Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 31-январы № 8-р
"Северная ПМК" ачык акционердик коомунун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин 337-10, 350-, 361-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: М.Ж.Азарованын;
кайрылуучу тарап - "Северная ПМК" ААКнын директору А.А.Гасановдун, "Северная ПМК" ААКнын ишеним катынын негизиндеги өкүлү Ю.В.Охналеванын;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизиндеги өкүлү С.С.Болжурованын;
башка жак - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ишеним каттын негизиндеги өкүлү Т.А.Өмүркуловдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун астындагы илимий-консультациялык кеңешинин мүчөсү А.Р.Салиевдин катышуусу менен, Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекстин (мындан ары - ЖПК) 337-10, 350-, 361-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
"Северная ПМК" ААКнын өтүнүчү ишти кароого себеп болду. Ишти кароого негиз болуп, талаш-тартыш болгон Жарандык процесстик кодекстин 337-10, 350-, 361-беренелеринин Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын утуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 24-июлунда "Северная ПМК" ААКнын Жарандык процесстик кодекстин 337-10, 350-, 361-беренелеринин конституциялуу эместигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылып жаткан тараптын пикири боюнча, ЖПКнын талаш-тартыш болгон ченемдери мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин аткарууга жана сот катасынын бар экендигин далилдеп берген жаңы жана кайра пайда болгон жагдайлар боюнча соттун чечимин кайра карап чыгууга мүмкүндүк бербейт. ЖПКнын талаш-тартыш болгон ченемдери Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктун, 40-берененин 1-бөлүгүн бузган, ага ылайык ар бирине анын эркиндигин жана укугун соттук коргоого кепилдик берилмек жана соттук коргонуу укугу эч кандай чектөөгө жатпайт. Өз талаптарынын негиздемесинде кайрылган тарап төмөнкүдөй далилдерди келтирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2011-жылдын 21-июнундагы аныктамасы менен А.Озова, М.Данильченко, Р.Ашимбаеванын жана Е.Акопяндын өкүлү - С.Заидованын көзөмөл арыздары каралганга чейин деген аныктама менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2010-жылдын 25-октябрындагы чечимин жана Бишкек шаардык сотунун 2011-жылдын 1-февралындагы аныктамасын аткарууну токтото турган. Мында, Жогорку сот ЖПКнын 350-беренеси менен колдонгон, ага ылайык сот көзөмөлдүк даттануу чечилгенге чейин соттун чечимин токтото турууга укуктуу. Кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш деп аныктаган Конституциянын 100-беренесине карама-каршы келген ЖПКнын 350-беренесин колдонгон деп эсептейт. Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, ушул конституциялык ченем, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткарууну токтото турууда мамлекеттик органдар үчүн, анын ичинде соттор үчүн дагы эч кандай өзгөчөлүктөрдү кылбайт. ЖПКнын 337-1-беренесинин мазмуну кассациялык инстанциядагы соттун алар тарабынан кассациялык арыздарды караганга чейин, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын аткарууну токтото туруу укугу туурасындагы бөлүгүндө ЖПКнын 350-беренеси менен окшош.
Аны менен бирге, жаңы ачылган жагдайлар боюнча бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө "Северная ПМК" ААКнын жарандык иштери жөнүндө доо арызы боюнча Жогорку соттун 2011-жылдын 19-октябрындагы токтомун кайра кароого "Северная ПМК" ААКна "Эл аралык тоолуу аймактарды өнүктүрүү фонду" ЖАКга, Миг-лотого, "Истейт Девелопмент" ЖЧКга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2012-жылдын 13-июнундагы аныктамасы менен баш тартылган. Кайрылуучу тарап, соттук актты кабыл алууга, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароонун толук тизмегин камтыган ЖПКнын 361-беренеси негиз болду деп эсептейт. Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын жоболору, кандай гана болбосун жаңы же кайра пайда болгон жагдайлар соттун ката кетиргендигин талашсыз далилдеген болсо, бул мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин кайра карап чыгууга алып келүүгө зарыл деген принципти аныктайт. Демек, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актыларын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароону чектөөчү ЖПКнын 361-беренеси Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 4-сентябрындагы аныктамасы менен "Северная ПМК" ААКнын өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Өз кайрылуусун толуктоо иретинде "Северная ПМК" ААКнын өкүлү А.А.Гасанов, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, 2013-жылдын 24-октябрында өз талаптарынын көлөмүн көбөйтүп, ЖПКнын 363-беренесинин конституциялуулугун текшерүүнү өтүнгөн. Бирок, А.А.Гасанов сот жыйналышынын жүрүшүндө өзүнүн ЖПКнын 363-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө талабын кайра чакыртып алуу тууралуу оозеки өтүнүч менен кайрылган.
Сот жыйналышынын жүрүшүндө, кайрылуунун субъекти кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттор алар тарабынан берилген арыздарды же сунуштарды уруксат берилгенге чейинки соттук чечимдерди аткарууну токтото туруу укугу, ошондой эле жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра карап чыгуу үчүн негиздердин тизмесин чектөө бөлүктөрүндөгү укуктар боюнча ЖПКнын 337-10, 350- жана 361-беренелеринин конституциялуулугун текшерүү зарылдыгын көрсөтүү менен өзүнүн талаптарын тастыктаган.
Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өзүнүн талабын колдоп, аны канааттандырууну суранды.
Жоопкер тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, жактардын далилдерин, жыйналышка катышкан башка жактын пикирин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Демек, кассациялык жана көзөмөл инстанциялардын соттук чечимдерди аткарууну келип түшкөн арыздарды же сунуштарды алар тарабынан чечкенге чейин токтото туруу укугун аныктаган ЖПКнын 337-10, 350-беренелеринин жоболору жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайра кароонун негиздеринин тизмегин чектөө бөлүгүндө ЖПКнын 361-беренесинин жоболору ушул иш боюнча кароонун предмети болуп саналат.
Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын ченемдери эсептелет:
"337-10-берене. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу.
Кассациялык инстанция кассациялык даттануу же талап чечилгенге чейин соттун чечимдерин аткарууну токтото турууга укуктуу".
"350-берене. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясынын соттук курамы көзөмөлдүк даттануу же талап чечилгенге чейин соттун чечимин аткарууну токтото турууга укуктуу".
"361-берене. Кайра кароонун негиздери.
1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары же шайлоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимине карата сот актыларын кошпогондо, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча, ошондой эле атайын администрациялоо жол-жобосу колдонулуп, анын натыйжасында карызкор жоюлганда жана юридикалык жактардын Мамлекеттик реестринен алып салынганда карызкорго карата банкроттук жөнүндө иштер боюнча кайра каралышы мүмкүн.
2. Жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) арыз ээси билбеген жана биле албай турган иш үчүн олуттуу жагдайлар;
2) эгерде сот актысын кайра кароого эч кандай бөгөт болбосо, ал сот актысы негизделген мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбейт деп тааныса;
3) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин күбөнүн же адистин атайылап жалган көрсөтмө бериши, эксперттин атайылап жалган корутунду чыгарышы, атайылап туура эмес которуу, жалган документтер же буюм далилдер аныкталса, ал токтомдун мыйзамсыз экендигине же сот актысынын негизсиздигине алып келсе;
4) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тараптардын, ишке катышкан башка жактардын, же болбосо алардын өкүлдөрүнүн кылмыштуу аракеттери же ошол ишти кароодо соттун кылмыштуу жосундары аныкталса;
5) ошол сот актысын чыгарууга негиз болгон соттун актысын же башка органдын токтомун алып салуу".
Жарандык процессуалдык кодекс мыйзамда белгиленген тартипке ылайык, №146 сандуу 1999-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" 2003-жылдагы № 3 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп эсептелет.
2. Конституцияга ылайык ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет (40-беренесинин 1-бөлүгү).
Соттук коргонууга болгон укук жана анын курамдары - мыйзамдуу сотко болгон укук жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактта да каралган (14-беренесинин 1-пункту), анда ар бир адам өзүнүн укуктарын жана милдеттерин аныктоодо мыйзамдуулуктун негизинде түзүлгөн ыйгарым укуктуу, акыйкат жана көз карандысыз сот тарабынан ачык жана акыйкаттуу каралышына укуктуу деп бекитилген.
Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган Конституциянын жана эл аралык-укуктук актылардын аталган жоболорунун маанисинен, ар биринин соттук коргоого болгон укугу, негизинен ишти кароо мыйзамдуу бекитилген сот тарабынан каралышы керек, анын бул ишти кароосу үчүн компетенциясы жана сот өндүрүшүн жүргүзүү тартиби алдын ала мыйзам тарабынан аныкталат (Конституциянын 93-беренесинин, 1, 4-бөлүктөрү, 96-беренесинин 1-бөлүгү, 99-беренесинин 4, 5-бөлүктөрү).
Бул учурда, соттук коргоого болгон укукту толук өлчөмдө ишке ашырууда конкреттүү кепилдиктерди караган жана укуктарды майнаптуу калыптандырууну камсыз кылган акыйкат сотко жөнөтүү процессин мыйзам аркылуу жөнгө салуу адамдын жана жарандын укугун чектеп же азайтпашы керек, ал эми аларды мүмкүн болгон чектөөлөр өлчөмдүү болушу керек жана конституциялык баалуулуктарды коргоо зарылдыгы менен шартталышы керек (Конституциянын 20-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 93-беренесинин 1-бөлүгү).
3. Сот тарабынан ишке ашырылган сот өндүрүшү адамдын жана жарандын эркиндигин жана укугун коргоону камсыз кылууга багытталган жана мамлекеттик мажбурлоо менен камсыз кылынган мамлекеттик бийлик органынын бийлик актысы болуп саналган сот актысынын формасында чагылдырылат (Конституциянын 93-беренесинин 2, 4-бөлүктөрү, 100-беренесинин 2-бөлүгү). Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып, ал төгүнгө чыгарылгыс, өзгөчөлүк, милдеттүүлүк, преюдициалдуулук, аткаруучулук касиетке ээ болот жана алмашкыс болуп калат, эгер мыйзамдуулук жана негизделгендик талаптарына жооп берсе (ЖПКнын 198-беренеси).
Жогорку сот тарабынан ишти кайталап кароодогу ар биринин укугун караган конституциялык жоболорду (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту) ишке ашырууда, мыйзам чыгаруучу мыйзамда мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кассациялык тартипте, көзөмөлдүк тартипте жана жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча ишти кайталап кароо мүмкүндүгүн караган. Көрсөтүлгөн процесстик инструменттердин максаты мыйзамдуулукту текшерүү жана соттор тарабынан чыккан чечимдердин негизделиши болуп саналат, жана ушуну менен жарандардын эркиндиги жана укугу майнаптуу корголот.
Бул мааниден алып караганда, камсыз кылуучу чаралардын жоктугу соттук коргоого болгон укукту толук өлчөмдө жана жетишээрлик майнаптуу кепилдик берүүгө мүмкүндүк бербейт.
Мындай мыйзам жоболору Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 40-беренеге, 96-берененин 1-бөлүгүнө, 99-берененин 5-бөлүгүнө жана жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 14-беренесинин 5-, 6-бөлүктөрүнүн талаптарына жооп берет, анда ар бирине соттук коргоого укук кепилденет, ал компетенттүү, көз карандысыз жана адилет сот тарабынан жүргүзүлгөн акыйкат соттук иликтөө принцибине негизделиши керек жана соттук ката кетирилгендикти тапкан учурда соттун чечимин кайра карап чыгуу мүмкүндүгүн алыш керек.
4. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш (Конституциянын 100-беренесинин 1-бөлүгү). Бул конституциялык ченем сот тарабынан бекитилген милдеттенме көрсөтүлгөн соттук актыларда жана укуктук баалоодо, ошондой эле соттук чечимдерди милдеттүү аткарууда милдет катары карайт.
Ушуну менен бирге, соттук чечимдин милдеттүүлүгү, алардын ишке катыштыбы, же жокпу, мындай көз карандысыз бардык адамдарга тең жайылтылат, ишке катышкан адамдар үчүн соттук чечимдин милдеттүүлүгү өз жүрүм-турумун соттук чечиминин жазма буйругуна ылайык алып жүрүү экендигин билдирет; башка субъекттер айрым бир аракеттерди жүргүзүшү керек же кабыл алынган чечимди бузбашы керек. Соттун чечими Кыргыз Республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
Жалпы эреже боюнча соттук чечимдин аткарылгандыгы чечимди дароо аткаруу учурларды кошпогондо (ЖПК 212, 213-бер.) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып башталат, жана эгер чечим ыктыярдуу аткарылбаса, мыйзамды мажбурлап аткаруу механизмдерин ишке киргизүү алдын ала каралат.
Мунун менен бирге, сот актысынын аткарылышын токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн (Конституциянын 99-беренесинин 4-бөлүгү). Анда, кассациялык, көзөмөлдүк даттанууларды же талаптарды чечүүгө чейин, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдерин аткарууну токтото туруу соттук актынын ролун, маанисин жана кесепеттерин кемитүүгө алып келбейт, ушул мезгил ичинде карызкор үчүн милдеттүүлүгү сакталат жана соттук коргонуу укуктарына чектөөгө болбойт.
Мыйзам чыгаруучу соттук актыларды аткарууну токтото туруунун негиздерин, жол-жоболорун жана ыкмаларын алдын ала кароодо, аларды кассациялык жана көзөмөлдүк соттук инстанцияларда кайра кароодо соттун чечимдерин аткарууга мүмкүн эмес учурларын алып салуу зарылчылыгынан улам чыккан. Мындай механизмдердин жоктугу Конституция тарабынан кепилденген майнаптуу соттук коргонуу принцибин жетиштүү чекте камсыз кыла албайт.
Өз мааниси боюнча дароо кабыл алынууга жаткан, камсыз кылуучу чара катары соттук чечимди аткарууну токтото туруу процесси соттук териштирүүнүн катышуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө же кемсинтүү катары баалоого болбойт, ал ишти маңызы боюнча ишти кароо процессинде толук өлчөмдө ишке ашырылышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылардын милдеттүүлүгүн жана аткарылгандыгын караган Конституциянын 100-беренесин мамлекеттик органдар тарабынан жарандын укуктарын жана эркиндиктерин майнаптуу соттук коргонуу кепилдигине, анын ичинде ишти жогору турган сот кайра кароо укугун камсыз кылууга жалпыга багытталган Конституциянын 99-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору менен ажырагыс байланышта кароого керек.
Ошентип, текшерилип жаткан ЖПКнын 337-10 жана 350-беренелери, мыйзам чыгаруучу тарабынан жогорку көрсөтүлгөн конституциялык ченемдерди ишке ашырууда кабыл алынган Конституцияга карама-каршы келбейт.
5. ЖПКнын 361-беренесинин текшерилип жаткан ченеминин жоболору адамдын укуктарына жана эркиндиктерине соттук коргонуунун конституциялык кепилдиктерин ишке ашырууга жана жогорку соттордун ишти кайра кароодо ар кимдин укугу эч кандай чектөөгө жатпагандыгы мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алынган. Белгилеп кетүүчү нерсе, кайрылуучу тарап өтүнүчүндө өзүнүн жүйөлөрүн негиздеп келтирилген жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын жоболору (Пакттын 14-беренесинин 6-пункту) кылмыштык куугунтуктоого колдонууга шартталган жана ушул иште каралууга мүмкүн эмес.
Муну менен бирге, Конституциялык палата мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын кайрадан ачылган жагдайлары боюнча кароо тартиби жарандык процесстин өзгөчө стадиясы катары каралат. Процесстик-укуктук коргоонун бардык каражаттары колдонулууга болбогон же бүтүрүлбөгөн убакта оз багыты жана мазмуну боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын кайрадан ачылган жагдайлары боюнча кайра кароо адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун зарыл шарттары катары соттук актылардын акыйкаттыгын кепилдик берүүгө, ошондой эле сот актыларынын акыйкаттуулугу жана туруктуулугу сыяктуу баалуулуктардын балансын колдоо үчүн арналган.
Жарандык процесстик мыйзамдын ченемдеринин маанисинен чыккан жаңы ачылган жагдайлар ишти карап жаткан учурда катышып жаткан адам билбей калган жана биле албай турган, жана ошондой эле ишти карап жаткан сотко бул жөнүндө артында билдирген ушундай бир жагдайларды көрсөтөт. Ушул "жаңы ачылган жагдайлар" түшүнүгүнөн чыгып, ЖПКнын 361-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-, 5-пункттары өзүнүн укуктук жаратылышы боюнча жаңы жагдайлар болуп саналат. Мында алар жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча соттук актыларды кайрадан кароо үчүн негиз болгон жарандык процесстин бир стадиясына бириктирилген. Жаңы жагдайлардын айырмалоочу белгилери болуп иш каралгандан кийин жана соттук актылар чыккандан кийин алардын пайда болгондугу саналат. Кайрадан ачылган жагдайлардын дагы, жана жаңы келип чыккан жагдайлардын дагы укуктук кесепеттери болуп соттук чечимдердин кайра каралышы эсептелет. Кайрадан ачылган жагдайлар, жаңы келип чыккан жагдайлар сыяктуу эле соттук чечимдерди кайрадан кароо үчүн негиз катары так сызылган чектери бар болушу керек жана абстракттуу түшүнүктөрдү камтыбашы керек, андай болбосо бул укуктук туруктуулукка жана соттук актылардын айкындуулугуна карама-каршы келет жана укуктук мамлекеттин принциптеринин бузулушуна алып келет. Ошондуктан Конституциялык палата кайра ачылган жагдайлардын толук тизмегинде сот адилеттигине жетүүгө чектөө болгондугун көрбөйт.
ЖПКнын 361-беренесинин 2-бөлүгүндөгү мыйзам чыгаруучу тарабынан жол берилген пайдалануудагы "жаңыдан келип чыккан жагдайлар" жана "жаңы пайда болгон жагдайлар" деген аралаш түшүнүктөрдү ЖПКга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен четтетүү мүмкүн.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 337-10, 350-, 361-беренелери Конституцияга карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы