КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 470
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 токтомунун редакцясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартиби (1-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун студенттерин которуу, кайра кабыл алуу, окуудан чыгаруу жана аларга академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобо (2-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо (3-тиркеме);
- Кыргыз Республикасында кесиптик орто билим берүүнүн окуу-усулдук кеңеши тууралуу жобо (4-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун студенттеринин өндүрүштүк (кесиптик) практикасы жөнүндө жобо (5-тиркеме).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 токтомунун редакцясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2012-жылдын 31-декабрына чейин студенттерди кесиптик орто билим берүүчү уюмдан окуудан чыгарган учурда окутуу акысынын (бюджеттик негиздеги) бөлүгүн төлөө маселесин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |