Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик, эл аралык, коомдук уюмдардын, диний конфессиялардын (мындан ары - уюмдар) өкүлдөрүнүн жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине коомдон обочолоо менен байланышкан жазык-укуктук таасир берүүчү жазаларды жана мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине (мындан ары - түзөтүү мекемелери) кирүү тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Түзөтүү мекемелерине атайын уруксаты жок кирүү
2. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген адамдар түзөтүү мекемелерине атайын уруксатсыз кире алат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү түзөтүү мекемелерине атайын уруксат боюнча ушул Жобонун 3-9-пункттарында аныкталган тартипте киришет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Түзөтүү мекемелерине кирүүгө уруксат берүү
3. Түзөтүү мекемелерине кирүүгө уруксат түзөтүү мекемесинин администрациясы же Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан берилет.
Уруксат берүүнүн формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
4. Түзөтүү мекемесине кирүүгө уруксат алыш үчүн уюмдар же жеке жактар түзөтүү мекемесинин администрациясына же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди беришет:
- түзөтүү мекемесине кирүүнүн максатын, датасын жана кирүүгө ниеттенген адамдардын жекече маалымдарын көрсөтүү менен түзөтүү мекемесине кирүү жөнүндө кайрылуу;
- паспорт же өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ;
- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн).
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкү документтерди кошумча сурап алууга укуктуу:
- түзөтүү мекемелеринде ишке ашырыла турган иш-чара боюнча сунуштун/программанын долбоорунун көчүрмөсүн;
- аккредитациялоо жөнүндө документтер (эл аралык жана дипломатиялык миссиялардын баштапкы кайрылуусунда берилет);
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (диний уюмдар үчүн).
Соттолгондорго уюмдар тарабынан медициналык, юридикалык, социалдык, билим берүү кызматтары көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү документтерди сурап алууга укуктуу:
- билими жөнүндө;
- соттолгондугу тууралуу;
- үй-бүлөлүк абалы жөнүндө.
6. Кайрылуу катталган күндөн тартып 7 иш күнүнө чейин каралат. Жыйынтыгы боюнча уруксат берилет же себептери көрсөтүлүп, уруксат берүүдөн баш тартылат.
7. Түзөтүү мекемелерине кирүүгө уруксат берүүдөн төмөнкү себептер/негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:
- түзөтүү мекемелеринде укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту, ошол мекемелердин аймагындагы соттолгондордун, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын, жумушчуларынын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында;
- түзөтүү мекемелеринде ыкчам-режимдик абал курчуганда, соттолгондордун жана башка адамдардын өмүрүнө ачык коркунуч туулган учурларда;
- эгерде мурда мекемеге кирген учурда уюмдардын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталса;
- эгерде уюм өзү жөнүндө жалган маалымат берсе;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер болсо.
8. Мониторинг жүргүзүү жана түзөтүү мекемелеринде өткөрүлгөн иш-чараларга баа берүү максатында, ошондой эле пландаштыруу жана координациялоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюмдардан түзөтүү мекемелеринде жүргүзүлө турган иш-чаралар тууралуу маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
9. Уюмдар тарабынан түзөтүү мекемелеринде жүргүзүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартылган учурда мекемелерге кирүүгө мурда берилген уруксат жокко чыгарылышы мүмкүн.
4. Түзөтүү мекемелерине кирүү
10. Түзөтүү мекемелерине кирүү иш күндөрү (дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 9.00дөн 16.00гө чейин) жүргүзүлөт. Диний ырым-жырымдарды өткөрүү зарылчылыгы келип чыккан учурларда, ошондой эле башка өзгөчө учурларда кирүүгө дем алыш күндөрү да болот (саат 9.00дөн 15.00гө чейин).
11. Соттолгондордун коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу объекттерди киного, сүрөткө жана видеого тартуу жөнүндө маалымат түзөтүү мекемелерине кирүү уруксатында көрсөтүлөт.
12. Соттолгондорду киного, сүрөткө жана видеого тартууга, алардан интервью алууга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын аудио-видео каражаттарын пайдалануу менен, мекеменин администрациясынын жана соттолгондордун өздөрүнүн макулдугу менен уруксат берилет.
Түзөтүү мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылган объекттерди киного, сүрөткө жана видеого тартуу аталган мекемелердин администрациясынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында аталган адамдар тарабынан түзөтүү мекемелерине киного, сүрөткө жана видеого тартуу жабдыктарын алып өтүү жана аларды колдонуу атайын уруксатсыз жүргүзүлөт.
Түзөтүү мекемелеринин администрациясы аларга кирген адамдардын коопсуздугун камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Түзөтүү мекемелерине кирүү түзөтүү мекемесинин администрациясынын контролу алдында болот.