Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 95
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 134 “Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоону координациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 134 “Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“6. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер Мамкомиссия тарабынан кабыл алынат.”;
- 19 жана 20-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |