Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «26-февралында № 105 токтому менен бекитилди |
1. Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча бул Убактылуу нускама (мындан ары -Нускама) бошотууга даярдалып жаткан соттолгондорго жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга мамлекеттик органдардын социалдык көмөгүнүн жана башка жардам көрсөтүүсүнүн тартибин белгилейт.
2. Бул Нускамада колдонулган негизги түшүнүктөр:
социалдык көмөк көрсөтүү - соттолгондор бошотулганда жана аларды коомго интеграциялоодо турмуштук оор жагдайга кабылган учурларында эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жактан жайгаштыруу максатындагы социалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн жыйындысы.
социалдык көмөк көрсөтүү объекти - бошотууга даярдалып жаткан соттолгондор жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган, турмуштук оор жагдайга кабылган адамдар.
социалдык көмөк көрсөтүү субъекти - бошотууга даярдалып жаткан соттолгондорго жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык көмөк көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана менчиктик формасына карабастан көмөк көрсөтүүчү башка уюмдар;
социалдык кызматкер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык көмөк көрсөтүү объектине социалдык көмөк керсөтүүнү ишке ашыруучу адис;
социалдык карта - социалдык көмөк көрсөтүү объекти болгон адамга карата социалдык кызматкер (ыйгарым укуктуу) тарабынан толтурулуучу жана жүргүзүлүүчү энчилүү маалымат документи.
3. Бул Нускаманын максаты - бошонууга даярданып жаткан соттолгондордун жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган, турмуштук оор жагдайга кабылган адамдардын социалдык маселелерин чечүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
4. Бул Нускаманын милдети бошонууга даярданып жаткан соттолгондорго жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
5. Түзөтүү мекемесинен бошонууга даярданып жаткан адам менен түзөтүү мекемесинин администрациясынын ортосунда эмгек жана турмуш-тиричилик жактан жайгаштырууга социалдык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүлөт. Макулдашуунун типтүү формасы Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
6. Бошонууга даярданып жаткан соттолгондорго социалдык көмөк жана башка жардам көрсөтүү үчүн түзөтүү мекемелери, жазык аткаруу инспекциялары жана социалдык өнүгүү органдары тарабынан социалдык, медициналык, юридикалык муктаждыктарды жана социалдык көмөк көрсөтүү планын камтыган социалдык көмөк көрсөтүү объектинин социалдык картасы түзүлөт.
7. Бошотууга даярданып жаткан соттолгондордун материалдык жактан көз карандысыздыгын камсыздоо максатында, мекеменин администрациясы өндүрүшү болгон учурда, соттолгонду пландуу бошотууга чейин бир жыл мурда, анын макулдугу менен жеке анын саламаттыгын эске алып, акы төлөнүүчү жумушка жиберет.
8. Соттолгонду пландалган бошотууга чейин 6 ай мурда, түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондун жашаган жерин тандап алуусу жана материалдык-тиричилик жактан жайгаштыруу маселелери боюнча ага социалдык көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, аймактык жумушка орноштуруу кызмат органдарына, жазык-аткаруу инспекцияларына суроо-талаптарды жиберет.
Бошото турган күндү мурдатан белгилөө мүмкүн болбогон, ченемдик укуктук актылар же соттун чечими кабыл алынган учурда, аталган иш башка мөөнөттө башталышы мүмкүн.
9. Тандап алынган жашай турган жери боюнча эмгек жана тиричиликтик жайгаштыруу мүмкүндүгүнүн жоктугу жөнүндө жооп алынган учурда, мекеменин администрациясы бошотууга даярдалып жаткан соттолгонго бул тууралуу билдирет жана ал бошотулгандан кийин жергиликтүү мамлекеттик органга калкты жумушка орноштуруу борборунда каттоого алууда ага көмөк көрсөтүү жөнүндө маалымдайт.
10. Кургак учук, ВИЧ/СПИД, баңгилик же кошумча жугуштуу оорулар менен ооруган соттолгон бошотулганда түзөтүү мекемесинин медициналык кызматкерлери тарабынан Улуттук фтизиатрия борборуна, Республикалык СПИД борборуна, Республикалык наркология борборуна, зыянды азайтуу программасына жана башка жарандык медициналык мекемелерге тиешелүү эсепке алуу, дарылоону улантуу үчүн кабар жөнөтүлөт.
11. Соттолгонду бошотууда түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп бүткөн соттолгондорго суткалык тамак-аш ченемине ылайык 3 күнгө тамак-аш азыктары берилет.
12. Түзөтүү мекемесинин администрациясы түзөтуү мекемелеринен бошотулган адамдарга, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык камсыздандыруунун полиси менен камсыздоо максатында, аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу органдары менен келишимдерди түзүүдө көмөк көрсөтөт.
13. Түзөтүү мекемесинин атайын бөлүмүнүн (мындан ары - атайын бөлүм) соттолгон адамдын жекече ишинде паспортунун жоктугу жөнүндө маалымкатынын, ошондой эле соттолгондун паспортун калыбына келтирүү жөнүндө арызынын негизинде мекеменин администрациясы анын паспортун тариздөө тууралуу чечимди буйругу менен бекитет.
14. Түзөтүү мекемесинин администрациясы калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык органдар менен бирге соттолгонго жаза өтөгөн жери боюнча паспортун тариздөөгө көмөк көрсөтөт.
15. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык органдар жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринен соттолгондорго паспортторду берүү тизмесин алгандан кийин мыйзамдарга ылайык төмөнкү иш-чараларды жүргүзүшөт:
- түзөтүү мекемеси менен бирге документтерди кабыл алуу жана тариздөө графигин бекитет;
- түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондорду тиешелүү так отчеттук бланктар менен камсыз кылышат;
- соттолгонго паспорт берүү үчүн негиздер болбосо, бардык берилген документтер коштоочу кат менен кошо себептери көрсөтүлүп түзөтүү мекемесине кайтарылат;
- соттолгондордун мурда паспорт алгандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жөнүндө ырастаган маалыматтарды белгилешет;
- соттолгонго паспорт даярдоо үчүн документтерди белгиленген тартипте тариздешет жана жөнөтүшөт.
16. Соттолгондордун даярдалган паспорттору калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык органдардын кызматкерлери тарабынан коштоочу кат менен бирге түзөтүү мекемесинин дарегине жөнөтүлөт, мында паспортторду кабыл алуу - өткөрүү акты түзүлөт. Актылар түзөтүү мекемелеринин жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык органдын жетекчилери тарабынан бекитилет.
17. Таризделген паспортту алып, түзөтүү мекемесинин атайын эсепке алуу бөлүмүнүн кызматкери соттолгон адам менен бирге жазылган маалыматтардын туура экендигин текшерет, андан кийин паспорт соттолгондун жекече ишинин материалдарына тиркелет жана ага бошонгондо колуна берилет.
18. Паспортту калыбына келтирүүгө байланышкан чыгымдарды төлөө соттолгон адамдын, анын туугандарынын же башка кызыкдар адамдардын жана уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
19. Дарылоо-алдын алуу уюмдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же түзөтүү мекемелеринин администрацияларынын жолдомосу боюнча түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарды, бошонгондугу жөнүндө маалымкатты көрсөткөндө каттап, эсепке алышат.
20. Дарылоо-алдын алуу мекемелери түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга, алар бошонгондугу жөнүндө маалымкатты жана/же анын инсандыгын (же) күбөлөндүргөн башка документти же медициналык камсыздандыруу полисин көрсөткөндө медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Медициналык жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна пациент кошо акы төлөгөн шартта жүргүзүлөт. Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын көлөмү жана кошо акы төлөө Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасында белгиленет.
21. Түзөтүү мекемесинин администрациясынан түзөтүү мекемесинен бошотулган адамга социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча суроо-талапты алганда, социалдык өнүктүрүү органдарынын социалдык кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык социалдык-укуктук кызматтар көрсөтүлөт.
Социалдык-укуктук кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- социалдык камсыздоо маселелери боюнча кеңеш берүү;
- пенсиялык жана социалдык камсыздоону алуу үчүн документтерди тариздөөдө жардам көрсөтүү;
- үй-интернатка жайгаштыруу үчүн документтерди тариздөөгө жардам көрсөтүү.
22. Социалдык тейлөөдөн баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Адамдарды социалдык тейлөөгө кабыл алуу аймактык социалдык өнүктүрүү органынын буйругу менен чечилет.
24. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган, социалдык тейлөөгө кабыл алынып жаткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын тизмеси, мазмуну жана шарттары менен тааныштырылууга тийиш.
25. Жарандын туруктуу жашаган же убактылуу жашаган жери боюнча медициналык-социалдык экспертиза зарыл болгон учурда аймактык ички иштер органдарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү каттоо менен өткөрүлөт.
Жарандарды медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп таануу жөнүндө жободо аныкталган документтери, анын ичинде түзөтүү мекемелеринен бошонгондугу жөнүндө маалымкат боюнча жүргүзүлөт.
26. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык түзөтүү мекемелеринде кармалган адамдар калктын иш менен камсыз болгондорунун катарына кирет.
27. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамды, жумушсуз же жумуш издеген адам катары таануу үчүн туруктуу жашаган жери боюнча калкты ишке орноштуруу органдарына анын катталышы зарыл.
28. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адам, жумушсуз же жумуш издеген адам катары калкты ишке орноштуруу органдарында катталган учурда, ал акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга укуктуу болот.
29. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар түзөтүү мекемелеринен бошонгон, "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган адамдар үчүн уюштурулат.
30. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдардын билим алуу маселеси боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын профилдик бөлүмүнөн суроо-талап алгандан кийин билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү иш-чараларды ишке ашырат:
- баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдарына кирүү үчүн жолдомо беришет;
- түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарга, билими тууралуу документтерин калыбына келтирүүдө жана алууда көмөк көрсөтүшөт.
31. Тузөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү эсепке алуу жөнүндө түзөтүү мекемелеринин кабарлоосунун негизинде аймактык ички иштер органдары төмөнкү иш-чараларды жүргүзүшөт:
- жзаык-аткаруу инспекциялары, коомдук уюмдар, эмгек жамааттары жана жарандар менен бирге социалдык көмөк көрсөтүү объекттеринин укук бузууларынын алдын алуу боюнча;
- Укукка жат жосундарды жасоого түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды табуу, четтетүү жана жоюу боюнча.
32. Аймактык ички иштер органдары түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарды айына бир жолудан кем эмес жашаган (иштеген) жери боюнча текшерип турушат.