Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 92
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишин андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына ушул токтомдун 2-пункту менен белгиленген автотранспорттук каражаттардын лимитинин чегинде анын оперативдик башкаруусунда, ведомстволук уюмдарынын чарбалык карамагында турган кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын оперативдик башкаруусуна, чарбалык карамагына жана ыкчам пайдалануусуна өткөрүп берүү укугу берилсин.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |