Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2013-жылдын 16-ноябры № 9-р
жарандар Т.Балтабаевдин, И.И.Исаковдун, А.Артыковдун, Т.Б.Мамытовдун, Х.З.Коркмазовдун өтүнүчтөрүнүн негизинде "Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө" Жобонун 12-пунктунун 2-абзацынын конституциялуулугун таануу жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын;
кайрылуучу тараптар: Т.Балтабаев, И.И.Исаков, А.Артыков, ошондой эле ишеним каттын негизинде аракеттенген М.Оморовдун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним катынын негизиндеги өкүлдөрү У.Ж.Асанов, Ж.У.Мукамбетовдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-, 6-, 7-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралында № 82 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө" Жобонун 12-пунктунун 2-абзацынын (мындан ары - Жобо) конституциялуулугун таануу жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.
Жаран Т.Балтабаевдин, И.И.Исаковдун, А.Артыковдун, Т.Б.Мамытовдун, Х.З.Коркмазовдун өтүнүчтөрү каралуучу иштин себептери болуп саналат.
Ишти кароого негиз болуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясына арыздануучу менен талаш-тартыш болгон Жобонун белгилүү ченеминин ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.
Судья М.Р.Бобукееванын маалыматын, тараптардын түшүнүктөрүн жана өкүлдөрдүн сөздөрүн угуп, жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жаран Т.Балтабаевден, И.И.Исаковдон, А.Артыковдон, Т.Б.Мамытовдон, Х.З.Коркмазовдон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралында № 82 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө" Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы (мындан ары - Жобо) конституциялуу эместигин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2- жана 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1- жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө өтүнүчтөр түшкөн.
Жогоруда аталган жарандардын кайрылуулары боюнча, Жобонун 12-пунктунун биринчи абзацына ылайык, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн дайындалган пенсиялар, пенсионер эмгек акы же башка киреше алгандыгына карабастан толугу менен төлөнөт. Бирок ушул эле Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык, жогорку саясий кызмат орундарына дайындалган мамлекеттик органдардын жетектөөчү кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасына сиңирген эмгегине жараша белгиленген пенсияга пенсиянын жогорулатылган өлчөмүн пайыз менен төлөө Комиссиянын чечими боюнча алар ээлеген кызмат ордун бошоткон шартта жүргүзүлөрү белгиленген.
Арыз ээлеринин ой-пикирлери боюнча Жобонун талаш-тартыш болгон ченеми пенсионерлеринин айрым категорияларына Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсиянын жогорулатылган өлчөмүн пайыз менен төлөөнү токтотуунун негизи болуп калды, анткени алар белгилүү мамлекеттик кызмат орундарын ээлешет.
Бул чектөө Конституциянын талаптарына карама-каршы келгендигин арыз ээлери тастыкташат, ал айрым пенсионерлердин менчигине болгон кол тийбестигине, башкача айтканда алардын менчиги болуп саналган, пенсияны толук өлчөмүндө алууга Конституция менен бекемделген укуктарын бузууда. Иштеген жана иштебеген пенсионерлер бирдей эмес абалга коюлган жана белгилүү мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген пенсионерлерге карата дискриминацияга жол берилген, ошондой эле кесипти жана кылган кесибинин түрүн тандоого укуктары чектелген.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен 2013-жылдын 13-августундагы конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Соттук жыйналышта кайрылуучу тарап өзүнүн талабын колдоп, аны канааттандырууну суранды.
Жоопкер тарап өтүнүчтүн жүйөлөрү эч негизсиз деп, коюлган талаптары менен макул болбостон аны канааттандыруусуз калтырууну сурады.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык пенсия кыймылдуу мүлк катары жарандык укук объекттеринин категориясына кирет. Буга ылайык, кандай гана шартта болбосун, пенсиядан ажыратуу же алып салуу учурлары каралган эмес.
Бирок пенсиядан айырмаланып, пенсияга кошумча төлөө жарандарга менчик укугунда тиешелүү болгон мүлккө кирбейт, анткени мамлекет тарабынан республикалык бюджеттен камсыздандыруу принциптерин эсепке албастан, белгиленет жана төлөнүп берилет.
Ошентип, өзүнүн белгилениши, каржылоо булагы жана белгиленген тартиби боюнча пенсияга үстөк төлөө пенсиядан айырмаланып турган табияты бар.
Ошондуктан, "Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык берилген тиешелүү ыйгарым укуктардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үстөктөрдү белгилөө, ошондой эле алардан ажыратуу жөнүндө маселелерди чечүүгө укугу бар.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, республикалык бюджеттин каражаттарынын чыгашаларын калктын жарды катмарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө карата кайра багыттап бөлүштүрүшү боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында 2008-жылдын 29-апрелинде жогоруда аталган Жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй тыянактарга келет:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылуунун ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошондой эле, Конституциялык палата карап жаткан иш боюнча кароонун предмети болуп, жогоруда көрсөтүлгөн төмөнкү мазмундагы Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы менен: "Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри боюнча жогорку саясий кызмат орундарына дайындалган мамлекеттик органдардын башкаруучу кызматкерлерине, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасына дайындалган пенсиясынын сиңирген эмгегинин даражасына жараша тиешелүү пайыз менен көбөйтүлгөн көлөмү Комиссиянын чечими боюнча алардын ээлеген кызмат орундарын бошоткондон кийин төлөнөт", - деп белгиленет. Бул ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө Мамлекеттик реестрине киргизилген жана азыркы учурда колдонуудагы болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасы социалдык мамлекеттин конституциялык принцибин ишке ашырууга мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт (9-беренесинин 3-бөлүгү). Көрсөтүлгөн ченемдин негизинде, мыйзам чыгаруучу камсыз кылуунун түрлөрүн, аларды колдонуу укугуна ээ болуунун тартибин жана шарттарын, тигил же бул социалдык төлөмдөрдү алуучулардын тобун белгилөөгө укуктуу.
Мамлекеттин негизги конституциялык милдеттери болуп, жарандарга мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдигин берүү саналат.
Жарандардын пенсиялык камсыз болуу конституциялык укугу "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" мыйзамдарында бекитилген.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар мамлекеттик бюджеттен кошумча төлөп берүүлөр менен жалпы негиздерде саналат. Анын үстүнө, көрсөтүлгөн мыйзамдын 28-беренеси иштеген пенсионерлерге пенсия, алган айлык акысын эсепке албастан, толук өлчөмдө төлөнөт деп аныктайт.
Демек, жарандардын Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгектерин таанып, мамлекет аларды социалдык жактан коргоону жүргүзүү боюнча эл алдында укуктук милдеттенмелерди өзүнө алган.
Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алууга негиз болуп, жарандын мамлекеттик, коомдук жана чарба ишмердүүлүк, илим, техника, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт жаатында, Ата Мекенди коргоодогу эмгеги үчүн ардактуу наамдар жана мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленген Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги саналат.
Мында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиянын курамдык бөлүгү болуп саналган үстөктөрдү алып таштоо үчүн кандайдыр бир негиздерди алдын ала карабайт.
Бирок, Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы саясий жана атайын кызмат орундарынын мамлекеттик реестрине ылайык жогорку саясий кызмат орундарына дайындалган адамдарга, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасына пенсиянын курамдык бөлүгү болуп саналган үстөктү төлөөнү чектөөлөрдү ишке ашырат.
Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акты тарабынан мындай чектөөнү, жарандардын социалдык абалынан улам алып киргизүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келип турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
Талаш-тартыш болгон жобонун ченеми, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө дагы карама-каршы келет, ага ылайык, эч ким кемсинтүүгө туш болууга мүмкүн эмес, анын ичинде адамдын социалдык сапатынын белгилери боюнча да. Адамдын социалдык сапаты келип чыгышын, мүлктүк жана кызмат абалын, диний жана коомдук уюмдарга тиешелүүлүгүн, жашаган ордун камтыйт. Бул сапаттар адамдын өзүнө байланыштуу болот жана өзгөрүп турушу да мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген басмырлабоо принциби адамдын социалдык же башка сапаттарына байланыштуу, ага тиешелүү укуктарды, эркиндигин же милдеттерин кысууну болтурбоо үчүн шарттарды түзүүнү карайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ошондой эле, мыйзам алдында бардык адамдардын укугу бирдей принцибин бекемдейт (16-беренесинин 3-бөлүгү). Демек, ченем чыгаруучу орган өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиянын курамдык бөлүгү болуп саналган үстөктү төлөөнү чектөө менен, белгилүү мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясынын төрагасынын кызмат ордун ээлеген пенсионерлерди жана башка тармактарда иштеген пенсионерлерди бирдей эмес шартка койду. Мындай мааниде адамдардын ар бир топторуна карата белгиленген укуктардын кепилдиктери ушул топтун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей болушу керек.
Ошондуктан, ченем чыгаруучу орган Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсияны жана төлөп берүүнүн шарттарын жана тартибин белгилөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, андан адам бир конституциялык укукту жүзөгө ашыруу менен, башка укукту жүзөгө ашыра албай турган укуктук жөнгө салууга дуушар болуп жаткандыгын эске алышы керек.
Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине ылайык жогорку саясий кызмат орундарына дайындалган мамлекеттик органдардын жетектөөчү кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасына сиңирген эмгегине жараша белгиленген пенсияга пенсиянын жогорулатылган өлчөмүн пайыз менен төлөө алар ээлеген кызмат ордун бошоткон шартта жүргүзүү алардын кызмат абалына жана эмгекке болгон мамилесине карабастан, жарандардын конституциялык тең укуктуулук жана эркиндик принцибин бузат жана 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнөн жана 20-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнөн келип чыккан максаттар менен баалуулуктар Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен корголот деген көз караш менен акталган деп таанууга болбойт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралында № 82 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө" Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы конституциялуу эмес деп таанылсын.
Жаран Т.Балтабаевдин, И.И.Исаковдун, А.Артыковдун, Т.Б.Мамытовдун, Х.З.Коркмазовдун өтүнүчтөрү канааттандырылсын.
2. Чечим акыркы болуп жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
|
| |