Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 470
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцяларына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартиби (1-тиркеме);
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцяларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2012-жылдын 31-декабрына чейин студенттерди кесиптик орто билим берүүчү уюмдан окуудан чыгарган учурда окутуу акысынын (бюджеттик негиздеги) бөлүгүн төлөө маселесин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |