КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 9-февралы № 69 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "XXI кылым - дени сак улут кылымы" девизи менен IV Эл аралык Ысыккөл спорттук оюндарын өткөрүү жөнүндө Ден соолукту чыњдоо физкультура-массалык иштерди андан ары өнүктү-рүү жана өркүндөтүү, улуттар ортосундагы достукту чыњдоо, "XXI кылым -дени сак улут кылымы" девизи менен III Эл аралык Ысыккөл спорттук оюн-дарынын катышуучуларынын көптөгөн өтүнүчтөрүн көњүлгө алуу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Коомдук-саясий чоњ мааниге ээ болгон IV Эл аралык Ысыккөл спор-ттук оюндары жогорку уюштуруучу дењгээлде өткөндүгү белгиленсин. 2. IV Эл аралык Ысыккөл спорттук оюндары Чолпон-Ата шаарында2004-жылдын 5-12-сентябрында өткөрүлсүн. 3. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - IV Эл аралык Ысыккөл спорттук оюндарын даярдоо жана өткөрүү бо-юнча уюштуруу комитетинин курамы; - IV Эл аралык Ысыккөл спорттук оюндарынын
жобосу. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги IV Эл аралык Ысыккөлспорттук оюндарын даярдоо жана өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды өз учу-рунда каржылоону камсыз кылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги IV Эл аралыкЫсыккөл спорттук оюндарын өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылсын. 6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги катышуучу коман-даларга визаларды тариздөөдө өз мезгилинде колдоо көрсөтсүн. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 69 токтому менен бекитилген IV Эл аралык Ысыккөл спорттук оюндарынын уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Танаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюшту- руу комитеттин төрагасы; Матеев У.А. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, уштуруу комитеттин төрагасынын орун басары; Алмакүчүков Ө.М. - Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаш- тар саясаты мамлекеттик комитетинин төрагасы, уюштуруу комитеттин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитеттин мүчөлөрү: Абилдаев Б.Е. - Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Айтматов А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; Мамытов М.М. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистри; Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Бозгунбаев С.Б. - Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Шайлиева Т.А. - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы- нын башчысы - губернатор; Осмоналиев Т.О. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; Акматов Ж.У. - Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаш- тар саясаты мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары; Рогатин Б.Н. - Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кутманалиев Э.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпия комите- тинин президенти (макулдашуу боюнча); Галкин А.Я. - Кыргызстандын профсоюздар ДФСОнун төрагасы (ма- кулдашуу боюнча).