Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 79
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктунда:
- экинчи абзацындагы “система киргизилгенден кийин” деген сөздөр “системасын киргизүүнүн жыйынтыгы боюнча” деген сөздөргө; “2014” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын;
- жетинчи абзацындагы “2014” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын;
- онунчу абзацындагы “2013” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 31-пунктундагы “1373”, “157”, “11” жана “1205” цифралары тиешелүү түрдө “1343”, “149”, “9” жана “1185” цифраларына алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |