Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 31-июлундагы № 427 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 30-июну N 488
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында безгек оорусуна
чалдыгууга каршы күрөшүүнүн жана
алдын алуунун чаралары жөнүндө
"Кыргыз Республикасында безгек оорусуна чалдыгууга каршы
күрөшүүнүн жана анын алдын алуунун 2003-жылга карата чаралары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы N 330 токтому-
на ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабы-
нан безгекке каршы күрөшүү боюнча белгилүү иштер жүргүзүлдү.
2003-жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасы боюнча безгек оорусуна
чалдыгуунун азайышына айрым тенденциялар болгону белгиленди. Алсак,
безгектин 468 учуру катталган (2002-жылга салыштырганда (2744 учур)
Баткен облусунда - 355 (74 %), Жалалабатта - 47 (10,8 %), Ошто - 28
(6,4 %), Чүй облусунда - 22 (5,1 %) жана Бишкек шаарында - 11 (2,5 %).
Эл аралык уюмдар тарабынан алдын алуучу иш-чаралардын комплексин
ишке ашырууда техникалык колдоо көрсөтүлгөн. Ош шаарында акыркы 2 жыл-
дын ичинде безгекке каршы күрөшүү маселелери боюнча Дүйнөлүк саламаттык
сактоо уюмунун талаа офиси ишке киргизилген.
Бирок, көрүлгөн чараларга карабастан азыркы учурда республикада
безгектин андан ары таралуусуна реалдуу коркунуч сакталууда.
Түзүлгөн эпидемиологиялык жакшы эмес абалдын себептери болуп калк-
тын ургаалдуу тышкы жана ички миграциясы, анофелогендүү көлмөлөрдүн жа-
на саздуу жерлердин санынын көбөйүшү, күрүч плантацияларынын аянттары-
нын кеңейиши, безгекти жайылткычтарга каршы күрөшүү үчүн каражаттардын
жана жабдуулардын жетишсиздиги эсептелет.
Безгек боюнча жагдайга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана
Кыргыз Республикасынын аймагында анын таралышын болтурбоо максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламатытк сактоо министрлиги:
- безгек боюнча эпидемиологиялык сезондун шарттарында калкка жар-
дам көрсөтүүгө дарылоо-алдын алуу мекемелеринин даярдыгын камсыздасын;
- безгекке чалдыгуунун алдын алуу жана безгек боюнча абал жакшы
эмес региондордо жүргүзүлгөн иш-чараларды эксперттик баалоо маселелери
боюнча практикалык жана консультациялык-методикалык жардам көрсөтүүнү
камсыздасын;
- безгек боюнча эпидемиологиялык абал жакшы эмес болгон региондор-
дон келген адамдардан кан алууга тыюу салсын.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары министрликтердин жана ведомстволордун
кызыгдар кызматтары менен бирдикте:
- калк ичинде безгек менен ооруп калуу катталган учурда безгектин
таралышын болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралардын комплексин иштеп
чыгуу менен атайын эпидемияга каршы комиссиялардын заседаниелерин
өткөрүшсүн;
- безгектин чордонун, болгон көлмөлөрдү, күрүч эгилген жерлерди
иштетүү үчүн инсектициддерди сатып алууга каражаттарды карашсын;
- иштетүү көлөмдөрүн пландоо максатында жыл сайын күрүч талаалары-
нын карталарын түзүшсүн жана жаңылашсын;
- калктуу конуштардан 3 километрден кем аралыкта күрүч талааларын
жайгаштырууга тыюу салышсын;
- бардык токтоп турган көлмөлөрдө (балык өстүрүүчү көлмөлөрдөн
башка) жана күрүч талааларында (күрүч эгилүүчү жерлерге суу токтоткон-
дон кийин дароо) гамбузий өстүрүү үчүн резервуарларды калыбына келтирүү
жана болгондорун даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн;
- арык тармагын өз убагында жана системалуу тазалоону камсыз кы-
лышсын жана сугат сууларынын ашып кетишине жана чарбага жараксыз
көлмөлөрдүн пайда болушуна жол беришпесин;
- көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлө жайларындагы канализациялык ком-
муникацияларды оң абалда кармоону камсыз кылуу боюнча чараларды
көрүшсүн;
- чиркейлердин төлдөшүнө жол бербөө жана безгекти жуктургучтарга
каршы иштетүүгө аймактык Мамлекеттик санитариялык-эпидемиологиялык
көзөмөл борбору менен контракттарды өз учурунда түзүү максатында жер
төлө жайларын иштетүүнү жүргүзүүгө менчигинин түрүнө карабастан комму-
напдык чарба кызматынын, турак жай-эксплуатациялык башкармалыктардын,
ишканалардын, мекемелердин жетекчилерин милдеттендиришсин.
- тиешелүү аймакка эпидемияга каршы иш-чараларды аткарууга жооптуу
уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын жетекчилерине талап коюуну
күчөтүшсүн;
- безгекке каршы иш-чаралардын бүткүл комплексин аткарууга конт-
ролду камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бекитилген бюджеттин чектеринде инсектициддерди жана чачыраткыч-
тарды борбордоштуруп сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине каражат бөлүүнү кара-
сын;
- Кыргыз Республикасында безгек боюнча эпидемиялык жагдай кескин
татаалдашкан учурда безгек эпидемиясы менен күрөшүүгө Кыргыз Республи-
касынын Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологиялык фондуна ток-
тоосуз каражат бөлүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз
координацияны камсыз кылсын жана ирригациялык-дренаждык иштерди
жүргүзүүдө безгекке каршы иш-чараларды камсыз кылуу боюнча чараларды
көрсүн;
- болгон көлмөлөрдүн, күрүч эгилген жерлердин чарбалык жараксызда-
рын жоюу жана иштетүү (инсектициддер менен иштетүү, гамбузирлөө, мез-
гил-мезгили менен сугаруу) боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Чегара кызматы менен бирдикте өздүк курамдын ичинде жана безгек бо-
юнча абал жакшы эмес болгон региондордо жайгашкан жерлерде саламаттык
сактоонун жергиликтүү мекемелери менен өз ара байланышта безгекке каршы
иш-чараларды жүргүзүү боюнча чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- качкындардын, жер которгондордун, убактылуу сезондук жумушчулар-
дын жана безгек боюнча абал жакшы эмес болгон өлкөлөрдөн келген башка
контингентшн арасында безгекке каршы иш-чараларды уюштурууда жана
жүргүзүүдө көмөк көрсөтсүн;
- безгек боюнча абал жакшы эмес өлкөлөрдөн (Африка жана Азия
өлкөлөрү) келген жарандардын эсебин алууну жана безгекке каршы ишчара-
лардын комплексин өз учурунда өткөрүү үчүн Мамлекеттик санитария-
лык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен маалымат алмашууну камсыз
кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлиги эпидемиялык сезон мезгилинде (апрель - октябрь) Кыргыз Республи-
касынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитариялык-эпи-
демиологиялык көзөмөл департаментине жана облустардын Мамлекеттик сани-
тариялык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна фенологиялык (энтомоло-
гиялык) байкоо жүргүзүү жана безгекти жугузгучтар менен натыйжалуу
күрөшүү үчүн метеорологиялык шарттар (абанын температурасы, салыштырма
нымдуулук, жаан-чачындын өлчөмү жана шамалдын күчү) жөнүндө маалымат-
тарды жума сайын берүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги безгектин алдын
алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жалпы билим берүүчү мектептерде, ор-
то жана жогорку окуу жайларында агартуу иштерин жүргүзүүнү уюштурсун.
9. "Кыргыз Республикасында безгек оорусуна чалдыгууга каршы
күрөшүүнүн жана анын алдын алуунун 2003-жылга карата чаралары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы N 330 токтому
күчүн жоготту деп табылсын.
10. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев