Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-февралы № 88
Афганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 25 жылдыгына байланыштуу ардагерлерге жана курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө
Афганчы - жоокерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Афганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 25 жылдыгына байланыштуу, 1978-жылдын апрелинен тартып 1989-жылдын 15-февралына чейин Афганстандын аймагындагы согуштук аракеттерде кыргызстандыктардын көрсөткөн эрдиктерине жана кайратмандыгына баа берүү менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Афганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 25 жылдыгына байланыштуу төмөнкүлөргө кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнсүн:
- согуштук аракеттерде жаракат алган майып - аскер кызматчыларына - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
- согуштук аракеттердин катышуучуларына - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөөрү;
- акчалай жөлөкпул төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдары аркылуу жүргүзүлөөрү.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомду ишке ашыруу үчүн кошумча акча каражатын издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул токтомду аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |