Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы № 104
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
339-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кз зоналык коэффициентинин мааниси экономикалык-пландаштыруу зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша, учурдагы жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына бир жолудан көп эмес жергиликтүү кеңештер тарабынан төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленет:
- Бишкек жана Ош даарларында – 0,6дан 3кө чейин;
- башка калтуу конуштарда – 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө.».
2-берене.
Ушул Мыйзам кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|