Дирекциянын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде - государственного учреждения "Дирекция по управлению средствами Специального счета Токтогульского района и села Жазы-Кечуу города Каракуль Джалал-Абадской области".
5. Юридикалык дареги: Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары, Токтогул району.
6. Дирекция мамлекеттик мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген, ыкчам башкаруу укугунда өзгөчөлөнгөн мүлккө, өз алдынча баланска, мөөргө, штамптарга жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар бланкка, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык тутумундагы эсеп-кысап жана энчилүү эсебине ээ болгон юридикалык жак болуп эсептелет.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Дирекцияны уюштуруучу болуп саналат.
8. Дирекция мыйзамдарда каралган бардык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырууга, сотто доочу жана жоопкер катары чыгууга, башка укуктарга жана милдеттерге ээ болууга укуктуу.
9. Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө таандык болгон бардык мүлкү менен өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат.
2. Дирекциянын максаттары, функциялары жана укуктары
10. Дирекциянын ишинин максаты Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин (мындан ары - Атайын эсеп) каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу чыгымдоону камсыз кылуу болуп саналат.
11. Дирекциянын функциялары:
- жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү, иш-чараларды жана жерлердин абалын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларды жүргүзүү;
- Токтогул районунун калктуу конуштары менен жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагындагы жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртуу;
- Байкоочу кеңештин кабыл алынган чечимдеринин негизинде Атайын эсептин каражаттарын башкаруу;
- Байкоочу кеңештин ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо;
- долбоорлордун жана объекттердин тизмесин, ошондой эле квартал сайын бөлүштүрүү менен Атайын эсепке каражаттардын күтүлгөн келип түшүүсүн эске алып, аларды каржылоонун жыйынды сметасын түзүү;
- Атайын эсептин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө отчетту түзүү;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендерлерди өткөрүү;
- Дирекциянын ишинин максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функциялар.
12. Дирекция өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте каржылык эсептешүүлөрдү, анын ичинде юридикалык жана жеке жактар менен накталай акчасыз эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Дирекциянын кызматкерлерине консультация берүү менен окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдердин негизинде адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга.
13. Дирекция бул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
3. Дирекцияны башкаруу
14. Дирекциянын ишин башкарууну аткаруучу директор ишке ашырат.
15. Аткаруучу директор конкурстун жыйынтыктары боюнча Байкоочу кеңештин көрсөтүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан эки жылдык мөөнөткө кызмат ордуна дайындалат.
16. Аткаруучу директор Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан:
- өзүнүн каалоосу боюнча;
- Байкоочу кеңештин сунуштамасы боюнча;
- Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысынын сунушу боюнча бошотулат.
17. Дирекциянын аткаруучу директорунун кызмат ордуна конкурска катышууга жогорку билимге ээ болгон, жалпы иштеген стажы он жылдан кем эмес жана жетектөөчү кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес адамдарга жол берилет.
Мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жабылбаган соттуулугу бар адам аткаруучу директор болушу мүмкүн эмес.
18. Аткаруучу директор:
- Атайын эсептин каражаттарынын, ошондой эле алардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот;
- тендердик комиссиянын курамын аныктайт жана товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендердин натыйжаларын бекитет;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат, Дирекциянын атынан келишимдерди түзөт;
- каржылык жана отчеттук документтерге кол коет;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Дирекциянын кызматкерлерин ишке алат жана кызмат орундарынан бошотот;
- Атайын эсептин каражаттарынын эсебинен объекттерди курууга, оңдоого жана кайра конструкциялоого долбоордук-сметалык документтерди түзүүнү камсыздайт;
- Дирекциянын иши жөнүндө, Атайын эсептин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө Байкоочу кеңешке жана Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысына жыл сайын отчет берет;
- мыйзамдарга каршы келбеген башка функцияларды аткарат.
19. Аткаруучу директор ар бир жылдын башында 1-февралдан кечиктирбей Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы менен макулдаштыкта долбоорлордун жана объекттердин тизмесин, ошондой эле аларды каржылоонун жыйынды сметасын квартал сайын бөлүштүрүү менен, Атайын эсепке каражаттардын күтүлгөн келип түшүүсүн эске алып Токтогул районунун жергиликтүү айылдык кеңештеринин жана Жазы-Кечүү айылынын айыл башчысынын биргелешкен жыйынынын бекитүүсүнө берет.
20. Дирекциянын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Байкоочу кеңеш менен макулдаштыкта Аткаруучу директор тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
21. Дирекцияны күтүү боюнча чыгымдар Байкоочу кеңеш менен макулдашуу аркылуу Атайын эсептеги эсебинен ишке ашырылат.
4. Эсепке алуу жана отчеттуулук
22. Дирекция өзүнүн ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчетторду түзөт.
23. Дирекциянын ишин текшерүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу мамлекеттик органдары ишке ашырат.
24. Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Байкоочу кеңеш отчеттук жыл үчүн Дирекциянын иши жөнүндө отчетту бекитет жана аткаруучу директордун ишине баа берүүгө коет.
5. Дирекцияны өзгөртүп түзүү жана жоюу
25. Дирекция анын алдына коюлган милдеттерди аткаргандан кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоюлат.
26. Дирекцияны жоюу жана өзгөртүп түзүү уюштуруучунун чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан ишке ашырылат.
27. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 89 токтомуна ылайык күчүн жоготту)