Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 374
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 213-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бешке" деген сөз "элүү бешке" деген сөздөр менен жана "онго" деген сөз "жетимиш бешке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "онго" деген сөз "жетимиш бешке" жана "он бешке" деген сөздөр "жүзгө" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бештен онго чейинки" деген сөздөр "элүү беш өлчөмүндө" жана "жыйырма" деген сөз "жетимиш бешке" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Жыйырманчы глава төмөнкүдөй мазмундагы 2131-1-берене менен толукталсын:
"213-1-берене. "Аба кемелерин эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
Аба кемелерин учууга уруксат берүү тартибин, же учууга даярдоо жана учуу эрежелерин бузуу, ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө каралган учурлардан тышкары, эгер бул аракеттер байкабастыктан жапа чеккен адамдын саламаттыгына жеңил залал келтирсе, -
Жабыр тарткандын ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымын төлөө менен жарандарга жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө аба кемесин башкаруу укугунан ажыратууга; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга кириптер кылат.
Бузуктары бар, учууну аткарууга тыюу салынган аба кемеде учуу, же жүргүнчүлөрдү салуу (жүк көтөрүү) нормаларын, же аба кеменин учуу массасын же центровкасын бузуу менен учуп чыгуу, -
Аба кеменин командирине жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга же аба кемени башкаруу укугун бир жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга кириптер кылат.
Алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын аба кемени башкаруусу, же аба кемени башкарып жаткан адамдын алкоголь, наркотик каражат, же башка баңги кылуучу заттарды колдонуудан улам мас экендигин белгиленген тартипте медициналык текшертүүдөн баш тартуу, же аба кемени башкарууну алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын башкаруусуна берүү, -
Аба кемени башкаруу укугунан эки жылдан үч жыл мөөнөткө чейин ажыратууга кириптер кылат.
Бортунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген издөөчү жана авариялык-куткаруучу каражаттары жок аба кемелеринин учууларды аткарышы, -
жарандарга жыйырмадан отузга чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга кириптер кылат; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.
3. 508-берене "151-157" сандарынан кийин 213-1-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 518-берене "211" деген сандан кийин ", 213-1-статьянын 1 жана 4 бөлүктөрү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул долбоору акыркы мезгилдерде Кыргыз Республикасында авиакырсыктар көбөйүп кеткендигине байланыштуу аба кемелерин башкаруучулардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында киргизилип олтурат.
Ошондой болсо да, 1998-ж. 04.08 № 115 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аракетке киргизген административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде авиаташуучулардын жоопкерчилигин аныктоо жана жогорулатуу бөлүгүндө "Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан ишкерчилик менен алектенүү, жана лицензиялоонун шарттарын жана эрежелерин бузуу" 213-статьяда каралган (05.03.07-ж. № 32 жана 04.08.08-ж. № 185 КРнын Мыйзамдарынын редакциясы), бирок каралган санкциялар административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди калыс кароого жана алардын алдын алууга авиаташуучулардын жоопкерчилигин тийиштүү деңгээлде аныктабайт.
Мындан тышкары, жеке адамды коргоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин, калктын саламаттыгын, санитардык-эпидемиологиялык ыңгайын, коомдук нравалуулукту, менчикти жана жаратылыш чөйрөсүн коргоо маселелери чечилбейт.
Бүгүнкү күндүн чындыгынан улам, "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине" авиаташуучулардын жоопкерчилигин аныктоо жана жогорулатуу бөлүгүнө оңдоо киргизүү зарыл.
Ошол эле убакта, жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, киргизилген өзгөрүүлөр башка унаадагы административдик укук бузууларга караганда бир кыйла айырмаланып, дисбалансты жаратып тураары байкалат. Бирок, аба унаасы унаалардын өзгөчөлөнгөн, кызмат түрү болуп саналат жана жүргүнчү аба кемесине билет сатып алып жаткан убакта, анын төлөгөн билетинин наркына бир гана ташуу кызматы кирбестен, ошондой эле анын коопсуздугун камсыздандыруу да кирет. Ошол эле учурда авиаташуучулардын жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүнөн түшкөн чоң өлчөмдөгү кирешеге карабастан, жарандардын коопсуздугун камсыздандырууга жетишээрлик көңүл бурулбай келет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен жана Юстиция министрлигинен сунуштар түштү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин чегинде, пикир келишпестик матрицасы түзүлүп, кайрадан макулдашуулар жүргүзүлдү.
Коомдо талкуулоо максатында, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына ылайык, "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин электрондук сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилди.
Талкуунун жүрүшүндө, авиаташуучулардын жоопкерчилигин арттыруу максатында, айып өлчөмүн которуу тууралуу сунуштар түштү жана ал сунуштар эске алынды.
Жогоруда келтирилгендердин негизинде, административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорунда каралган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл деп эсептейбиз.
Министр | З.Рысалиев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ Киргизилген өзгөртүүлөр │
│ Административдик жоопкерчилик │ жана толуктоолор │
│ жөнүндө Кодекси │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│213-статья. Транспорт каражаттарын│213-статья. Транспорт каражаттарын│
│ пайдаланууга │ пайдаланууга │
│ байланышкан ишкердикти│ байланышкан ишкердикти│
│ жүргүзүү жана аны │ жүргүзүү жана аны │
│ лицензиялоонун │ лицензиялоонун │
│ шарттарын жана │ шарттарын жана │
│ эрежелерин бузуу │ эрежелерин бузуу │
│ │ │
│Транспорт каражаттарын пайдалануу,│Транспорт каражаттарын пайдалануу,│
│оңдоо жана техникалык жактан │оңдоо жана техникалык жактан │
│тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө│тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө│
│байланышкан ишкердикти, ошондой │байланышкан ишкердикти, ошондой │
│эле авиациялык ташууларды │эле авиациялык ташууларды │
│аткарууну жана тейлөөнү │аткарууну жана тейлөөнү │
│лицензиясыз (уруксатсыз) │лицензиясыз (уруксатсыз) │
│жүргүзүү - │жүргүзүү - │
│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│
│беш, кызмат адамдарына бештен он │ЭЛҮҮ БЕШКЕ, кызмат адамдарына │
│өлчөмүнө чейин администрациялык │бештен ЖЕТИМИШ БЕШКЕ өлчөмүнө │
│айып салууга алып келет. │чейин администрациялык айып │
│Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │салууга алып келет. │
│каралган ошол эле аракеттерди │Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │
│администрациялык жаза чарасы │каралган ошол эле аракеттерди │
│колдонулгандан кийин жыл ичинде │администрациялык жаза чарасы │
│кайталанып жасаганда - │колдонулгандан кийин жыл ичинде │
│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│кайталанып жасаганда - │
│он, кызмат адамдарына ондон он беш│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│
│өлчөмүнө чейин администрациялык │он, кызмат адамдарына ЖЕТИМИШ │
│айып салууга алып келет. │БЕШКЕ ЖҮЗГӨ өлчөмүнө чейин │
│Ташуучу, транспорттук- │администрациялык │
│экспедициялык жана транспорт │айып салууга алып келет. │
│каражаттарын пайдаланууга, оңдоого│Ташуучу, транспорттук- │
│жана техникалык жактан тейлөөгө │экспедициялык жана транспорт │
│байланыштуу башка ишкердикти │каражаттарын пайдаланууга, оңдоого│
│лицензиялоонун (уруксат берүүнүн) │жана техникалык жактан тейлөөгө │
│шарттарын жана эрежелерин бузуу - │байланыштуу башка ишкердикти │
│жарандарга - эсептешүү │лицензиялоонун (уруксат берүүнүн) │
│көрсөткүчтүн бештен онго чейинки, │шарттарын жана эрежелерин бузуу - │
│кызмат адамдарына жыйырма │жарандарга - эсептешүү │
│өлчөмүндө администрациялык айып │көрсөткүчтүн ЭЛҮҮ БЕШ ӨЛЧӨМҮНДӨ, │
│салууга алып келет. │кызмат адамдарына ЖЕТИМИШ БЕШКЕ │
│ │өлчөмүндө администрациялык айып │
│ │салууга алып келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │Жыйырманчы глава төмөнкүдөй │
│ │мазмундагы 213-1-берене менен │
│ │толукталсын: │
│ │"213-1-берене. "Аба кемелерин │
│ │ эксплуатациялоо │
│ │ эрежелерин бузуу │
│ │ │
│ │Аба кемелерин учууга уруксат берүү│
│ │тартибин, же учууга даярдоо жана │
│ │учуу эрежелерин бузуу, ушул │
│ │берененин 2-4-бөлүктөрүндө │
│ │каралган учурлардан тышкары, эгер │
│ │бул аракеттер байкабастыктан жапа │
│ │чеккен адамдын саламаттыгына жеңил│
│ │залал келтирсе, - │
│ │Жабыр тарткандын ден соолугун │
│ │калыбына келтирүүгө кеткен │
│ │материалдык чыгымын төлөө менен │
│ │жарандарга жыйырмадан отузга │
│ │чейинки эсептик көрсөткүч │
│ │өлчөмүндө, же үч айдан алты айга │
│ │чейинки мөөнөткө аба кемесин │
│ │башкаруу укугунан ажыратууга; │
│ │кызмат адамдарына - кырктан элүүгө│
│ │чейинки эсептик көрсөткүч │
│ │өлчөмүндө жана юридикалык жактарга│
│ │- жүздөн жүз онго чейинки эсептик │
│ │көрсөткүч өлчөмүндө │
│ │административдик айып салууга │
│ │кириптер кылат. │
│ │Бузуктары бар, учууну аткарууга │
│ │тыюу салынган аба кемеде учуу, же │
│ │жүргүнчүлөрдү салуу (жүк көтөрүү) │
│ │нормаларын, же аба кеменин учуу │
│ │массасын же центровкасын бузуу │
│ │менен учуп чыгуу, - │
│ │Аба кеменин командирине жыйырма │
│ │эсептик көрсөткүч өлчөмүндө │
│ │администрациялык айып салууга же │
│ │аба кемени башкаруу укугун бир │
│ │жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга │
│ │кириптер кылат. │
│ │Алкоголго, наркотик каражатка же │
│ │башка баңги кылуучу заттарга мас │
│ │абалдагы адамдын аба кемени │
│ │башкаруусу, же аба кемени башкарып│
│ │жаткан адамдын алкоголь, наркотик │
│ │каражат, же башка баңги кылуучу │
│ │заттарды колдонуудан улам мас │
│ │экендигин белгиленген тартипте │
│ │медициналык текшертүүдөн баш │
│ │тартуу, же аба кемени башкарууну │
│ │алкоголго, наркотик каражатка же │
│ │башка баңги кылуучу заттарга мас │
│ │абалдагы адамдын башкаруусуна │
│ │берүү, - │
│ │Аба кемени башкаруу укугунан эки │
│ │жылдан үч жыл мөөнөткө чейин │
│ │ажыратууга кириптер кылат. │
│ │Бортунда Кыргыз Республикасынын │
│ │мыйзамдарында белгиленген издөөчү │
│ │жана авариялык-куткаруучу │
│ │каражаттары жок аба кемелеринин │
│ │учууларды аткарышы, - │
│ │жарандарга жыйырмадан отузга чейин│
│ │эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү │
│ │администрациялык айып салууга │
│ │кириптер кылат; кызмат адамдарына │
│ │- кырктан элүүгө чейинки жана │
│ │юридикалык жактарга - жүздөн жүз │
│ │онго чейинки эсептик көрсөткүч │
│ │өлчөмүндө администрациялык айып │
│ │салууга кириптер кылат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│508-статья. Судьялар │508-статья. Судьялар │
│ │ │
│Райондук, шаардык соттордун │Райондук, шаардык соттордун │
│судьялары ушул Кодекстин 57-64, │судьялары ушул Кодекстин 57-64, │
│66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │
│85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │
│92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │
│147, 148, 149, 149-1, │147, 148, 149, 149-1, │
│151-157-статьяларында, │151-157-статьяларында, │
│228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │213-1-БЕРЕНЕНИН 2 ЖАНА │
│230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │3-БӨЛҮКТӨРҮ, │
│232-статьянын экинчи жана үчүнчү │228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│бөлүктөрүндө, 234-статьянын │230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын │232-статьянын экинчи жана үчүнчү │
│бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, │бөлүктөрүндө, 234-статьянын │
│240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын │
│241-статьянын биринчи, үчүнчү жана│бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, │
│төртүнчү бөлүктөрүндө, │240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │241-статьянын биринчи, үчүнчү жана│
│246, 250-статьяларында, │төртүнчү бөлүктөрүндө, │
│254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│264, 265, 271, 273, │246, 250-статьяларында, │
│277-статьяларында, 286-статьясынын│254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │
│экинчи бөлүгүндө, │264, 265, 271, 273, │
│286-1-статьясында, 289-статьясынын│277-статьяларында, 286-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│экинчи бөлүгүндө, │
│301-2, 301-3-статьяларында, │286-1-статьясында, 289-статьясынын│
│302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│
│305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │301-2, 301-3-статьяларында, │
│төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│
│339-345, 346-1, 354, 363, 364, │305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │
│368, 369, 370, 371, 373, 374, │төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │
│382-статьяларында, 390-статьясынын│339-345, 346-1, 354, 363, 364, │
│экинчи бөлүгүндө, 391, │368, 369, 370, 371, 373, 374, │
│392-395-статьяларында, │382-статьяларында, 390-статьясынын│
│400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │экинчи бөлүгүндө, 391, │
│400-1, 400-2-статьяларында, │392-395-статьяларында, │
│404-406, 409-1, 409-2, │400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │
│412-статьяларында, 417-статьясынын│400-1, 400-2-статьяларында, │
│биринчи бөлүгүндө, 420, 422, │404-406, 409-1, 409-2, │
│422-1 - 422-4, 454, 464, 466-468, │412-статьяларында, 417-статьясынын│
│476, 505-1 - 505-10-статьяларында │биринчи бөлүгүндө, 420, 422, │
│каралган администрациялык укук │422-1 - 422-4, 454, 464, 466-468, │
│бузуулар жөнүндө иштерди карайт │476, 505-1 - 505-10-статьяларында │
│жана администрациялык жаза │каралган администрациялык укук │
│чараларды көрөт. Ушул Кодекстин │бузуулар жөнүндө иштерди карайт │
│503-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│жана администрациялык жаза │
│504-10, 504-14, 504-16, 504-17, │чараларды көрөт. Ушул Кодекстин │
│504-19, 504-23, 504-32, 504-33, │503-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│
│504-36, 505, 505-17-статьяларында │504-10, 504-14, 504-16, 504-17, │
│каралган администрациялык укук │504-19, 504-23, 504-32, 504-33, │
│бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай │504-36, 505, 505-17-статьяларында │
│администрациялык укук бузуу │каралган администрациялык укук │
│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай │
│орган же кызмат адамы судьянын │администрациялык укук бузуу │
│кароосуна өткөрүп берген учурларда│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│
│судьялар тарабынан каралат. │орган же кызмат адамы судьянын │
│ │кароосуна өткөрүп берген учурларда│
│ │судьялар тарабынан каралат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│518-статья. Аба транспортунун │518-статья. Аба транспортунун │
│ органдары │ органдары │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын аба │Кыргыз Республикасынын аба │
│транспортунун органдары ушул │транспортунун органдары ушул │
│Кодекстин │Кодекстин │
│85-1, 211, 222, 252, │85-1, 211, │
│253-статьяларында, 254-статьясынын│213-1-СТАТЬЯНЫН 1 ЖАНА │
│биринчи бөлүгүндө, │4 БӨЛҮКТӨРҮ, 222, 252, │
│255-258-статьяларында, │253-статьяларында, 254-статьясынын│
│410-статьяларында каралган │биринчи бөлүгүндө, │
│администрациялык укук бузуулар │255-258-статьяларында, │
│жөнүндө иштерди карайт. │410-статьяларында каралган │
│Администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндө иштерди кароого жана │жөнүндө иштерди карайт. │
│администрациялык жаза чараларын │Администрациялык укук бузуулар │
│көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: │жөнүндө иштерди кароого жана │
│- аба транспорту департаментинин │администрациялык жаза чараларын │
│директору жана анын орун басары; │көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: │
│- аба транспорт департаментинин │- аба транспорту департаментинин │
│лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы; │директору жана анын орун басары; │
│- аэропорттордун башчылары жана │- аба транспорт департаментинин │
│алардын орун басарлары; │лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы; │
│- учуу коопсуздугу кызматынын │- аэропорттордун башчылары жана │
│башчылары. │алардын орун басарлары; │
│ │- учуу коопсуздугу кызматынын │
│ │башчылары. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘